alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
ЖаңылыктарРубрикасыз

Ош шаарынын борбордук «Сулайман Тоо» мечитинде кайрымдуулук иш чара өткөрүлдү (фото)

Иш чарага Ош шаарынын аймагында жашаган жакыр үй бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана жетим-жесирлер, кароосуз калган 300 жакын тургундар келишип, казыят тарабынан атайын кол баштыка даярдалган тамак-аш азыктары, күнүмдүк турмушта колдонулуучу азык-түлүктөргө жана 1 киллограм этке ээ болушту.
Кайрымдуулук иш чарасына чогулган турмуштары оор, жетим-жесир, мүмкүнчүлүгү чектелген 300 жакын үй бүлөгө Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев чакырыгыбызга жооп берип келгендер үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул иш чара мындан кийин дагы токтобой уланат деди. Мындан сырткары жардамга муктаж болгон адамдарын көңүлүн көтөрүп, сиздер жалгыз эмессиздер, сиздердин артыңыздарда биз барбыз деген сөзүн айтып кол баштыктар өз колу менен таркатты.
Акырында келген адамдардын көптүгүнөн жетпей калган 30 жакын муктаждарга 500 сомдон акчалай берилип, баардык келген жарандар көңүлү көтөрүнкү маанайда уюштуруучуларга терең ыраазылыктарын билдирип, ак баталарын беришти.
ОШ ШААРДЫК КАЗЫЯТЫНЫН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ
The post Ош шаарынын борбордук «Сулайман Тоо» мечитинде кайрымдуулук иш чара өткөрүлдү (фото) appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

November 20, 2015 at 11:14AM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button