alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларРубрикасыз

Периштелер ааламы

Периштелер ар дайым Аллага ибадат кылып турушат. Аларда инсанга тиешелүү болгон уйку, тамактануу, кумарлануу сыяктуу сыпаттар жок. Ошондой эле, алар­да Алла Таалага гана тиешелүү болгон сыпаттардын да эч кайсы­нысы жок. Болгону алар Алланын буйругун аткарышат.

Периштелерге ишенүү төрт бөлүктөн турат:

  1. Периштелердин бар экенди­гине ишенүү
  2. Аттарын билген жана бил­беген периштелерге ишенүү
  3. Периштелердин бизге белгилүү болгон сыпаттарына ишенүү
  4. Периштелердин аткарып жаткан иштерине ишенүү.

Периштелер тууралуу Алла Таала Куранда: «Ага (Аллага) ас­мандар менен жердегилердин баары таандык. Анын алдында­гылар (периштелер) текеберде­нишпейт жана ибаадат кылуу­дан чарчашпайт. Алар Аны түн­дө жана күндүзү чарчабастан аруулашат» – деп айткан. (Анбия, 19-20-аяттар).
Экинчи бир аятта: «Алар Алла буйруган нерселерге каршы чы­гышпайт жана (Ал) эмнени буй­руса (ошону) гана аткарышат» – деп айткан. (Тахрим, 6-аят).

Периштелердин  сыпаттары:

  1. Периштелер Алла Тааланын аскерлери. Бул жөнүндө Алла Таа­ла Куранда: «Асмандардын жана жердин аскерлерине Алла гана ээлик кылат» – деп айткан. (Фатх, 4-аят). Ошондой эле: «Роббиң­дин аскерлерин (периштеле­рин) бир гана Өзү билет» – деп айтылган. (Муддасир, 31-аят).
  2. Периштелер нурдан жара­тылган. Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз (ага Ал­ланын салам-салаваты болсун):

«Адам топурактан, жиндер оттон, периштелер болсо нурдан жаратылган» – деп айткан. (Мус­лим).

  1. Периштелердин ар кандай сандагы канаттары бар. Куранда: «Асмандарды, жерди жаратуучу жана эки, үч жана төрт канаттуу периштелерди элчи кылган Ал­лага шүгүрлөр болсун» – деп ай­тылган аят бар. (Фаатир, 1-аят).

Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) бир ха­дисинде, Жибрийил периштени алты жүз канаты менен көргөндү­гүн айткан. (Бухари, Муслим).

  1. Периштелерде башка маку­луктарда кездешпеген күч кубат бар. Алла Таала Самуд коомун пе­риштенин бир гана кыйкырыгы менен жок кылып жиберген. Бул туурасында Куранда: «Биз алар­га катуу добуш жибердик эле, алар чарбактын чөп-чарындай болуп сулап калышты» – деп ай­тылган. (Комар, 31-аят).
  2. Периштелер Алланын ка­алоосу менен адамдын кейпине айлана алат. Умар (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, чачтары капкара, кийим­дери аппак, эч кандай сапардын белгиси билинбеген адам келип пайгамбарыбыздан (ага Алланын салам-салаваты болсун) Ыйман, Ислам, Ихсан жана Кыяматтын белгилери жөнүндө сураганды­гы айтылган. Ал кеткенден кий­ин пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун): «Бул Жибрийил, силерге диниңерди үй­рөтүү үчүн келди» – деп айткан. (Бухари). Жибрийл (ага Алланын саламы болсун) Иса пайгамбар­дын энеси Марьямга да адам кей­пинде келген.

Периштелердин түрлөрү жана аткарган амалдары:

  1. Алланын аянын алып келүүчү периште. Анын аты – Жибрийил (Ага Алланын саламы болсун). Бул туурасында Куран­да: «Алла пенделеринен каа­лаган адамга Өз буйругу менен периштелерди: «Чындыгын­да, Менден башка эч бир кудай жок, ошондуктан Менден гана коркушсун деп эскерткиле!» де­ген кабар менен түшүрөт» – деп айтылган. (Нахл, 2-аят). Экинчи бир аятта: «Аны (Куранды) ише­нимдүү Рух (Жибрийил) алып түштү» – деп айтылган. (Шуара, 193-аят).
  2. Кыяматта сур чалуучу пе­риште. Анын аты – Исрафил (Ага Алланын саламы болсун). Алла Таала Куранда: «Сурнай тартыл­ганда Алланын каалаганынан башка асмандардагы (периште­лер) жана жердеги жан ээлери өлүшөт. Андан соң экинчи жолу сурнай тартылганда, алар (ти­рилип) күтүп калышат» – деп ай­ткан. (Зумар, 68-аят).
  3. Жан алуучу периште жана анын жардамчылары. Аны – Өлүм периштеси деп аташат. Бул жөнүндө Куранда: «Силердин жаныңарды, силерге атайын дайындалган өлүм периште­си алат. Андан соң Роббуңарга кайтасыңар» – деп айтылган. (Сажда, 11-аят). Дагы бир аятта Алла Таала: «Качан силердин би­риңерге өлүм келгенде, биздин элчилерибиз (өлүм периштеси) анын жанын алат. (Буйрукту) кынтыксыз аткарышат» – деп айткан. (Аньам, 61-аят).
  4. Жаратылышты көзөмөл кылуучу периште. Анын аты – Ми­кайил (Ага Алланын саламы бол­сун). Бул туурасында Алла Таала: «Ким Аллага, Анын периштеле­рине, Анын пайгамбарларына, Жибрийилге жана Микайилге душман болсо, (анда) чынды­гында, Алла – каапырлардын душманы» – деп айткан. (Бакара, 98-аят).
  5. Пенделердин амалдарын жазып туруучу периштелер. Ар бир адамдын оң жана сол ийнинде бирден периште болот. Оң ийнин­деги периште анын жакшы амал­дарын, сол ийниндеги периште анын жаман амалдарын жазып турат. Булар жөнүндө Куранда: «Силердин үстүңөрдө көз салып карап туруучулар (периштелер) бар. Алар ардактуу жазуучулар. Алар эмне кылганыңарды би­лип турат» – деп айтылган. (Ин­фитар, 10-11-12-аяттар). Дагы бир аятта Алла Таала: «Оңдон жана солдон эки жазуучу оту­руп жазып турат» – деп айткан. (Коф, 17-аят).
  6. Алланын каалоосу менен пенделерди ар кандай кокустук­тардан сактап жүрүүчү периште­лер. Алар туурасында Куранда: «Анын алдынан да, артынан да, Алланын буйругу менен коргоп, ээрчип жүрүүчү (периштелер) бар» – деп айтылган. (Раад, 11- аят).
  7. Энени курсагындагы түйүл­дүккө жан үйлөөчү периштелер. Булар тууралуу пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) бир хадисинде: «Бала эненин жатынында кырк күн суу абалында, кырк күн уюган кан аба­лында, кырк күн бир тиштем эт абалында жатат. Андан кийин ага Алла Таала периштени жөнөтөт. Ал ага жан үйлөп киргизет жана анын ырыскысын, ажалын, ама­лын, бактылуу же бактысыз бо­луусун жазат» – деп айткан. (Мус­лим).
  8. Алланын аршын көтөрүп ту­руучу периштелер. Куранда: «Ал күнү сегиз периште Раббиңдин Аршын үстүлөрүнө көтөрүп, ас­мандын ар тарабында периште­лер болот» – деп айтылган. (Ал­хакко, 17-аят). Дагы бир аятта: «Тактыны көтөрүп жана анын айланасында Раббиңе мактоо айткандар…» – деп айтылган. (Га­афир, 7-аят).
  9. Пенде кабырга коюлган соң суракка алуучу периштелер. Ку­ранда пенденин сурагы тууралуу: «Алла ыймандууларды бул дүй­нөдө да, акыретте да жакшы сөзгө (суракка) бекем кылат. Бирок, Аллага ишенбеген заа­лымдарды адаштырат» – деп ай­тылган. (Ибрахим,27-аят).

Пайгамбарыбыз (ага Алла­нын салам-салаваты болсун) бир адамды кабырга койгондон кий­ин: «Бир тууганыңарга кечирим тилегиле. Ал азыр суралат» – деп айткан. (Муслим).

  1. Тозокту көзөмөлдөп туруу­чу периштелер. Куранда: «Анын үстүндө он тогуз күзөтчү (пе­риште бар). Биз тозокту башка­рууга периштелерди гана кой­гонбуз…» – деп айтылган. (Мудда­сир, 30-31-аяттар).
  2. Бейишти көзөмөлдөөчү периштелер. Куранда: «Алар Адн Бейишине киришет. Такыба ата-бабалары, жубайлары жана урпактары да (киришет). (Алар­ды кутуктоо үчүн) периштелер баардык эшиктерден киришет» – деп айтылган. (Раад, 23-аят).

Мындан сырткары дагы Ал­ланын буйруктарын аткарган көптөгөн периштелер бар. Алар­дын санын бир гана Алла Таала билет. Пайгамбарыбыз (Ага Алла­нын салам-салаваты болсун) Ми­раж кечесинде асмандагы «Бай­тул маьмурду» көргөн жана анын күн сайын жетимиш миң периште зыярат кыларын, бир келген пе­риште экинчи жолу кайра келе албастыгын айткан. (Абу Дауд).

//

The post Периштелер ааламы appeared first on FORMULA.KG.

September 16, 2015 at 02:14PM

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. [url=https://libertyfintravel.ru/vnj-vengrii]Получить гражданство Венгрии[/url]
    Поэтапная оплата, официальная процедура. Срок оформления 12 месяцев
    Гарантия результата!
    Telegram: @LibFinTravel

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button