alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
МакалаларРубрикасыз

Байлык – бул колдун кири…

Байлык - бул кандай гана бакыт кимдер үчүн.
Байлык -  кандай гана улуулук кимдер үчүн.
Байлык -  кандай гана керемет жашоо кимдер үчүн.

Бирок жаңыласыз тууганым! Байлык да бул Аллахтын сыноосу. Аллах өзү каалаган адамгабайлык берет, бирок андан берешендикти күтөт. Бай инсандар – булар дин менен жашап көрсүн, аны Аллахтан экенин билсин, кедей, бей-бечараларга жардамын берсин, эли – журтунун кыйынчылыгын көтөрсүн…  Ушуларды аткарганда гана ал  чыныгы байлыкка татыктуу боло алат. Азыркы кезде көпчүлүк байлар өзүм жетиштим, өзүм бай болдум же арам акча менен байыгандар болуп жатат. Булар Аллахтын сыноосун билсе жакшы, болбосо алардын жазасы өтө оор…
Акыретте Аллахым бай, кедей жана оорукчан адамдан сурак алат экен. Аллах Таала бай адамдан сурайт:
– Сен эмне үчүн намаз окуган жоксун?-дейт.
– Мен абдан бай элэм ошон үчүн дейт. Аллах Таала ага:
-Эң бай болгон Сулайман алейхи саламды көрсөтөт. Сулайман эң бай болсо да Мага ибадат кылып, намаз окуган дейт. Аллах бай адамдан кайра сурады:
-Сен ушундай бай белең?- деп сурады. Ал: -Жок,- деди. Аллах аны тозокко ыргытат.
Мына тууганым бай бол, бирок Аллахты унутпа!Анын мыйзамдарын, парз, сүннөттөрүнө амал кылып жаша. Ошондо сен Аллах сүйгөн  чыныгы бай инсан болосуң…
А бирок байлык адамзатты көзүн көр кылып өзүнө кул кылып алат. Бай адам байлыкты кандай жол менен таппасын арамбы же адалбы анын максаты күндөн күнгө байлык топтоо болуп калат.“Бай ханга жетем дептир,  Хан кудайга жетем дептир”-деген сөз бекеринен айтылган эмес.  Бай адам “болгон сайын боло берсин”- деп алдыга карай умтулуп, бар жокту таштап ою байлык топтоо гана болуп калат.
Бифр Брок деген инсан айткан экен: “Чынында мен да көп байлык чогулттум, бирок чыныгы жашоо турмушта бул нересе оюн экендигин байкадым, мал дүйнө топтоо оюну коркунучтуу жана анын аягы жок. Өмүрдүн жана бакыттын баарын жутуп алат, ошондуктан жумушумду жана максатымды башка нукка өзгөрттүм, ал да көп мал дүйнө талап кылбай турган жумуш,  бирок Ошону менен мен бактылуу болуп,  элге да кызмат кылам.  Ошондуктан жетээрлик байлык чогулткан иш адамдарынын баарына,  байлык чогултуу оюнун токтотуп,  турмуштагы жетишкендиктериңер менен бактылуулукту сезгиле.  Элге да кызмат кыла турган башка жаңы иштерди баштап,  убакытты текке кетирбегиле деп кеңеш айтаар элем”. . . .
Чындыгында даяр байлык көбүнчө каргышытуу болот, жакшылык болбойт. Анткени бай үй-бүлөдө балдары даяр акча кийим баары бар,  алар эч нерсе жөнүндө ойлобойт. Баарын акча менен өлчөп жашоосунда, бактысыздык болуп, бактылуулук болбойт, байлыкта инсан жыргалчылык менен жашап напсисин аябай акылы бош болуп калат,  гүлдөп турган жаштык убагың өлөр-өлгөнчө ысырапчылык менен өткөзөт.
Байлыктын эң жаманы ал инсандын жүрөгүндөгү мээримдүүлүктү жок кылат.  Бай үй-бүлөргө кирсең баары бар бирок ыйман жок, сый урмат, мээрим, тынчтык жок экенин сезесиң. Эр-Риядагы белгилүү догдурдун бирөөсүнө бир соодегер бай бир оору менен даарыланганы кайрылып калыптыр.
Доктор соодагерге: “Сен жумушуңду токтотуп бир аз эс алууң керек!”-деп айтканда соодагер: “Мен башка жака сапар кылып турам,  чогулуштар болуп турат жумушум аябай көп,  ошондуктан бош убагктым жок”-деп жооп берет.
Анда догдур: “канча байлыгың бар?”-деп сураган да соодагер:
“Менин бир канча имаратым бар, жана үч миллиарддай риялым бар (риял-Сауд Аравясынын акчасы)”-деп айтат. Ошондо догдур:
“Ошол мллирадтарды өзүңдүн өмүрөңө жетерлик кылып бөлсөң дана балдарың кыздарыңдын өмүрүнө жетээрлик кылып бөлсөң,  өмүрүңдүн акырына чейин жакшы,  бактылуу,  тынчтыкта саламаттыкта жашамаксыңар. Өзүң да, үйүң да, көңүлүң да тынч олтурмаксың”-дейт.
Анда соодагер: “Эч үйдө олтура албаймын,  мен байлык топтоо оорусу менен ооруп калганмын. Бир сооданы бүтүрсөм экинчисин баштаймын,  бир имаратты бүтүрсөм экинчисин баштаймын. Сарапдан-сапарга,  чогулуштан-чогулушка барам” ошондо догдур айткан экен:
“Аллахка ант болсун! Бул деген бактысыздыктын дал өзү болот! Эгер бир инсандын жашоо турмушунда жетээрилик даражада байлык болсо ошого ыраазы болуп каниет кыляп кабыл кылса сенден миң эсе бактылуу болмок”. . .
Байлыка кул болгон байкуштар,  байлык топто үчүн түнү куну чуркашат, бир жакшылык кылуу максаттары жок,  садака бербейт, кембагал жетим жесирлерге жардам берип батасын алышпайт, тууган урук менен карым катнашы начар ушундай байкуштар байлыгынын себебинен тозокто азапталышат. Канчалык байлыгы болбосун алар бактысыз инсандар.  Аллах Таала Куранда мындай дейт:

«Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган бардык шылдыңчына азап тозок болсун! Ал байлыкты адал арамына карабай чогултту жана эсептеди.  Байлыгы аны түбөлүк жашатат деп ойлойт. Жок! Алар кыяматта сөзсүз “Хутмага” ташталат. Сен “Хутма” эмне экенин билесиңби? Ал Аллахтын алоолонгон тозогу» (104: 1’6)

Мына туугандар байлыктын кесепети,  адамзатты эмнелер гана кылбайт.  Бай болуң бул Аллахтын сыноосу сизгер берген нээматы, ошон үчүн Аллах зекетин, садака хажды парыз кылды пенделерим адашып кетпесин күнөөлөрдөн тазалынып турсун деп.
Ахнаф ибну Кайстын сөзүндө: “Кудайга шүгүр! Менде бут байлык бар: жатар төшөгүм, жашай турган бөлмөм,  бир наным жана бир чанач суум бар” деген экен.
Ошол сыңардай эгер билсеңиз биздин баалуу байлыгыбыз алтындай болгон Ата-энебиз, сүйгөн жарыбыз,  эч нерсеге алмаштыргыч балдарыбыз,  жашганга үйбүз , кийгенге киймимибиз, жегенге тамагыбыз,  ишибиз болсо мына ушулар байлык билгенге!
Чынында мусулман пендеси үчүн байлык бул Ислам.  Анткени материалдык байлык сиз менен кошо кетпейт ал сизге эч качан жардам бербейт өлгөндөн кийин күл бойдон калат.  А Ислам байлыгы бул биздин жакшы соопту амалдарыбыз алар өзүбүз менен кошо кетет,  жана бизди коргойт жана бактылуу кылат бу дүйнө аркы дүйнө.

Ошон үчүн тууганым байлыктын артынан эмес,  Илимдин, ыймандын артынан чуркаган инсандардан болуп жашайлы!!!

Насиба Абдуллаева,
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button