alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
МакалаларРубрикасызТарбия

Аллахтын барлыгына ишенеличи…

Бул ааламды,күндү,айды,табиятты,жандуу жансызды жараткан Аллах Таалага чексиз шүкүрлөр болсун! Бул татаал кубулуштарды ойлоп олтурсаң сенин да менин да акылың эч качан анын түбүнө жетпейт,жепейт дагы . Бул жаралуунун түп теги кайдан пайда болду ушу күнгө чейин бир да менмин деген окмуштуулар,профессорлор изилдеп тапкан жок. Бул дегени Аллахтан башка заттын жоктугу, Андан башка эч ким жаратпаганы ачыктан ачык далил болуп берет. Өкүнүчтүү ушуну билип сезип турсак да Аллахка болгон ишенимибиз жок болгондор канча. Мусулманмын деп аты ,тили эле мусулман болуп жүргөндөр канча. Аллах жолуна түш,кулчулук кыл амалыңды аткар деп кайрылсаң канчалары жүз буруп, кайдагыны айтпа араб маданияты,өзүбүздүн каада салтты бузба дегендер канча. Динди бурмалагандардын айынан канчалары туура эмес кабыл алууда.
Биз кыргызбыз бирок мусулман деген атыбыз бар. Аллах алдында парызыбызды аткаруу керек. Бирок коомдо көпчүлүк үй бүлөөдө балдарына карышы болгон ата энелер чыгууда. Болбосо бул ата- эненин милдети баланы дин менен тарбиялоо Аллах алдында жоопкерчиликти билүү үйрөтүү эмесби?
Азыркы учурда жакшысы интернет,сайттар көбөйүп көпчүлүк жүрөгүндө ыйманы бар уул кыздарыбыз дин тармагындагы сайттардан динний макалалардан аз да болсо ыйманга келип Аллах жолуна келип жатышат бул көрүнүштөр сүйүнтөт. Бирок ушул жерде да ата -энелерибиз өздөрү билбегини аз келип балдарына карышы болгондор аз эмес өкүнүчтү деп ичтен сызып жан дүйнөң ооруп кейип кетесиң.
Намаз окуйун,оронойун десем атам каршы? Энем каршы? Күйөөм каршы? Эмне кылсам болот? деген жаштардын кайруулусу көп болуда . Эмне балдарыбыз,кыздарыбыз намаз окуп,оронуп өз абийрлерин жаап,сактап,уулдарыбыз арам,иштерден,алыс болсо жакшы эмесби?!
Эгер билсеңиз динди туура тандап,жолдорун билип алсак эч кандай адашуу болбойт.
Бир жаш окурманыбыздан келген катты окуп алып аябай таасирлендим,көзүмө жаш алып кетти эх деп. Анда сөз башынан болсун бул окуя кимгедир сабак болсо деп сиздер менен бөлүшүнү туура таптым.
Аллах Субханаху ва Таалага чексиз мактоо,шүгүрлөр болсун жана акыркы пайгамбарыбыз (с.а.в)га Аллах Раббиль Заттын саламы жана салаваты болсун амиинь.
Мен өз жашоомдогу кыскача окуялардан айта кетсем. Ата-энемдин анча динге түшүнүгү жок болгондуктанбы, алар намаз окушпайт эле… 10-класска келгенимде Альхамдулиллах намазды баштадым. Бир күнү айылда таалим болот деген сөздү угуп калдым. Апамдан руксат алдым, апам макул болду. Таалим боло турган куну барамын деп сүйүнүп жатсам, апам : “Сен жашсын, эгер ушинтип жүрсөң оронуп да аласың, атаң дагы урушту таалимде эмне бар?! Кызыңды жакшылап тарбияла деп айтты”-деп апамдан уруш уктум. Кайра-кайра сурай бердим. Акыры болбогондон кийин. Көзүмө жаш келип аябай катуу ыйладым. Эмне үчүн менин аз болсо да илим алуума тоскоол болушат. Илим алуу ар бир мусулманга парз болсо, эмне үчүн мага ата-энем : “Кызым, илим алуу парз. Аллахтын өкүмүн аткарышыбыз керек.”-деп айтышпайт деп өтө катуу ыйладым.
Ушак , гыйбат күнөө болгондуктан, бир күнү ойлонуп отуруп : “кабырда кыйналып калбайын, биз баары бир бир күнү көз жумабыз”-деп, азыраак сүйлөөгө , гыйбат кылбоого аракет кылдым. Бир күнү апам чакырды да : “Сен эмне анча сөзгө кошулбай сүйлөбөй калгансың!? Динге берилип кеттиңби!? Сүйлөшйп эле отурат элең эмне болду сага!? “-деп өтө катуу урушту. Аллахтан сабыр сурап, дагы эле агып жаткан көз жашым ага берди. Ар намазда Аллах учун ыйлап дуа кылдым. Ата энеме хидаят беришин сурадым.
Бир күнү апамдын жанына келип : “Апа оронуу парз экен, Куранда жазылган экен” -десем, апам мени урушуп : “Жок туура эмес жазып коюшса керек. Ал оронуу арабтын салты да, жакшынакай эле жүрө бергиле. Негизи жүрөк таза болуш керек ! Ар кандай китептерди окуй бербе”-дегенде жүрөгүм муздай түштү. Ошондо апама ичтеги арманымды ушунчалык айткым келди.
Күндөрдүн биринде апам: ” Намазды окубайсын болду! Сентябрдан баштап бир маалга өтөсүң. Сен эми чоң окуу жайга окуйсуң. Али жашсың”- деп урушту. Аябай ыйлап, ыйлап дуа кылдым. Аллахтан: ” Оо Аллах апам кайра өзү келип кызым намазыны окуй бер деп айтса экен”- деп. Туура кылдымбы? Анан апам ошентип айткандан кийин, иштерибиз жүрүшпөй, атамын иштери артка кетти. Анан апам үйдө болгондо бекинип жүрүп бир бош бөлмөгө кирип ыйлап – ыйлап намазды окуп алам. Пешим,асрларды. Анан апам айылга кеткенде, беймаалал окуй берем. Кечинде куптанды окубай калып жаттым. Анан дуа кыла бердим. Ал убакта мен намазды таштап койууну элестете албайт болчум. Себеби дегенде мусулман менен кафырдын ортосун тосуп турган-бул намаз эле. Аллахка ыйлап, жалбарып : “Эми мен кафыр сыяктуу болуп каламбы?”-деп ыйладым. Бир күнү апам иштен келип” сен кыжаалат болуп атасынбы, мен дагы өтө кыжаалат болуп атам. Намазынды беш маал кылып окуй бер!” – деп айтты. Альхамдулиллах. Көзүмө жаш келип кетти. Аллах демек дуаларымы кабыл кылыптыр дедим ичимден. Аллах ушунчалык ырайымдүү,кечиримдүү,мээримдүү экен.
Эч качан Аллах Раббиль Заттан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Ал угуп, билип, баарын көрүп туруучу. Аллахка болгон сүйүүм, ишеничим дагы да күчөп кетти.
Байкап көрүң Аллахтын улуктугун,анын барлыгын,бирлигин сиз у биз кандай кыйынчылык, сыноолор болсо тилибиздин учу менен эмес жүрөгүбүз менен, көз жашыбыз менен сураган болсок албетте Аллахым жардамын берет,өзүнүн ырайымы менен жолуңузду ачып коёот ! Көзүбүздү ачалы туура жол,туура илим,туура бакыт,туура жашоо Аллах жолу!
Эмне демекчибиз ушундай Аллахымдан корккон, сүйүктүү уул кыздарыбыз көбөйө берсин демекчибиз! Ата -энелерибизге,дегиле динден кабары жок инсандарга Аллахым туура жолду көрсөтсүн,жүрөктөрүнө ыймандын нурун салып, адашуудан өзү сактасын деп дуба кылып калабыз!
Насиба Абдуллаева,
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»
The post Аллахтын барлыгына ишенеличи… appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

November 15, 2015 at 05:56PM

Бул да кызыктуу

2 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button