alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларРубрикасызТарбия

Жаштык бир келет деп өкүнүп калба.

Жаштык-мастык деп бекеринен айтылган эмес. Айрыкча окууну бүткөндө, студенттик күндөр ошол убактар жаштарыбыздын канаттарын кагып келечекке умутулуп, он гүлүнөн бир гүлү ачылып, жаштыкктын жалыны күйүп, баары уядан учкан куштай келечеке карай жөнөшөт. Ата-эне балам, кызым деп колдо баарын жумшап, тапкан тарынганын колуна берип, окуу жайларга шаарга карай жөнөтөт.
Студент болуу ар бир жаштын көптөн-көп күткөн тилеги. Кээ бирлер үчүн студент болуу жаңы жашоого, келчек максатка болгон көпүрө деп билишсе. Кээ бирлер үчүн “ат дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт” болуп эмнеси болсо да студент деген атка жетүүнү көздөйт. Шаар, бийик үйлөр, жык-жыйма толгон эл, айыл мектебине салыштырмалуу бир топ кенен окуу жайлар, жаңы достор кыскасы баары өзгөчө көрүнөт.
Бул куракта жаштарыбыз, жаштык оту күйүп, аш десе ашка, иш десе ишке, жакшы-жаманды, ой жүгүртүп ойлоп олтурбай оюуна келгенин дароо жасай койгон курак дал ушул студенттик куракка дал келет. Көбүнчө айылдан барган уул-кыздар ишенчээк келип көп адашууларды башынан өткөрүшөт. Айылда ата-эне көзөмөлүндө жүргөн уул, кыздар шаарга келип, эркиндикке чыгып “кой дегенге кожо жок, ай дегенге ажо жок “болуп, шаардын жашоосуна карап, өзүн өзгөртөм деп” артык болом деп тыртык” болгондор канча. Көбүнчө адашуунун жолунда кыздарыбыз болгону өкүндүрүп келет. Ата-энесинин айдай, аппак, көкөлөтүп өстүргөн кызы бир эки жыл болбой, өз тагдырына өзү балта чаап, намысын тебелетип жүргөндөр канча.
Жаштык бир келет, жаштыкта ойноп калалы деп  кыз-жигит болуп, акырында жигит ишин бүтүрүп, кыз боюнда болуп айласыздан аборт кылдыргандар канча.
Үйдө ата-эне кызым окуп жүрөт деп, кызынын эмне болгонун билбей, билгенде баары кеч болуп, эл караган башын жер картып “атиң!” деп жүргөндөр канча.
Болгонунча-болду деп жеңил ойлуулукка алдырып, оңой акча тапса болот экен деп түнкү көпөлөккө айлангандар канча.
Чет өлкөгө алданып, турмушка чыгам деп, кайра сатылып кор болуп, кул болуп жүргөндөрү канча…
Кыздардын баарын бузулду деп айткандан алыспыз. Бирок турмуш акыйкатты так көрсөтүп турбайбы.
Бул жерде жигиттер тууралу да айтып өтпөсөк болбостур. Кыздар өздөрүнөн-өздөрү бузулган жок. Кыздарды бузган, тагдырына балта чапкан, бузулган эркектер болот. Алдап, сүйөм-күйөм, үйлөнөм, деп жатып максатына жетип таштап, кайра башкасына өтүп жүргөндөр канча. Эгер билсеңер канача кызды көз жашын агызган болсоң, бир күн өз жакындарыңдан көрөрүңдү унутпа. Аллах Таалам зына кылгандарды өз жакындары аркылуу жазалап коёт. Сен ушул ишке барганда, өз эжең, өз карындашың жөнүндө ойлоп кой, сен алдап, көз жашын төккөн кыз, ал да болсо бирөөнүн көз карегинен айланган карындашы же эжеси болот.  Кыздар капкара болсо, жигиттер да капкара, анткени бузулган эркек болбосо бузулган кыз кайдан болмок.
Айта берсең арман көп, сөзүмдүн аягында, кыздар, жигиттер өз тагдырыңар өз колуңарда, жакшы болууда, жаман болууда, туура жолду да, жаман жолду да тандоо өзүңөрдөн. “Жаштык бир келет” деп ойноп, күлүп, жыргап жүрүп алайын деп олтуруп шайтандын торуна түшүп, өзүңдү отко таштаба, күлүп, күтүп турган келчегиңди бир заматта күлгө айландырба. Жаштыгыңдын жаркырап ачылып турган гүлүн, соолутуп, аппак болгон намысыңды тебелетип кор кылба. Ар бир кадамыңды абайлап ташта. Үйдө сени эмне максат менен, сен үчүн жер чукуп, малын сатып, өзү ичип кийбесе да, сага болсун деп кашыктап жыйган акчасын сен үчүн айлап салып турса, сен өзүңдү ойлобосоңда ата-энеңди ойлоп алардын намысын айрандай төкпө.  Ата-энеңди ойло, алардын мээнетин, ак сүтүн, кадыр-баркын  кетирип, эл арасында көтөрүп жүргөн башын жер каратпа. Жаштыгыңды кызуу кандуулукка алдырып келечегиңе бөөдө балта чаап алба. Ар нерсенин өз убагы, чеги болот. Сени алдыда келечек-максат, ийгилик, бактылуулук күтүп турганын унутпа.
Дагы бир заарыл болгон айтылуучу кеп ыйман жөнүндө айткым келет.
Тарбия үй-бүлөөдөн башталат, ата-энелер балдар, кыздарыбызды Аллах жолунда, Пайгамбарыбыздын сүннөттөрү менен, анын көрсөткөн жолу менен тарбиялайлы. Ислам десе эле ак эткенде так этип Сирия, согуш оюубузга келип, терс кабыл алабыз же болбосо оронтуп-чоронтуп, сопу кылып алдыбызда алып олтуру керек деп ойлоп калабыз. Жок андай эмес. Исламда кесип тандоодо, кесиби менен иштөөгө тыю салынган эмес, окусундар, доктор, мугалим, сот, милитция, депутат болобу баарына жол бар, бирок ошоо окусунда намазы, ыйманы, эң башкысы Аллахтан коркуп, жоопкерчиликтерди билип жүрсө, жогорудагы өкүнүчтүү окуялар, адашуулар аз болмок же жок болмок!
Биз адамзат жашообузду караңгылык жашоого, жакшы жашоого алып келүүчү өзүбүз. Ошондуктан ар үй-бүлөд, Аллахтан коркуучу жүрөк, окуулучу намаз, айтылуучу ыйман, Пайгамбарыбыздын сүннөтү, адеп-ахлак, насаат тарбиясы болсун демекчимин.
Бул жазылгандар, келечек студенттерине, дегеле студенттик күндөрүн өткөрүп жаткан жаштарыбызга, болочок ата-энелерибизге аз да болсо сабак болуп калат деп үмүт кылам.
Насиба Абдуллаева

December 20, 2015 at 09:01AM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button