ЖаңылыктарМакалалар

МУСУЛМАН КИМ!?

       Бул дүйнөдө мусулман пендесин эмнеге окшоткум келет,эч соолубаган,курубаган жашылданып турган дарака,ал дарак адеп менен жашылданган,тамыры ыйман менен бекемделеген,мөмөсү имлим менен жетилген,эч ким андан зыян тартпайт,таттулугунан ырахаат, жытынан сергип дем алат деп айтаар элем.  Тээ ааламга көз чаптырып карасаң, мусулмандай бактылуу инсанды таба албайсың. Анын мусулман болуп жаралып калганы эле өзү чоң бакыт билгенге. Сиз билесизби бул аалам эмне үчүн бузулбай,эмне үчүн жер жарылбай,эмне үчүн асман оонабай,эмне үчүн күн күйүп кетпей,эмне үчүн деңиздер дүйнөнү каптап кетпей турат!?  Анткени  бул ааламга Аллах Таалам мусулман деген өзгөчө пенделеринин үрөөнүн дүйнөнүн ар жактарына сепкен. Ошол асыл,таза инсандар бар үчүн бул аалам бузулбай,жер жутуп жибербей,деңиз чөктүрбөй турат. Биз мусулман болуп жаралганыбызга чексиз шүгүр кылуубуз керек, биздин башкалардан айырмабыз мусулман  Бейиш кооз, түбөлүктүү,жыргал,бакыттын жайына жаралган. Адашкандар, каапырлар түбөлүк Тозок отко жаралган. Бирок мусулман болуп тили башка,дили башка, багыты башка болуп адашып жүргөндөр канча.  Мусулмандардын башкадардан айырмасын Алланын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай деп айткан: « Момундар -бири -бирине жасаган өз -ара сүйүүсү,ырайымдуулугу жана боорукерлги менен (бир) денеге окшош: анын бир мүчөсү ооруп калса,бүткүл денеси ысытмалап,уйкусу качып, сыздайт ». (Бухарий,Муслим) .  Чындыгында мусулман пендеси өзү үчүн жашабайт,өзүгө каалаган жакшылыктын баарын башка бир туугандарына да каалайт. Бейишке бир өзү эмес башкаларды да ээрчитип барууна үндөйт.  Абу Муса (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт: «Чындыгында, мусулмандар бирин-бири (сүйөп -таяп) күчтүү кылып турган имарат сыяктуу “-ушунтип айткан ал (аны көрсөтүү үчүн) манжаларын бири -бирине бириктирди ». (Бухарий; Муслим) .
    Мусулман бир тууганын айыбын жашыруу.
     Ата -бабаларыбыз«Жаңылбас жаак,мүдүрүлбөс туяк болбойт», «катасыз кул болбойт »-деп нускалаган . Муну менен адамдын канчалык аракет кылбасын ,туура эмес иштерди кылып койору айтылган. ” Эч качан түз жолдомун деп ойлобо,түз жол кээде баткак,кээде тайгак,кээде чуңкур болуусу мүмкүн “дегендей инсан адашып турат. Маанилүү болгону -жаңылбаганга аракет кылуу болуп саналат. Бирок,адамдардын айрым каталары үчүн аны айыптап,аны башкаларга айтып же жарыя кылуу туура эмес.
.. Ыйык куранда: «Бири -бириңерди аңдыбагыла жана бири -бириңердин артынан гыйбат кылбагыла ….»(Хужрат: 12) ..
«Бирок жумшактык кылып,байкамаксан болуп, аларды кечирсеңер, Аллах кечиримдүү,Боорукер »(Тагаанбуун: 14) аяттары менен, диндеш бир тууганыбыздын кемчиликтерин издебөөнү,көргөн болсок жарыя кылбастан жана кечирүүнү буйурган.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) бир хадисинде: «Ким бир тууганынын бир кемчилигин жашырса, анын кеичилигин  Аллах Таала дагы  дүйнөдө жана акыретте жашырат » -деп буйурган.  (Муслим).. 
Ибн Умар (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт : «Мусулман -мусулманга (бир) тууганына ага зулумдук кылбайт  жана башкалардын ага зулумдук кылуусуна жол берип таштап койбойт.  Ким (диндеш) тууганына ал кыйналып турганына жардам берсе, ал өзү жардамга муктаж болуп турганда ага да Аллах (жардам берет) . Ким мусулманды кайгыдан куткарса, Аллах аны да Кыямат Күндүн бир кайгысынан куткарат, ким мусулмандын айыбын жапса ,Аллах да анын (айыбын) Кыямат күнү жабат! ». (Бухарий: Муслим)

Заман өнүккөн сайын,адамдар өзгөрүп бирине -бири карабай,ар ким өз камын ойлоп калган заманга айланды. Тууган -тууганды кабар алуу,сурап койу,кыйналса жардам берүү, колун сунуу, муктаждыктарды ортодо чечүү деген күн сайын жоголуп кетүүдө. Бээчара жыгылса ага күлгөн,бай той берсе тааныбаса да коштоп кубаттаган,бирөө мүдурүлсө сырын элге жайган, ушакчы, гыйбатчы жакшыны заматта жаман кылып куру тоомат менен жер менен жексен,жаманды акча менен заматта  суудан таза жакшы адамга айланткан, зордун заманы кордун көз жашына айланды. Өкүнчтүүсү ушул көрүнүш мусулмандар арасында болуп жатканы жан кейитет.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мусулмандын абалы кандай болоорун мындай деп айтканы бар: «Бири -бириңерди ичи тардык кылбагыла, (соодалашсаңар) бааны ыгы жок көтөрбөгүлө, бири -бириңерди жек көрүүдөн баш тарткыла,бири -бириңерге артыңарды салбагыла,бири -бириңердин соодаңарды бузбагыла,бир туугандай ынтымакта болгула, О, Аллахтын кулдары ! Анткени мусулман мусулманга бир тууган,ошондуктан эч бир мусулман башка бир мусулманга зулумдук кылбасын,жек көрүү менен мамиле кылбасын, жардамсыз калтырбасын, -такыбалык мына бул жерде катылуу! “- Ушинткен Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) өз көөдөнүн үч жолу (сөөмөйү менен сайып) көрсөттү да, анан минтип айтты: «Өзүнүн Исламдагы бир тууганын.жек көргөн адам, анын өзүнүн жаман экендигине жетишерлик (далил) ,(анткени) ар бир мусулмандын жаны,мүлкү жана абийири башка мусулман үчүн кол тийгис ! »(Муслим) .
Мусулмандар арасында бири-бирине болгон акысы тууралу Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай деп айткан: «Мусулмандар бири -биринде алты түрдүү акысы болот: 
1. Жолуккан кезде саламдаш,
2. Чакырганына жооп бер,
3. Кеңеш сураса туура кеңеш айт.
4. Эгер ал чүчкүрсө, Аллахты мактаса (Алхамдулиллах) деп айтса. Сен ага жакшылык каала ” Аллах сага ырайым кылсын! “(Йархаму -ка -Ллаах!)  деп жооп берүү керек.
5. Эгер ал ооруп калса, аны зыярат кыл,
6. А эгер көз жумса, аны (акыркы сапарга) узат ». (Бухарий; Муслим) .
       Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт: «Кимде -ким бул дүйнөнүн бир кайгысынан мусулманды куткарса, Аллах аны Кыямат Күнүдун бир кайнысынан куткарат; ким (карыздуу мусулман)адамдын абалын жеңилдетсе,Аллах да анын бул дүйнөдөгү жанат акыреттеги абалын жеңилдетет; ким (мусулмандын) айыбын жапса ,Аллах да анын (айыбын) бул дүйнөдө жана акыретте жабат. Пенде бир тууганына жардам бергенин токтотмоюнча Аллах да ага жардам берүүсүн токтотпойт. Аллахтын илимин издеп кандайдыр бир жакка сапарга чыккан адамга Аллах бейиштин жолун жеңилдетип койот. Адамдар Аллахтын Китебин окуп -үйрөнүп, жаттап -зикир кылуу үчүн Аллахтын үйлөрүнүн бирине чогулушкан кезде, аларга сөзсүз Аллахтан бейпилдик түшүп,аларды мээрим ороп,аларды периштелер курчап алышат жана аларды Аллах Өзүнүн алдындагылардын арасында эстейт, ал эми (Аллахты мечитте зикир кылуудан) кимди өз иши кармап калган болсо, анын тектилуугү ага (Сират көпүрөсүнөн) алга жылууга  жардам бере албайт! ». (Муслим)
Карап көрсөңүз мусулман пендесинин абалы кандай суктанаарлык,бул сөздөр кимдер үчүн кызыксыз болушу мүмкүн, чыныгы мусулмандар үчүн Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун)калтырган осуяттары туура жолго багыт алуудур. Мусулмандын бир багыты бар ал Бейишке кирүү,Бейишке кандай киребиз Аллах ыраазылыгына жетсе, Аллах ыраазылыгына кандай жетебиз, кыйынчылыкка сабыр,жакшылыктарга шүкүр кылуу менендир. Аллахым бардык мусулман пенделерине, мусулман кылып жараткан соң, мусулман бойдон,жүрөгүндө ыйманы,тилинде келмеси менен ойубуз куранда  башыбыз саждада өтүүнү насип кылсын!
Насиба Абдуллаева.
©”Бактылуулук Формуласы “.

Tags
Көбүрөөк

Насиба Абдуллаева

Көптөгөн курч макалалардын автору.

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Back to top button
Close
Close