alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Кабырдагы жиптин сурагы…

Бир убактар мал-мүлкү ашып-ташкан бай жашаптыр. Ал өлгөндөн кийин кабырдагы жалгыздыктан абдан коркчу экен. Бай бир күнү мындай деп жар салат:

Кимде-ким мен өлгөндө, мени менен кабырга кошо көмүлүп, бир күндөн кийин чыкса менин байлыгымдын жарымы ошол адамга берилет!

Эч ким макул  болгон жок. Бирок, адамдардардын жүгүн ташып жан баккан кедей макулдугун берет.

Менин жогото турган эч нерсем жок. Жалгыз гана ушул жиптен башка… Таң атканча күтсөм, байлык меники болот!

Байдын жансыз денеси менен кошо көмүлөт. Ошентип, эсеп-сурак алуучу периштелер да келишет. Бирөө өлгөн жан. Жанындп тирүүсү да бар…
Бул жансыздан сурак алууга жетишебиз. Бул жандууну сурак кылбайлыбы? деп суракты тирүүдөн башташат.

Бул жип кимдики? Кимге таандык? Каяктан алдың? Эмне үчүн алдың? Кантип алдың? Эмнелерге, кантип колдондуң?  

Сурак таң атканча уланат. Кедейдин сурагы бүткөн жок. Башталышы гана болучу.  Эртең менен аны кабырдан чыгарып алышты. Айтылгандай эле ага байлыктын жарымын беришмекчи болушат. Кедей болсо:

Мага эч кандай байлыктын кереги жок! Таң атканча бир жиптин эсебин бере алганым жок. Мынча байлыктын эсебин кантип берем…

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button