alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:53 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
РубрикасызТаасирдүү окуялар

КЫШТЫН СУУГУНАН, ТОЗОКТУН ЫСЫГЫНАН САКТАГАН ЖУУРКАН

Бир кедей киши жууркан саткан дүкөнгө кирип, сатуучудан: «Эң арзан жууркан канча? Мага алты жууркан керек, өзүмө, жубайыма жана төрт перзентиме. Менде болгону жүз сом акчам бар, ошого алтоону алсам болобу?»- деп сурайт. Дүкөнчү: «Ооба, баасы арзан болгондугуна карабастан аябай жылуу жууркандар бар. Баасы жыйырма сомдон, эгер беш жууркан сатып алсаң, алтынчысын белекке берем» — дейт. Кедей кишинин жүзүндө күлкү пайда болот, демек акчасы жетет. Беш жууркандын акчасы жүз сомду берип, алтынчы жуурканды белекке алып кудуңдаган бойдон үйүн карай кетет. Соода болгон жерде дүкөнчүнүн досу да отурган болот. Кедей киши чыгып кетээри менен дүкөнчүнүн досу: «Бул жууркандарды эң жакшы, эң кымбат жууркандар деп өткөн жумада мага 350 сом сатпадың беле?» — деп ачууланат. Дүкөнчү минтип жооп берет: «Ооба досум! Чындыгында бул жууркандар аябай кымбат, сага сатканымда да өзүнүн баасында бергем, бир сом пайда көрбөгөм. Мен Раббим менен соодалашып жатам, Анын ыраазылыгына жетүү үчүн кедей кишиге арзан бердим. Кыш жакын калды, балдары үшүбөсүн дедим. Балким анын балдарын кыштын суугунан сактаган жууркандардын себебинен, Алла Таала мени тозоктун ысыгынан сактайт. Эгер тиги кишинин кадыр-баркынын түшүп кетүүсүнөн коркпогонумда бекер эле берип салмакмын»-дейт.
«Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандар, ар бир сабагында жүздөн дан (урук) алган, жети баш өндүргөн бир даана данга окшош. Алла кимге кааласа көбөйтүп берет. Алла Таала — Жоомарт, Билүүчү». Бакара сүрөсү 261 чи аят.
Абдишүкүр ажы Нарматов, Nasaat.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button