alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:36
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Койчунун кудайга шүгүр кылганы…

Күндөрдун биринде карапайым бир койчу Жаратканга шүгүр келтирип, өзүнүн аң-түшүнүгүнө жараша:  -«Оо, Жараткан! Кай жерде болсоң да, менден сура! Кааласаң сага койлорумдун жылуу, даамдуу сүтүнөн саап берейин… Жаткың келсе жаздыгымды берейин…-«деп кайрылып жаткан болот.  Койчунун бул сөзүн уккан Муса пайгамбар ачуусу келип:  -«Сен эмне деп жатасың?!
Аллах сүт ичкендей, же уктагандай адам бекен?! Алллах Таала бардык кемчиликтерден аруу! Ал эч кимге жана эч нерсеге муктаж эмес! Экинчи мындай сөздөрдү айтпай жүр!»-деп койчуну урушат. Карапайым койчу ыңгайсыз абалда калып, айткан сөздөрүнө абдан өкүнүп, бушайман болот да, эмне кылаарын билбей, дароо ордунан обдула туруп, шашкан бойдон жөнөп кетет. Аллах Таала ошол замат азирети Мусага:-«Бул эмне кылганың! Пендем чын жүрөгүнөн колунан келишинче Мага жалынып, Мени эстеп жаткан. Сен аны эмне үчүн уруштуң? Ал тили менен адепке ылайык сөздөрдү айтканды билбесе дагы, жан дили менен мени эскерип, мага шүгур келтирип жаткан болчу,»-деп эскертүү берет. Азирети Муса кылган ишине аябай өкүнүп, дароо койчунун аркасынан издеп жөнөйт. Көп өтпөй койчуну таап:  -» Сен өз каалаганыңдай Аллахты эскере бер, -деген экен.   Урматтуу бир тууганым, дубаны арапча айтуу сөзсүз түрдө милдет эмес.  Өз тилиңде эле чын ыхлас менен дуба кыла бер. Буйруса кандай дуба кылсаң, Аллах дубаларыңды кабыл кылат. Албетте Аллах дубаларды Кабыл кылуучу.

http://adilet-s.blogspot.com

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button