alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларРубрикасыз

Адалдан тапканың Аллах жолунда басканың

✍ Көз жоорутуп өз маңдайы менен же көзүнүн майын коротуп эмгектеңген ар бир ишин Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасаса, анын ошол ар бир иши ибадат болот. Бир курмаң болсо да өзүңдүкү болсун,өзүңө тиешелүү маңдай териң менен тапкан,өз эмгегиң болсун дейт. Эгер билсең бул аалам,андагы жашоо тиричилик,бүт баарысы  бирөөнүкү ал ким десең  Ал Аллах Таалам. Биз мусулман пендеси бирөөнүкүн эмес өзүбүзгө тишелүү нерселерге ээ боло алабыз,арам,зулумдукка тыю салынган.
Имам Газали:»
Бул дүйнө алтын, күмүш табактар коюлуп, ичине даамдуу, чүйгүн тамактар салынган дасторконго окшош. Акылдуу, жакшы конок ошол тамактан курсагына жараша жеп, анан үй ээсине ыраазычылык билдирет да туруп кетет. Акылсыз конок болсо курсагы тойгон соң жанагы алтын, күмүш идиштерди да сумкама сала кетем деп шерменде болот. «… Ошондуктан тапканыңды Аллахтан деп бил,канча болбосун адалдан болсун.
Күндөрдүн биринде Азирети Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) жанын бир карылуу өтүп калат. Пайгамбарыбыз жанында олтурган куттуу сахабалар: -О, Аллахтын Элчиси! Аттиң, бул адам Аллахтын жолунда кызмат кылса, кандай соонун болоор эле ….-дешет. Анда Азирети Пайгамбарыбыз:
     — Эгер бул адам бала -чакасынын нанын таап келүү үчүн жолго чыккан болсо, анда ал Аллах жолунда болот. Эгер улгайып калган ата -энесин багуу үчүн жолго чыккан болсо, анда ал Аллах жолунда болот. Эгер ал өз курсагын тойгозуу үчүн жолго чыккан болсо дагы Аллахтын жолунда болот, (ат Таргиб ват Тархиб,2/524)-деп жооп берүү менен мына ушул жагдайлардын негизинде аткарылган ар бир иш ибадаттын даражасынчалык ыйык болоорун айткан..
Бир айта турган маселе көпчүлүк Аллах жолундамын,Аллах жолунда жүрөм,Аллах жолунда жүр дегенди туура эмес түшүнүүдө.
Аллах жолу деген деги эмне?
Аллах жолунда бул -биздин Аллах мыйзамына каршы келбеген ар бир иштербиз,амалдарыбыз болот. Демек Аллах жолу намаз окуу,орозо кармоо,зекет берүү,ажыга баруу дегендик менен чектелбейт экен. Биздин кылган иштербиз да эгер ал адалдан болсо Аллах жолундагы даражага жетет. Азирети Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) дагы бир куттуу хадисинде: «Эч ким өз маңдай тери менен тапкан ырыскыдан артык ырыскы жеген эмес. Аллахтын Элчиси Давуд алейхи салам да кол жоорутуп адал эмгеги менен өз ырыскысын тапкан! «(Бухарий)
«Адал эмгек астыңа ат алдырат,үсүтүңө тон жаптырат»..
Азыркы күндө канчалаган мекендештерибиз үй-бүлөө,ата -эне,бала -чака,багуу үчүн,үй -жай куруу,үйлөнүү үчүн дегиле жашообузду оңдоо, камсыз кылуу максатта чет жакаларда ырыскысын издеп, иштеп жүрүүшүдө. Аллах ыраазы болсун!  
Ар бир кылып жаткан ишиң, кадамың,канчалык кыйналып өз маңдай териң менен адалдан таап жаткан болсоңуз, сиз Аллах жолудасыз сообун канча экенин Аллах Өзү билет.»Эшиктен арам кирсе,адал менен ыйман тешиктен чыгып кетет «дегендей арамдан табылган тамак,акча,кийим болсун берекеси жок болот,сизге болгондой сезилип жатса бир күн күлдөй учуп кетет. Анткени  арам мусулман пендесине катуу тыюу салынган күнөө иш бир күн зыяны жетээрин унутпоо керек.  «Адал  эмгек абийир таптырат,арам эмгек азабын тарттырат». Ошондуктан кайда жүрбөң,кайда болбоң тапканыңыз ,ичкениңиз, кийгениңиз адалдан болсун! «Өзүңдүн маңдай териң менен тапканың ширин болот «деген сөз бегеринен айтылган эмес.
«Адал эмгек элге жеткирет, арам эмгек элден кетирет».
Аллах кааласа аз болсо да адалдан тапканыңа шүкүр кылып жашасаң, бир күн султан кылат,арамдан тапканың Аллах кааласа бир күн жер менен жексен кылат.
Насиба Абдуллаева.
‍‍‍»Бактылуулук Формуласы «.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button