alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларРубрикасыз

Напсиң сенин душманың!

Адам пенде напсинин азгырыгына алданып, ыймандын ысык табын житирип, көөдөндөгү руханиятты жоготуп алган кезде күнөөлөргө ыктай баштайт. Ариетке ахлактын берер түрткүсү азайганда терең ой-чабыт жана руханий сергектик кайдыгерликке оошот. Чыныгы диндар, чыныгы ахлактуу инсан болом деген тилек таш каап, аруу тилекти уйгу-туйгу ой-элестер, алдамчы сезимдер тооруп кирет. Оор күнөөлөр уккулуктуу музыка сымал адамдын напсине жага берип, кадыресе иш катары не кесепети, не оорлугу сезилбестен, тама-тама көл болгону сыңары улангандан улана берет.
Эгерде сен өзүңө душман издесең -ал напсиң! деп бекеринен айтылган эмес.
Адамзаттын жүрөгүндө напси менен акыл карама -карышы турат. Акыл жеңсе жүрөк жакшы жака кете берет. Напси жеңсе жүрөк карарып жаман иштердин артында, карңгылык дүйнөсүнө чөмүлуп, ойлогону жамандык,жалкоолуктун досу,шайтандын сүйүктүүсү болуп калат.

Напсини эр жүрөк эркине каттуу инсандар тез жеңет.

Напси адамзаттын жан дүйнөсүн карартып, жалкоолук,ач көздүк,бузукулук,бардык жаман иштердин кайырмагына илип өзүнө кул кылып алат. Эгерде сен напсиңе бек туруп жеңем десең эр жүрөк бол. Эр жүрөктүүлүк максатка жетүүчү күч,эр жүрөктүүлүктвн күчү канча даражада болсо ошончо максатыңа жетесиң.
Биринчи эр жүрөктүүлүктү шайтандын алдында көтөрүшүң керек,анын буйуругуна баш ийбе, жолун жолдобо, ага моюн сунба,напси балээнин айтканын кылба,анын кеңешине кошулба, акылыңды ага жеңдирбе,,ошондо жамандыкка буйурган напси балээнин алдында эр жүрөк болосуң.

Эң алсыз адам ким билесизби?

Напсинин кулу болгон адам. Напсиңдин кулу болсоң баарын артка таштайсың,бүгүнкү ишиңди эртеңкиге калтырасың,жашоонун терс жагын гана ойлойсуң,оңбогон жалкооко айланып өзүңө өзүң баш болбогондой болуп каласың аныгыраагы Шайтандын кулу болуп каласың дегендик…
Бул сөздөр азыркы биздин көпчүлүк инсандарга тишелүү десек да болот.
Мен намазга тура албай жатам …
Кандай кылсам жакшы адам болом…
Намаз окуйун десем эч моюн суналбай жатам…дегендер. Ушул жерге напсинин эң жаман кулдары болгон арак ичкен инсандарды айтып өтпөсөк,алар арактын,наркотиктин,акчанын,кулу болуп өз эрктерине өздөрүнүн күчү жетпей калат,таштай.албай жатам, өлүп калам бул сөздөр алардын каалоосу адам кааласа баарын жеңет .Алардын бул сөздөрү өздөрүнү өздөрү алдап жатканы,бул нерсени адамдын каалоосу,эрки жеңет. Сен эгер кааласаң эрктүү боло аласың, напсиңди да жеңе аласың, ал үчүн Шарият жолуна тушуп өзүңдү Аллахтын мыйзамдары менен тый! Написинин өлтүүрүчү жок кылуучу курал билсең бул Ислам дини! Ислам дини менен жашасаң баарын өз жайында аткарсаң сен напсиңди оңой эле жеңе аласың!

Болоттой эрктүүлүк напсинин чоң душманы …

Ислам мамлекетинен бир студент батыш тарпка окуу үчүн барып калат. Лондон шаары эле. Ал ошол шаардан ижарага үй алып тил үйрөнүү үчүн бир ангиличан үй бүлөө менен жашап калат. Бирок студент өз динине бекем турган жигит эле. Эрте менен күн чыга элек туруп, суусу муздак болсо да дааратын алып,намаз окуучу жайына келип намазын окуп окуп,бүткөндөн соң таспих айтып зикир чалат. Аны ошол үйдөгү байкап жүргөн кемпир күндөрдүн биринде ал студентен сурап калат:
“Сен эмнеге мындай кыласың? “-Дейт. Анда студент:
“Менин диним ушундай кылууга буйруйт “-деп жооп берет. Кемпир кайрадан:
“Эрте туруп кыйналбай бир аз эс алып андан кийин туруп окусаң деле жакшы эмесби? “-Дегегде, студент ал кемпирге ушундай жооп берет:
“Бирок Роббим намазымды өз убактысынан кечиктирип окууну каалабайт “. Ошондо кемпир башын чайкап: ” Эрктүүлүк темирди да сындырат “деген экен.

“(Ал) эр азаматтарды,Аллахтын зикирине, намаз,окууда жана зекет берүүдөн,соода дагы, алды сатты дагы,(жана башка нерселер да) алаксыта албайт! “(24:37)..

Анткени бул эрктүүлүк ыймандан жана якиндин күчтүүлүгү, Аллахка болгон ишенимдин бекемдүүлүгү..
Бул окуя менен эмнени айтмакчы болдум, напсиңди жеңем десең дин менен жашап өзүңдү тый демекчимин. Биз адамзат намаз окуп, Аллах жолунда жүрсөк баардык дене мүчөлөрүбүз сүйүнөт экен бир гана напсибиз ыйлайт экен!
Анткени анын каалганы болбой калды …
Ошондуктан келиңиз напсибизди биргеликте жеңели.
Эрктүүлүккө жетүү үчүн биринчиден Аллахка моюн суналы,жашоодо кандай кырда болбосун аракет максат менен умтулаалы,жалкоолукту артка таштайлы,”мен кылышым керек”, “мен аткаруум шарт” деген чечим менен өз денебизге өзүбүз ээ болуп НАПСИНИН КУЛУ ЭМЕС, АЛЛАХТЫН КУЛУ БОЛУП ЖАШАЙЛЫ!
Эй напси! Менден сага эмне керек,
Сен мени айландырба айбандыкка.
Сен үчүн жолдор тосуу билип алгын,
Сени эмес ыйманымды бийик койом!
Эй напси! Менден сага эмне керек,
Сен мени тозокгума сүйрөбөгүн.
Сен менен өлгүчөм мен күрөшөмүн,
Эркимди ыйманыма бек байлаймын!
Насиба Абдуллаева,
“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”
www.formula.kg

//

The post Напсиң сенин душманың! appeared first on FORMULA.KG.

September 27, 2015 at 06:39PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button