alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
РубрикасызСуроо-Жооп

ЗАГСтарда аялдын нике кыйганы туурабы?


1) Улак, козу бычуу күнөө эмеспи?
Жооп: Муктаждыкка жараша боло бере турган жумуш. Ал эмес курмандыкка мына ошол бычмалдын эти жакшыраак болот деп айтылат. Ал эми адамды бычуу, же адамдар өздөрүн бычтыруусу арам деп эсептелет. Азыркы учурда педофилдерди бычтырып салууну сунуштагандар бар. Кайсы бир деңгээлде “шарьий таьзиир” катары кабылдоого да мүмкүн. Бирок, аларды “таш бараңга алып өлтүрүү” адилеттүүрөөк болот эле. Президентибиз да ушуну каалап, ачык эле жарыя кылганын баарыбыз көрдүк. Айта кете турган маселе, “таш бараңга алуу” же өлүм жазасын ыйгаруу атайын ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан аткарылат. Ар ким эле өз бетинче аткара бербейт.
2) Биздин мамлекеттик ЗАГСтарда никени аял киши кыйып келет. Бул шариатка туура келеби? Негизи аял киши нике кыйса болобу?
Жооп: Деги ошол ЗАГСта кыйылган никелер “шарьий нике” эсептелеби же жокпу деген маселе олуттуу суроону жаратат. Никенин шарттарына эмнелер кирет деген суроого жооп берүү маселени тереңирээк ачып берет деген үмүттөмүн. Никенин шарттары өз алдынча экиге бөлүнөт. 1) никенин байлануусунун 3 шарты бар. 2) никенин дурус болуусунун 2 шарты бар. Катары менен баяндай кетели:
1-1) Никедеги “кабыл кылуу” жана “тутуунун” бир мажлисте болуусу.
1-2) Никедеги эки тараптын ар бири экинчисинин сөзүн угуусу жана анын маанисин түшүнүүсү.
1-3) Никедеги “кабыл кылуу” жана “тутуу” бири-бирине каршы абалда болбой, үндөшүп турууга тийиш.
2-1) Никеге туруучу аялзаты шариат тарабынан алып караганда, нике кыйылуучу эркекке махрам болбоосу, б.а. никеге турууга шариаттуу болууга тийиш.
2-2) Күбөлөрдүн эсебинин толук болуусу.
3) Ар бир жамгырды, карды периште алып түшөт деген чынбы?
Жооп: Бул туурасында Пайгамбарыбыз алайхис салам айтты деген “марфууь” хадисти биле албайбыз. Тафсир китептерде “санаты” жок таризде “ар бир тамчы жамгыр менен бир периште түшөт” деп Ибн Аббас риваят кылганы айтылат. Бирок мунун баары Ибн Аббастын сөзү катары гана белгилүү. Имам Багавий өзүнүн тафсиринде мындай дейт: “Асмандан түшкөн ар бир тамчы менен бирге периште түшүп, Кудай Таалам кайсы жерге түшүүсүн кааласа, ошол жерге жеткирет деп айтылат”. Көрүнүп тургандай, “айтылат” деп баса белгилебей коомайланып айтып жатат. Мунун өзү риваяттын “заьииф” экенине далаалат кылат. Валлооху Аьламу.
4) Уялчаактыктын дубасы барбы, устаз? Нази
Жооп: Уялчаактык жакшы сапат, берекем! Пайгамбарыбыз алайхис салам көшөгөдөгү кыздан дагы уялчаак болгон. Бирок, бул нерсе илимден, акыйкатты айтуудан тоспош керек.
5) Акыркы убакта эмнеге жин киргендер көп болуп жатат?
Жооп: Кудайдын ираада каалоосу менен болот. Адамдардын жашоосундагы сүннөттөрдүн аз экендигине такалат.
6) Бир күндүк ачытылбаган бозону ичсе болобу?
Жооп: Мас кылуучунун бардыгы арам. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Ар бир мас кылуучу арам!”.
7) Иегова динине кирген адамды, мусулман мүрзөсүнө койсо болобу?
Жооп: Жок, ал адам муртад болгондуктан аны мусулмандардын кабырыстанына көмүүгө болбойт. Анткени ага боло турган азаптардан мусулман коңшулары да жапа чегет. Адамдын кабырдагы коңшулары да жакшы болуусу жакшы касиет.
8) Төрөлөр деген кимдер? Биз аларды башка аксакалдарга караганда өзгөчө сыйлап, дубасын алабыз.
Жооп: Пайгамбар заадалар, пайгамбар тукумдары дегендер. Мусулманчылык жолунда бекем жүрүшсө, динди бекем карманышып, такыбалыкты туу тутунушса алардан жакшы киши жок. Андай эмес болсо, алардан жаман киши жок.
9) Сапарда, унаанын ичинде намаз окуса болобу?
Жооп: Сыртта баткак, көз ачыргыс жаан же бороон болсо, унаанын ичинде окуса болот. Ошондой эле унаа токтобосо, же аргасыздан болгон учурларда унаанын ичинде окууга уруксат. Колдон келишинче унаанын сыртында окуган эң жакшы.
10) Атым Гүлназ. Жаратуучубузга жаккан атты айтып, атымды өзгөртүп бериңизчи?
Жооп: Гүлназ дагы жакшы ат. Гүлдөй назик жана сулуу болуп, көргөн адамдын баары сенин назиктигиңди көрүп, Кудай Тааламды эстеп турсун деген улуу маани жатат. Менин баамымда атыңды өзгөртүүнүн кажети жок.
11) Сиз жаңы муфтий болгонуңузда сизди гыйбат кылган элем. Сизди гыйбат кылгандардын баарын жана мени да кечирип коюңузчу?
Жооп: Кечирдим. Ким мени гыйбат кылган болсо, ушактаган болсо кечирдим. Кылган ишинин жамандыгына “аттиң!” деп өкүнүп кечирим сурагандардын санынын көбөйүүсү, элибиздеги ыймандын жемиштүү болуп жатканынан кабар берет.
Мен да кимдир бирөөнү капа кылып койгон болсом кечирим сурайм. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Кечиргиле, кечиргендерди Кудай Таалам кечирет, ырайым мээримине алат”.
12) Жолдошум бир аял менен жашыруун нике кыйдырып, Москвага кеткенине 9 ай болду. Кээде гана чалып турат, бирок талак бере элек. 6 ай жок болуп кетсе, телефондо да урушуп турсак, талак сакталбайбы?
Жооп: 6 ай жок болуп кетсе эле талак түшүп калат деген пикир туура эмес. Жаман катын эр коруйт, жаман эркек жер коруйт болбоңуз. Менин таң калганым, ал жашыруун нике кыйса сиз кайдан билип алдыңыз. Сиз билип алсаңыз ал нике кайдан жашыруун болот? Айтарым, аны менен урушпаңыз, мамилени сактаңыз. Жылуу сөз жыланды ийнинен чыгарат имиш. Адам сыйдын кулу.
13) Ооруп калганымда бир эже чөп дарылар менен дарылаган болчу. Бирок кайра оорум күчөп кетти. Ал аялды сотко бергеним туурабы?
Жооп: Ооба, аны сотко берсең болот. Ага кошуп өзүңдү да сотко берүү керек. Анын документтерин текшерип, ишеничтүү адамдардан сурап дарылануу керек. Ден-соолукка кайдыгерлик менен карагандыгыңыз үчүн Кудай алдында жооп бересиз.
Адамдарды дарылайм деген жалганчыларга чара көрүлүүсү кажет. Сот жообуна тартылганда баарыбыз үчүн жакшы болот. Айта кете турган акыйкат сөз: кээде ишеничтүү дарыгерге барсаңыз деле жакшы болбой, ооруңуз күчөп кетиши толук мүмкүн. Анткени шыпаа Алла Тааланын колунда. Ал эми дарыгерлер себепчилер гана. Биздин мойнубуздагы милдет, татыктуу дарыгерлерди таап дарылануу.
14) Телефонумда куран, салаваттар бар. Дааратсыз эле кармап окуй берсем болобу? Өчүк абалында дааратканага кирсем кандай болот?
Жооп: Салаваттарды дааратсыз кармасаңыз боло берет. Ал эми Куранды даарат менен кармаганыңыз ийги. Өчүк абалында дааратканага кирсеңиз боло берет.
15) Жубайым менен ажырашканыма 5 жыл болгон. 1 ай мурун ал турмушка чыгыптыр. Талагын берген эмес болчумун. Кантем эми?
Жооп: Анын күнөөсүнө шериксиз. Эми бир талак бериңиз, ал да иддасын эсептеп, никесин жаңылап алар.
16) Малдарыбызды уурдатып жибердик. Шариат жолу менен кантип тапсак болот?
Жооп: Адал болсо табылат. Милицияга бериңиз. Көзү ачыктардан сураган болбойт. Дубада болуңуз…
17) Жолдошу аялы менен таарынышып 7 ай кабар албай койсо, талак түшкөн болобу?
Жооп: Жок.
18) Мен кыз баламын. Учурда Америкада шартка байланыштуу иштеп жүрөм. Жанымда жакындарым жок. Кыз бала алыста жүрсө болбойт экен. Ошондо мен күнөөгө баттымбы?
Жооп: Кыз баланын беймахрам алыста жүргөнү туура эмес. Күнөөгө батат. Ылайыгы болсо ошол жактан мусулман жигиттерине турмушка чыксаң жакшы болот. Кудайым бактылуулардан кылган болсун!.
19) Жолдошум менен жашаганыма 6 жыл болду. 6 жылдан бери кайним биз менен жашайт. Ал аз келгенсип 2 кайын сиңдим бар. Алар да биз менен бир бөлмөдө жатышат. Иштеген жеримде да кайын журт, үйүмдө да кайын журт. Бөлүнүп жашайлы десем, туугандарды бөлбө дейт. Эмне кылуум керек? Балалуу да боло элекпиз.
Жооп: Ошентип тыгылып жашай берсеңер жүз жылда да балалуу болбойсуңар. Баланын пайда болуусуна да кээ бир шарттар керек. Силердин бул тариздеги жашооңор болбойт. Өзүнчө бөлмөгө чыгып жашасаңар, туугандарды бөлгөн болуп эсептелбейт. Ар бир аял өзүнчө дааратканасы, ашканасы жана жатак бөлмөсү бар жайда жашоого укугу бар. Аны эркек камсыздоого милдеттүү. Кокустан “жеңенин бир саны кайниники” болуп кетсе, маселенин баары тескери кетет. Кудайым сактаган болсун.
20) Бир баланы жакшы көрөм, ал да мени жакшы көрөт. Бирок чоң аталарыбыз бир атадан, бир энеден экен. Үйлөнсөк болобу?
Жооп: Боло берет.
21) Өлгөн жерден тамак жегенибиз канчалык күнөө? Жебей койгонубуз кээде ыңгайсыздык жаратып жатат.
Жооп: Мусулманчылык акырындык менен болот. Андай жерлерде тамак жеген “макрух тахриимий” даражасында күнөө болот.
22) Даарат алгандан кийин бетке боёк коюп намаз окуса болобу?
Жооп: Намазга жарай берет. Көчөгө боёнуп чыгуу мусулман аялзатынын адебине туура келбейт.
23) Мас абалымда телефондо аялыма 3 талак деп айтып алган элем. Эч кандай талак оюмда жок болчу. Жарашуу жолу барбы? Эки балабыз бар. Бирок кийин мен башка аялга үйлөндүм, анын боюнда болуп мекенибизге жөнөттүм. Бирок экинчи жубайымдын эжеси мага “эми ал сени менен жашабайт” деген сөзүн айтты. Экинчи аялымдын талагын берген эмес болчумун. Ушул эки маселени чечип бериңизчи?
Жооп: Сен ушинтип алып кетире берсең сага аял түтөбү, кокуй! Кандай болгон күндө да бул сыяктуу маселелер гезит бетинде чечилбейт. Өзүң жана аялың чогуу келип жолуксаң, туура же туурага жакыныраак жооп чыгат. Анткени кээ бир нерселерди экөөңөрдөн чогуу сураганга туура келет.
24) Москвада “ашпоз” болуп иштейм. Жумушка байланыштуу кээде камандын этин даамдап көргөнгө туура келет. Эч нерсе болбойбу?
Жооп: Болбойт. Арам. Мисалы кимдир-бирөөгө тезек бышырсаң, ошону да даамдап көрөсүңбү? Одоно салыштыруу болсо кечирип коёрсуң, бирок ушул мисал туура эле келет. Жок, берекем, бул каман. Ал камандын этин жеген болбойт аман. Арам тамак жегендин дубасы берекесиз саман. Ал каман, анын этин жеген кесепеттүү жаман.
«Saresep»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button