alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:43
МакалаларРубрикасыз

ЖАННАТ жана ЖАХАННАМ

Бейиш жана Тозок азыр да бар.
Бейиш жети кат асмандын устундо. Тозок болсо бардык болмуштун астында. Сегиз Бейиш, жети Тозок бар.
Бейиш жерден, кун жана асмандан да чон.
Ал эми Тозок кундон да чон.
Арасат аянты :
“Мавкиф” жана “Махшар” деп дагы аталат.
Бул жерде кабыр жашоосунан кийин адамдардын бардыгы жыйналып, суракка тартылат.
~ Бул жердегилердин кандайча чакырыла тургандыгын Ислам аалымдары ар турдуу суроттогон.
Аллах Таала эн алгач адам олтургондорду суракка тартат.
~ Эн алгач эсептери кылына тургандар, сооптору бериле турган кулдар – дуйнодо Ыйманы туура болгон сокурлар болот.
~ Алардын сурагы журуп жатканда бир Периште сокурлардын атынан :
“Дуйнодо коруудон чектелгендер кайда? – деп сурайт.
~ Ага : “Алар Аллах Тааланын жамалын корууго баарынан да кобуроок ылайыктуу”, – деген жооп айтылат.
Анан Аллах Таала аларга :
“Он жакка баргыла!”-дейт.
~Алар учун бир туу байланып, Шуайб (алейхиссалам) дын колуна берилет.
Шуайб (алейхиссалам) аларга Имам болот.
Алардын алдына санын Аллах Тааладан башка эч ким билбеген ото коп нурдуу периштелер келишет.
~ Булар Сыраттан тез эле отуп кетишет. Сабырда жана жумшак муноздуулукто алар сахаба Абдуллах ибни Аббас (радиаллаху анху) сыяктуу болушат.
~ Андан сон :
“Кыйынчылыктарга сабыр кылгандар кайда?”- деп суралат.
~ Ото катуу жана жугуштуу оорулар менен сыналган Пенделер майданга алып келинет.
Аллах Таала аларга салам берет.
Аларга да : “Он жакка баргыла!”- деп айтат.
~ Алар учун да жашыл туу байланат. Аларга Имам болгон Аййуб (алейхиссалам) Пайгамбарга берилет. Сахабалардан Укайл бин Аби Талиб (радиаллаху анху) жана ага окшогондор ошол топто болушат.
~ Андан сон :
“Ислам душмандарынын жалгандарына, жалааларына алданбай, ахли Суннот ишенимине бекем карманган жана ошол туура Ыйманын кемел даражасында сактап калган Ыймандуу, ар – намыстуу жаштар кайда?”- дейт.
~ Алар үчүн даярдалган туу Юсуф (алейхиссалам) га берилип, аларга Имам болот.
Ал жаштардын озгочолуктору – харамдардан качып, чоочун аялдарды карабагандыктары.
Рашид бин Сулейман (рахимахуллах) жана уммот ичиндеги ал сыяктуу адамдар ошол топто болушат.
~ Андан сон :
“Аллах Таала учун бири – бирин суйгондор, Мусульмандарды суйгондор жана капырлар менен муртаддарды суйбогондор кайда?”-деп суралат.
Алар да Аллах Тааланын алдына алып келинет. Алар да он жакка жиберилет.
Аллах Тааланын душмандарын суйбой тургандардын сыпаты сабырдуулук жана мээримдүүлүк.
Алар дунуйолук себептерге байланыштуу Мусульмандарга эч кандай жамандык кылышпайт.
Хазрети Али (радиаллаху анху) жана бул уммоттон ага окшогондор ушул топко кирет.
“Аллах Тааладан коркуп, харам иш кылбагандар жана ыйлагандар кайда?”-дейт.
Нух (алейхиссалам) токтойт. Жамаат да аны менен бирге токтойт.
~ Ахли Суннот алымдарынын сыясы менен шейиттердин каны таразага тартылат.
Аалымдардын сыясы оор келип, алар он жакка отушот.
Шейиттер учун да сары туу берилет.
Ал Яхйа (алейхиссалам) дын колуна берилет.
Алардын алдында Яхйа (алейхиссалам) журот.
Аалымдар алдына отууну каалашат.
Алар мындай дейт:
“Шейиттер биздин илимибизди уйронуп согушка катышкан.
Биз алардан алга журууго ылайыкпыз”-деп айтышат.
Аллах Таала : “Аалымдар менин алдымда Пайгамбарым сыяктуу”- деп айтат.
Аалымдарга : “Каалаган адамдарга шапаат кылгыла”- дейт.
Аалымдар балдарына, кошуналарына, Мусульман досторуна, жолундагы шакирттерине шапаат кылышат.
~ Аалымдардын ар бири учун бир периште чакырылат.
Периште адамдарга айтат:
“Баланча аалымга Аллах Таала шапаат кылууну буюрду.
Ким анын бир кажетин орундаган болсо, же бир жутум суу берген, китептерин тараткан болсо, аларга шапаат кылат”.
Ошол аалымга дуйнодо жакшылык кылган, китептерин тараткан адамдар орундарынан турушат. Аалым ошол кишилерге шапаат кылат.
Хадиси шарифте эн алгач шапаат кыла тургандар – расулдар, андан кийин набилер, андан кийин аалымдар экендиги билдирилет.
Аалымдар учун ак туу байланат.
Ибрахим (алейхиссалам) га берилет. Ибрахим (алейхиссалам) жашыруун илимдерди жарыкка чыгаруу жагынан Расулдардын ичиндеги эн улуусу. Ошондуктан, туу ага берилет.
~ Андан кийин: “Нафакасын терип жеш учун эмгектенип, тер токкон, тапканына канаат кылган кедейлер кайда? – дейт.
Алар да Бейишке жиберилет. Алар учун да бир сары туу байланып, Иса (алейхиссалам) га берилет. Иса (алейхиссалам) аларга Имам болот.
~ Андан сон :
“Байлар башкача айтканда шугур кылган, мал – мулкун, акчасын Динди кубаттандырууга, Мусульмандарды заалымдардан коргоого жумшаган байлар кайда? – деп суралат.
Аллах Таала берген байлыктарынын эсебин беш жуз жыл сурайт.
Алар учун турдуу тустуу туу алып келинет.
Аларга Сулейман (алейхиссалам) Имам болот.
Алар да Бейишке барышат.
~ Чон куноо кылган адамдардын журогундо Ыйман бар болсо, азабын тартып бутуп, анан шапаатка жетишет.
Аллах Таала аларга ырайым кылып, миндеген жылдардан кийин аларды Тозоктон чыгарат.
~Тозоктогулордун терилери куйуп буткондон кийин кайрадан жаратылат.
Улуу олуялардын бири болгон Хасан Басри : “Мен дагы ошондой кишилердин катарынан болсом го”- деген.
Хасан Басри акырет тууралуу ото жакшы билген адам эле.
Кыямат куну бир Мусульман келет.
Анын энчисинде эч кандай кылган жакшылыгы болбойт.
Аллах Таала анын Ыйманынын урматына ырайымы менен ага айтат :
“Адамдарга бар, сага жакшылыгын жана сообун бере турган адам изде.
Ошол аркылуу сен Бейишке киресин”.
Ал адамдардын арасына кирет.
Адамдар арасына кирип дартына чара боло турган адамды издейт.
Кимге айтса да :
“Менин дагы жакшылыктарым жетпей калат деп корком. Мен соопко сенден дагы муктажмын”- деп айтат.
Ал кубанып, ыраазы болуп, таразанын башына келет.
Аллах Таала ал пендесин абалын билип турса да :
“Кандай келдин? – деп сурайт.
Ал болгон окуяны айтып берет.
Озунун сообун берген адамга Аллах Таала : “Ыймандууларга Менин жоомарттыгым, сенин жоомартыгынан, жакшылыгынан алда канча коп. Досундун колунан карма, Бейишке киргиле”- деп айтат.
~Таразанын эки тарабы да тен болуп калса, Аллах Таала айтат :
“Бул кул Бейиште да эмес Тозокто да эмес”.
Ошол кезде бир периште таразанын куноо жагына бир барак алып келип коёт.
Ал баракта “уф” деген соз жазылган болуп, ошол тарап оор басып кетет.
Анткени “уф” деген соз Ата – Энеге каршылыкты билдире турган соз.
Ал кишинин Тозокко ыргытылуусу буйрулат.
Ал адам эки жагына карап турат.
Аллах Тааланын чакыруусун каалайт. Аллах Таала аны чакырат.
“Эй, куноокор кул ! Менин чакыруумду эмне учун кааладын” – деп сурайт.
“Эй, Раббим !
Ата – Энеме каршы чыкканым учун Тозокко бара жатамын. Алардын азабын мага кошуп бер, аларды Тозоктон куткар” – дейт.
Аллах Таала айтат: “Ата – Энене дуйнодо каршы чыктын. Акыретте сыйладын. Алардын колунан карма, чогуу Бейишке киргиле” – деп айтат.
Бейишке жиберилбегендерди Периштелер кармайт.
Анткени, периштелер акырет окумдорун ото жакшы билишет.
Ал эми, акыреттен насиби жок элге алардын Тозок отуну экендиктери айтылат.
Алар Тозокту толтуруу учун жаратылган.
Аллах Таала “Саффат” суросунун 24-аятында :
“Аларды токтоткула ! Алардан сурак суралат”- дейт.
Алар ошол жерде туткунда калышат. “Саффат” суросунун 25 – аятында билдирилгендей :
“Силерге эмне болду, бири – биринерге жардам кылбайсынарбы”- деп айтылганга чейин кармалып турушат.
~ Алар куноолорун моюндарына алышат. Бардыгы Тозокко жиберилет.
Мухаммед (алейхиссалам) дын уммотунун чон куноо кылгандары да ушинтип алып келинип, кары, жаш, аял, эркек баары бир жерге жыйналышат.
~Тозоктун кузотчусу Малик :
“Силер жаман топтонсунар.
Бирок, колдорунар байланган эмес. Жузунор карайган эмес.
Тозокко киргендердин арасында силерден откон сулуу эч ким жок”- деп айтат.
Алардын бардыгы харамга баткан омурлоруно окунуп ыйлашат.
Аллах Таала :
“Эй, Малик ! Буларды биринчи Тозокко жибер”- деген буйрук келет. Тозок аларды ичине алайын дегенде алар : “Лаа илааха иллаллоох”- деп кыйкырышат.
Тозок бул созду укканда беш жуз жылдык алыска качат.
(Бир нерсенин коптугун билдируу учун чон сандар менен сыпаттоону Арабстанда адат экендиги Ибни Абидиндин “Радд – уль -мухтар” китеби “ал – хазар вал ибаха” болумундо жазылган.
Башкача айтканда Диний адабияттардагы сандар анык олчомдорду эмес, коптукту билдирет).
~ Дагы бир ун угулат: “Эй, Тозок ! Буларды ал !
Эй, Малик ! Буларды биринчи кезекте Тозокко ташта!”. Ошол кезде кундун куркурогонундой бир добуш чыгат. Тозок аларды журогун орттомокчу болгондо Малик ага кедерги болуп :
“Эй, Тозок ! Ичинде Курани Карим бар, Ыймандын мекени болгон журокту куйгузбо !
Рахман болгон Аллахка сажда кылган мандайды куйгузбо !”- деп айтат.
Ошол бойдон бул коом Тозокко ташталат.
~ Ошол кезде Тозоктон бир адамдын башкалардан да катуураак ун менен кыйкырып ыйлаганы угулат. Аны Тозоктон чыгарат.
Анын териси эле куйуп улгургон болот.
Аллах Таала ага:
“Сага эмне болду?
Эн коп кыйкырып ыйлаган Сенсин? – деп сурайт.
Ал : “Эй, Раббим! Мени эсепке тарттын. Сенин Ырайымынан алиге чейин умут узгон жокмун.
Сенин мени уга тургандыгынды билем. Ошондуктан, кыйкырып ыйладым” – деп айтат.
Аллах Таала:
“Кимде – ким Аллах Тааланын Ырайымынан умутун узсо ал адашкан адам”- деген маанидеги “Хижр” суросунун 56 – аятын корсотуп :
“Бар, сени кечирдим” – дейт.
~ Акыреттин тан калаарлык жагдайы – ар бир адамды Аллах Таала эсепке тартат. Ар бир адамдын сооптору менен куноолору тартылат.
Ар бир адам ошол кезде Аллах Таала бир гана озунун эсеби менен алектенип жатат деп ойлойт.
Бирок, Аллах Таала бир убакыттын ичинде санын озунон башка эч ким билбеген коп адамды эсепке тартат.
~ Ал жерде кээ бир адамдар кээ бироолорду корбойт.
Бири экинчисинин созун укпайт.
Балким, ар бири Жараткандын пардалары астында болоор.
Кандай чон кудурет ! “Лукман” суросунун 28 – аятында :
“Силердин дуйно жана акыретте жаратылуунар бир дем алгандай убакытта жузого ашат”- деп айтылат.
Аллах Тааланын бул созундо сырлар бар, бул – мекенсиздик жана убакытсыздык сыры.
Анткени, Аллах Тааланын иштеринде чек менен кедерги жок.
Аракеттеринин эч бири башка иштерди жасоосуна кедерги боло албайт.
~ Ал кезде адам озунун баласына :
“Эй, балам ! Мен сени кийинттим, жедирдим, ичирдим.
Сага динди, Ыйманды уйроттум. Сени Куран окутуп уйротуучу Устазга бердим. Бирок, Кыяматтын азабын коруп турасын.
Куноомдун коп экенин да билесин. Ошонун биразын сен жуктон.
Куноом азайсын.
Мага бир сооп бер. Сообум оор бассын” – деп айтат.
~ Ушундайча, бала менен Эненин арасында, эрди – катындардын арасында ошол сыяктуу ангемелер болуп отот.
Мына, Аллах Таала “Абаса” суросунун 24 – аяты аркылуу ошону кабарлайт :
“Ал кундо адам бир тууганынан, Эне оз баласынан качат”.
Хадиси шарифте: “Адамдар Кыямат куну жыланач бойдон жыйналышат”-деп билдирилген.
Айша Энебиз муну угуп: “Алар бири – бирине карашпайбы? -деп сурайт. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи уа саллам) :
“Ал куну бардык адамдын жагдайы оор, ар ким бир гана озу менен алек болот”, -деген маанидеги “Абаса” суросунун 37 – аятын окуду.
~ Адамдар бул кезде бир жерге жыйналышат.
Алардын устуно бир кара булут келет.
Ал булут адамдардын устуно амал дептерлерин жаадырат.
Барактар учуп тушот. Барактар адамдардын он же сол жагына тушот. Бул адамдын каалоосу менен болбойт. Аллах Таала “Исра” суросунун 13 – аятында :
“Кыямат куну анын китебин ачык турдо жиберебиз”, – деп билдирет.
~ Кээ бир Мусульмандар кыйын эсепке тартылбастан эле Бейишке кирет.
Аларга тараза курулбайт. Алар дептерлерин алышпайт.
Аларга бериле турган барактарга “Лаа илааха иллаллооху, Мухаммадур расулуллоох.
Бул баланчанын уулу баланчанын Бейишке кире тургандыгына куболук”, – деп жазылган болот.
~ Бир кулдун куноолору кечирилсе, бир Периште аны Арасат аянтына алып барат.
“Бул баланчанын баласы баланча, Аллах Таала анын куноолорун кечирди.
Эми ал шаки (куноокор) болбойт, саид (акырет бактылуусу) болуп, Бейишке кирет”,- деп айтат.
Ошол кезде адамга бул кабардан да суйунучтуу башка кабар болбойт.
~ Кыямат куну Расулдар минбарлардын устундо болушат.
Ар бир Расулдун минбары өзүнүн даражасына байланыштуу болот.
Ахли Суннот ишенимин карманган жана амалдарды орундаган аалымдар нурдан жасалган орундарда болушат.
Аллах Тааланын Динин коргоо жана таратуу учун шейит болгондор менен салихтер, башкача айтканда Ислам динине моюн сунган адамдар, Курани Каримди урмат менен тажвидге ылайык окуган каарылар, азанды Суннотко ылайык окуган азанчылар жыпар жыттуу жерлерде болушат.
Исламдын окумдоруно моюн сунуп, жакшы амалдарды кылгандыктары учун аларга Адам (алейхиссалам) дан баштап Пайгамбарыбыз Мухаммед (алейхиссалам) га чейин келген бардык Пайгамбарлардан кийин шапаат кылууга уруксат берилет.
Хадиси шарифте: “Курани Карим Кыямат куну жылуу жуздуу, корком муноздуу адам соротундо келет.
Андан шапаат кылуу суралат.
Ал шапат кылат.
Озун музыкалык аспаптар менен окуп, конул ачуу максатында жана акча табуу учун окугандардын устунон арызданат. Андай адамдардан оз акысын талап кылат.
Ыраазы болгон адамдарды Бейишке алып кирет”, -деп билдирилген.
~ Ал эми, дуйно (башкача айтканда кулчулук кылууга тоскоол болгон, харам иштерди кылууга себеп болгон нерселер жана адамдар) болсо картан, ак чачтуу, жийиркеничтуу аял суротундо корунот. Адамдардан суралат: “Силер муну тааныйсынарбы?”- деп айтылат.
~ Жума куну болсо суйкумдуу адам суротундо корунот.
Ыймандуулар ага суктанып карашат. Жума Намазын окуган момундардын устундо Нур болот.
Баары ага карап танданат.
~ Жума кунуно корсоткон урматтарына байланыштуу Бейишке жиберилет.
~ АЛЛАХЫМ БИЛИП БИЛБЕЙ КЕТИРГЕН КУНООЛОРУБУЗДУ ОЗУН КЕЧИР!
БУЛ ЖАЛГАНДА ШАЙТАНДЫН АЗГЫРЫГЫНАН САКТА.
ОЗУНО ДЕП КЫЛГАН АМАЛДАРЫБЫЗДЫ АКЫРЕТТЕ ОН ЖАГЫБЫЗДАН БЕРЕ КОР.
ПЕНДЕМ ДЕ АЛЛАХЫМ.
АКЫРЕТТЕ ТОЗОК ОТУНАН САКТА.
ЖАННАТЫНДАН ЖАЙ БЕРГЕЙСИН АЛЛАХЫМ.
ОЗУНДУН ГАНА УМУТ КЫЛАБЫЗ.
МУСУЛЬМАН БИР ТУУГАНЫМ !
АЛЛАХ ТААЛАНЫН ЫРАЙЫМДУУЛУГУНА, КУРАНИ КАРИМДИН, ИСЛАМДЫН ЖООМАРТТЫГЫНА НАЗАР САЛ !
КУРАНИ КАРИМДИН ЖОЛУНДАГЫЛАРДЫН НАМАЗ, ОРОЗО, ЗЕКЕТ, САБЫРДУУЛУК ЖАНА КОРКОМ МУНОЗДОН ТУРГАН ИСЛАМДЫН КАНЧАЛЫК КАДЫРЛУУ ЭКЕНИН ЭСИНДЕ ТУТ !!!
The post ЖАННАТ жана ЖАХАННАМ appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

September 05, 2015 at 07:33PM

Бул да кызыктуу

2 пикир

  1. Целый день исследовал контент интернет, и вдруг к своему восторгу заметил отличный ресурс. Ссылка на него: https://sms-activation-service.com/ . Для моих близких данный ресурс показался очень привлекательным. Всем пока!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button