alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:46
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Сиз бул үч суроонун жообун билчү белеңиз?

Жаш жигит өзүн түйшөлткөн суроолоруна жооп бере ала турган адамдарды издеп, жооп тапканга аракет кылды. Көптөгөн адамдардан сурады, бирок эч ким жооп бере албады.Бир убакта бир билимдүү мусулманды жолуктуруп калып, суроолорун берди.

1. Кудай барбы? Эгер бар болсо, мага анын сөлөкөтүн көрсөтчү?
2. Тагдыр деген эмне?
3. Эмне үчүн шайтан оттон жаралганы менен баардык тарабы от болгон тозокко кирет? Тозок да, шайтан да от болгону үчүн шайтанга тозокко түшүү кыйынчылыкты туудурбайт. Эмнеге Аллах ушуну ойлонгон эмес?
Кокусунан билимдүү киши жаш жигитти алакан менен катуу чаап жиберди.
— Эмнеге сен мага ачууланып жатасың?
— Мен ачууланбадым. Бул жөн гана сенин суроолоруңа жооп болчу.
— Кандайча?
— Мен сени ургандан кийин менин урганымды сезишиң үчүн урдум.
— Албетте, мен ооруганын сездим.
— Демек, сен оору бар экендигине ишендиңби?
— Ооба.
— Анда сен мага Кудайдын сөлөкөтүн көрсөт – деди билимдүү киши.
— Жок, мен көрсөтө албайм.
— Бул сенин биринчи сурооңдун жообу…… Эми айтчы, түндө түшүңдө мен сени алакан менен чапканымды көрдүңбү?
— Жок.
— Сен бүгүн менин алакан менен чабарымды качандыр бир убакта ойлодуң беле?
— Жок.
— Бул тагдыр. Менин колдорум эмне менен жабылган?
— Тери.
— А сенин бетиңчи?
— Тери.
— мен урганда сенин бетиңдин териси оорудубу?
— Аябай ооруду.
— Сенин бул жообуң болсо, үчүнчү сурооңдун жообу… 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button