ЖаңылыктарРубрикасыз

Бүгүн зыяратчылардын алдыңкы тобу кайтып келишет

Бүгүн Джидда-Ош багыты боюнча 25-августа Сауд Арабиясына өздөрүнүн ажылык амалдарын аткарып келүү үчүн жөнөп кетишкен Кыргызстандык зыяратчылардын алдыңкы тобу кайтып келет.
Сауд Арабиясынан Кыргызстанга 28-сентябрдан 15-октябрга чейин 18-каттам болуп, ар бир каттамда 4 ажы башчы жана 196 зыяратчы бир учак менен кайтып турушат. Ал эми Джидда-Бишкек багыты боюнча алгачкы каттам 30-сентябрда башталат.
Баткен облусунан ажылык амалдарын аткаруу үчүн Сауд Арабиясына жөнөп кетишкен зыяратчылардын алдынкы тобу эртен Кыргызстанга кайтып келишет. Баткен облусунан ажылык сапарына барган зыяратчылардын алдынкы тобу эртен 29-сентябрда кечки саат 19:00 дө Ош аба майданына келип түшөт. Бул тууралуу Баткен шаарынын ажыларына жоопту ажы башчы Юнусов Абдурашид ажы жеринен облустук казыяттын басма сөз кызматына маалымдаган.
Маалыматка ылайык зыяратчылардын алдынкы тобу бүгүн коштошуу ажылыгын жасап, эртен Мекке убактысы боюнча 11:00 дө ал эми Кыргызстандын убактысы боюнча 14:00 учушат. «Учурда Кыргызстандык зыяратчылардын маанайлары жана ден соолуктары жакшы»,-деди Юнусов Абдурашид ажы.
http://muftiyat.kg/

//

The post Бүгүн зыяратчылардын алдыңкы тобу кайтып келишет appeared first on FORMULA.KG.

September 28, 2015 at 10:48AM

Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close