alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
ЖаңылыктарРубрикасыз

Каракол шаардык «Иброхим ажы» борбордук мечитинин имамы ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакырды

Кечээ Каракол шаардык «Иброхим Ажы» борбордук мечитинин имамы Ыбыкеев Рустам ажы КМДБнын №398 буйругунун негизинде жума хутбасын ысырапкерчиликке жол бербөө багытында өтүп, ысырапкерчилик деген – укуктун чегинен чыгып бузукулукка өтүү, ал күнөө кылууда чектен чыгып кетүү экендигин айтып, Алла Таала бизди ысырапкерчиликтен тыйгандыгын, ысырапкерчилик жеп – ичүүдө, мал – байлыкты иштетүүдө, убаккытта, эгинден жана мөмө – жемиштерден садака чыгарууда, үй – бүлөнү багууда, жетимдердин малын иштетүүдө ж.б жагдайларды болуусун баса белгиледи.
«Ыйык Куръанда:

«Акыйкатта ысырапкорлор – шайтандын достору, а шайтан өз Эгесине каапыр болгон. (Исра 27.

Ысырапкорлук арам жана шайтандын иши. Ал эми шайтан болсо Алла Тааланын каарына, каргышына калган, инсандардын душманы болуп эсептелет. Башка аятта да Алла Таала ысыраптын жек көрүлгөн амал экендиги айтылган. Андыктан ысырапкерчиликтен этият бололу. Кайрымдуулук иштерин көп жазайлы»,-деди деди баш имам хатип.
Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

December 19, 2015 at 05:59PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button