alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
ЖаңылыктарРубрикасыз

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ИМАМДАРЫНЫН БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСУ БАШТАЛДЫ

Имам – бул адамдарды туура жолго чакырган, жамандыктан кайтарган, аларга насаат айткан, муктаждарга туура кеңеш берген, билбегенин үйрөткөн,кайдигерликтен куткарып, туура жол көрсөткөн, диний кызматкаер, элди жетектөөчү адам болуп саналат.Ошондуктан имамдардын билимин ар тараптуу жогоруулатуу максатында Кыргыз Республикасыныннын Президентинин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнуктурүү фонду тарабынан мечит имамдарынын билимин жогорулатуу боюнча окуу курстары этаб этабы менен өткөрүлүп келет.
Бүгүн ОшМУнин Теология факультеттинде кезектеги окуу курсу башталды бул тууралуу аталган окуу курсунун катышуучусу Искендер Ажибаев Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматтына жеринен кабарлады.
Маалыматка ылайык окуу курсунун ачылышына Ыйман фондунун окуу иштери боюнча координатору Жолдошов Муртаза, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын туштүк аймактык бөлумүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Теология факультетинин деканы Самаган Мурзаибраимов жана Ыйман фондунун түштүк аймактык координатору Медер Абдыманаповдор катышышкан.
Түзүлгөн шарттар жакшы учурда бир  бөлмөгө төрттөн киши орун алып,үч маал ысык тамак берилүүдө.Сабактар 09:00 башталып 18:00 гө чейин улантылууда.Бешим намазын эске алып түштөнүү  12:30-14:00 чейин болуп жатат деп кошумчалады окуу курсунун катышуучусу Баткен шаарынын борбордук “Нуьмани” мечитинин имам хатиби Махмуд Курбанбаев.
Эскерте  кетсек Баткен облусунан окуу курсуна 180 имам катышууда1937065_1674177939487585_7307967212953883076_n

January 02, 2016 at 06:32PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button