alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Ден-соолукМакалаларРубрикасыз

Смартфонду чөнтөккө салып жүрүү эркектердин ден соолугуна зыян

Уюлдук телефондорду чөнтөгүндө салып жүрүү эркектердин ден соолугуна олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу жакында эле изилдөө жүргүзүлгөнүн Репродуктив Биомедицина журналы жазды.

Journal of Reproductive BioMedicine журналында жазылгандай, смартфондорду шымдын чөнтөгүнө салып жүргөн эркектердин 47%ы урук клеткаларынын өөрчүшүндө көптөгөн көйгөйлөргө туш келет. Ал эми телефонду шым чөнтөгүнөн жана өзүнөн алыс алып жүргөн эркектердин урук клеткаларынын өөрчүшү боюнча көйгөйлөрү болгону 11% экени аныкталган.

Профессор Марта Дирнфельддин The Telegraph менен маегинде, мындай патологиянын себеби гаджеттердин электромагнит жана ысыктык таасиринде пайда болушу мүмкүн.

Ошондой эле, эркектер арасындагы тукумсуздук ооруларынын артышы чоң шаардагы экологиялык абалдан улам экенин да аталган журналда баяндашкан. Мындан сырткары ноутбуктарды тизеге коюп алып иштөө дагы эркектердин ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн. Бирок бул боюнча атайын илимий изилдөө жүргүзүлө элек,-деп жыйынтыкталган макала.

http://maralfm.kg/

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button