alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
МакалаларРубрикасыз

БАХ ЖАННАТ КАНДАЙ КООЗСУҢ..

Бах Жаннат! Бах Бейиш! Тууралуу уккан адамдын жан дүйнөсү тынчтанып ,өзүнчө ырахаат аласың.  Ким баргысы келбейт Бейишке баары эле каалайт,анткени Аллах Таалам Бейишти мусулмандар үчүн жаратты, алардын жыргалчылыгы,кубанычы,түбөлүк бактылуулугу үчүн даярдап койгон. Бейишке жакшы амалдар кылып жүргөн мусулман пендеси гана бара алат.  Анда сөз башынан болсун Жаннат, Бейиш тууралуу билгиңиз келсе  төмөнкүлөргө көңүл буруп окуп чыгыңыз!
Жаннат! Бейиш!.. бул туурасында адамзаттын алсыз тили толук сайрап бериши, ажыз акылы толук элестете алышы мүмкүн эмес. Ошентсе да, биз бар болгону, Куран жана хадисте келген айрым бир гана маанилерден азыноолак айта кетмекчибиз.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Жаннатта көз көрүп, кулак укпаган, адамдын кыялынан өтпөгөн нерселер бар», — деген.
Анда не бир сонун кооз бактар, шаркырап аккан дарыялар, көз жоосун алган ажайып шаарлар, салкын саялуу жан сергитер жайлар бар. Жер менен жети кабат асмандын кеңдиги да бейишке тең келе албайт. Бейиш мына ушундай кенен-жайкын жай! Анын жыпар жыты 100 жылдык аралыктан келип турат. Бейиш кабат-кабат болуп жаратылган, анын эң жогоркусу «Фирдаус жаннаты» деп аталат. Бул дүйнө жок болуп кетет. Ал эми, бейиш болсо эч жок болбойт.
Бейиштин 100 даражасы бар. Адамдар бул дүйнөдө жакшы иштерди канчалык көп жана көркөм кылгандыктарына карай түрдүү даражада жай алышат.
Бейиштин абасы жанга жагым. Ал суук да эмес, ысык да эмес. Ар дайым жаз мезгилиндегидей мээлүүн болуп турат. Эртең мененки күн чыгар алдындагы ак таң бар го, бейиште мына ошондой таза жана пакиза абал болот. Ал жерде күн болбойт. А бирок, Алланын нуру менен бардык жак жап-жарык болуп турат.
Бейиштин мөмөлөрүнө келсек, алардын канча миң түркүн экенин Алладан башка эч ким билбейт. Алар азыр бышып жетилип, бейишке кирчү адамдарды күтүп турат. Алар эч качан айнып-бузулбайт, жыттанып да кетпейт. Тик туруп үзөм десең да, олтурган жериңден үзөм десең да, жанбаштап жатып үзөм десең да бейиш мөмөлөрү сенин алдыңа келип турат. Алар ушунчалык таттуу дейсиң, анын даамы эч качан жадыңдан кетпейт.
Эгер эт жегиң келип калса, алдыңа түрдүү куштар учуп келишет Сен кайсынысын тандасаң, ал ошол замат каалаганыңдай бышып, алтын идиште алдыңа келет.
Бейиште бир адамга миң кызматчы болот. Алар ар убак азык-оокат алып келишкенде, алтын идиште дүйүм тамактарды, кадактарда түркүн ичимдиктерди алып келишет. Тандаган даам-тамагыңдан каалашыңча жей бересиң. Каалаган ичимдигиңден канганча иче бересиң. Кардың толуп кетпейт. Тамактан кийин заара ушатуу, заң чыгаруу деген болбойт. Жеген оокатың жеңил терге айланып, өзү чыгып кете берет. Денеңден чыккан терден ажайып атырдын жыты келет. Бейиште чимкиринүү, түкүрүнүү, жөтөлүү, шамалдоо, сыркоолоо жок. Алла ал жерде бардык адамдарга жаңыдан дене пайда кылып берет. Денеңде кан, какырык, ириң болбойт. Дем алып, дем чыгарганыңда оозуңдан өз-өзүнөн хамду-сана жана тасбих чыга берет. Бейиште ар бир адамга тамак жеп-ичүү жана башка иштер үчүн 100 адамдын күчү берилет.
Бейишке кирерде кемпирлер жаш кыздарга айланышат. Чалдар жигит болушат. Бейиште бардык адамдар бирдей куракта, 33 жашта болушат. Эч ким карыбайт, өлбөйт. Ар дайым жаш жана чырайлуу болуп жүрө беришет. Бейиште бир базар болот.
Бейиште бир деңизде суу, бир деңизде сүт, дагы бир деңизде бал, башка бир деңизде ичимдиктер болот. Мына ошол деңиздерден дарыялар агып чыгат. Дарыялар үйлөрдүн астынан агып өтөт, бирок, эч кимге зыян келтирбейт. Ал жерде дагы бир дарыя бар. Ал дарыянын боюнда сулуу кыздар болот. Алар эң бир мукам үн менен ыр ырдашат. Адамдар келип алардын ырларын угушат. Мындай үндү дүйнөдөн али эч ким укпаган. Ошол кыздардын кайсы бири кимдир бирөөгө жагып калса, Алла аны ошол адамга тартуу кылат. Анын ордуна Алла ошол замат дагы башкасын жаратып коёт. Бейиште Алла ар бир кишиге, ага кызмат кылсын үчүн 72 кыз соога кылат. Алардын экөөсү бейиштин үрлөрүнөн, жетимиши бул дүйнөдөгү кыз-келиндерден болот. Бейиште аял-кыздар үчүн да абдан көп-көп жакшылыктарды даярдап койгон.
Бул дүйнөдө кем амал кылган, бейишке баарынан кийин кирип, эң аз сыйлык ала турган адам тууралуу айтсак, ал адамга бейиште бериле турган бактар, гулзарлар жана шаарлар азыр биз жашап турган дүйнөгө ушул дүйнөдөн дагы 10у кошуп берилет. Мына көрдүңүзбү? Бейиштеги эң аз сыйлык ушундай болгон соң, эми абдан көп амал кылган адамга бериле турган сыйлыкты кандай элестетсе болот?
Бейиштин шаар жана көчөлөрү, үй-имарат жана сарайлары, короо-жайлары алтын-күмүштөн, жакут жана забаржаддан, марварид жана зумруддан болот. Жеринде чаң жана кирлер жок. Топурагы жагымдуу жыт тарата турган заъфарон болот. Жаннатка кирген адамдарда иренжүү, жек көрүү, көңүл калуу, жийиркенүү, капалануу, кайгыруу, кооптонуу, коркуу деген сыяктуу сезимдер болбойт о.э. аларда чарчоо деген нерсе да болбойт.
Айтор, адамдарга эмне жакса, анын бардыгы жаннатта. Адамдарга эмне жакпаса, анын баары жаханнамда болот.
Урматтуу боордоштор, жаннат мына ушундай, ага шашылгыла!
Бейиштин акыйкат экендигине, анын момундар үчүн даярдап коюлуп, капырлардын андан түбөлүк куру жалак калгандыгына ыйман келтирүү акырет күнүнө болгон ыймандын бир бөлүгү эсептелет.
ЭМИ БЕЙИШКЕ БАРУУНУ КААЛАЙТ БЕЛЕҢИЗ!
Насиба Абдуллаева.
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ »

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button