alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
РубрикасызСуроо-Жооп

Чубак Жалилов, Орозодо жанын кыйгандарга кандай дейсиз?

1) 6 рекет «аввабин» намазын 1 салам менен окуса болобу?
Жооп: Шам намазынан кийинки окулган алты рекет нафиль намаз авваабиин намазы деп айтылат. Ад дурр аль мухтаарда “бир салам менен, же эки салам менен, же үч салам менен (окулат)” деп айтылат.
Авваабиин дегендин мааниси, “Аллах Таалага көп тооба кылуучу, мол истигфаар аткаруучу” деген маӊызды туюнтат.
Алты рекеттин баарын бир салам менен окуу керектигин “ад Дурар” китебинде баса белгилесе, эки салам (төрт рекетке бир салам, акыркы эки рекетке бир салам) менен окуу керектигин “Газнавия” китеби көрсөтөт. Ал эми “Тажниис” китеби болсо үч (ар бир эки рекетте бир) салам менен болуусуна ык коёт. Мунун баары “Имдаад” китебинде айтылгандыгын “Раддул мухтаар” (4260) китеби баяндап берет.
Аллаама аль Хойр ар Рамлийдин айтуусунда: “Нафиль намаздардын ар дайым бир салам менен төрт рекеттен ашпоосу мустахаб. Азирети Абу Ханийфа жакшы көргөн маселе мына ушул. Эгерде алгачкы төрт рекетти бир салам менен окуп алса, кийинкисин эки рекетте салам берүүгө туура келип калат. Андай болгон сүрөттө, намаздын ырааттуу тартиби бузулгансып, ыңгайсыздыкты жаратат. Ошондуктан эң эле жакшысы ар бир эки рекетте бир салам берип окуу. Мына ошондо бир кылка окулат…”
А бирок алаама ар Рамлийге жооп айтчулар да табылды. Ал шейх Раафиьий болуп чыкты. Ал өзүнүн “Ибн Аабидиндин хаашиясына берген такриираатында” айтат: “Үч салам менен окуганы абзел тарийкага үч ирет каршы келет. А эгер, бир же эки салам менен окуй турган болсо, абзел тарийкага бир ирет эле каршы келет. Ал эми, “бир кылкада окулат” дегени абзел тарыйканы жокко чыгарууга таасир бере албайт”.
Жеке мен (Ж.Ч.)өзүм мындай дээр элем: Кээ бир китептердеги берилген фатва: нафиль намаздардагы эң жакшы тартип эки рекеттен окулат деп айтылат. Демек, маселедеги талаш маселе анчалык деле олуттуу эмес. Үч салам менен да, эки салам менен да, бир салам менен да окуса болору шексиз. Жеке мен өзүм үч салам менен окуганды колдогон болор элем. Валлооху аьламу.
2) Нарындан болом. Ошко турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз көп убакыт сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Тилекке каршы кайненем 1 ай жашатып ажыраштырып салды. Учурда 16 жашка чыккан 1 уулум бар. Жолдошум талак берген эмес, ал турсун жаман көзү менен да карабайт эле. Баламды 16 жашка чыккыча өзүм чоңойтком, жолдошумдан бир дагы жардам болгон эмес. Мындан 6 жыл мурда намаз окуган бала менен таанышып калдым. Жолдошуңдан талак ал деп айткан жок. 16 жылда ал талак жок болуп кетет деген. Оштогу белгилүү мечиттеги биздин никебизди кыйган молдо дагы боло берет деп койгон. Экинчи жолдошум намаз окуганы менен криминал жолдо жүргөн адам экен. Аны менен да ажырашууга туура келди. Ошентип смс аркылуу талагымды берди. Өткөн күнүмдү эстеп аябай кыжалат болом, устаз. Ошондо менин никем барбы? Эмне кылсам болот?
Жооп: Сиздин суроодогу маалыматтарга караганда, сиздин никеңиз дале биринчи жубайыңызда экен. Экинчи турмушуңуздагы нике жараксыз. Көп жыл бирге жашабай калса эле нике бузулат деген түшүнүк туура эмес. Кудай Таалам адаштырбасын. Баланын атасы менен кайра жашаганыңыз макул. Же биротоло жообуңузду алып, жолуңузду табыңыз. Эгерде жүзмө-жүз суроо сурасаңыз, балким сизге жооп башкача таризде берилээр. Кандай болгон күндө да суроонун жообу айтылган суроого гана берилет эмеспи..
3) Таравих намазын 20 рекет окугандан чарчап калып жатам. Ошондуктан ар бир рекетте фатиха сүрөсүнө 2 зам сүрө кошуп 10 рекет окусам болобу? Ошол 20 рекетке барабар болот дешет.
Жооп: Жок, берекем. Анда сен 10 рекет эле окуган болуп каласың. Таравих намазы 20 рекет сүннөт болот. Ишиң көп болуп, чарчап калсаң окуганга милдеттүү деле эмес. Окуганың жакшы. Баарын окуй албасаң да чарчаганча окусаң деле мейли. Жоктон көрө жогору дегендей кеп. Мисалы 20 рекет окуй албай калса, 18 рекет оку.
4) Спирт тийип кургаган кийим менен намаз окуса болобу?
Жооп: Болот. Кургабаса деле окуй берсең болот. Спиртти ичкенге –мас кылганы себептен арам. А бирок, колдонгонго жарай берет. Арам болгону менен нажас эмес.
5) Өзүм намаз окуймун. Жубайымды намаз оку десем так секирип болбойт. Эмне кылышты билбей калдым?
Жооп: Жубайыңа жакшы мамиле кыл. Даават кыл. Жөн эле оку десең эле, этиңди көргөн аял дароо окуй бермек беле? Анын тилин таап, мусулманчылыкка ыктат. Ошондо бактылуу болосуң.
6) «Бир адам башка бир адамды
сүйүп калуусу үчүн окула турган дуба» дегендерди колдонсо болобу? Бул кара дубага кирбейби?
Жооп: Сыйкырлап койсо кара дубага кирет, а эгер жөн эле улук Кудайдан тилек кылып сураса, ал нерсеге шариатта тыюу салынбайт.
7) 25 жаштамын, 7-классымдан бери талма оорусу менен ооруп келем. Турмушка чыксаң калат дешти. Турмушка да чыктым, бирок оорум күч алгандай болду. Бош олтуруп калсам эле бирөө “Мен Кудаймын, сен шайтандын жолуна түшүп кеттиң, деп коркута берет. Уктаганда сөзсүз бир маал коркутат. Намаз дагы окуп көдүм, бирок намазга турганда сенин намазың эч качан кабыл болбойт деп алаксыта берчү. Акыры даарат көп алып ден-соолугумду да начарлатып, намазымды да таштап койдум. Мен сага ишенбеймин жогол десем, сен Кудайга ошентесиңби дейт. Эмне кылам, устаз?
Жооп: Ал шайтандын васвасасы. Өзүңө такыбараак молдо таап дем салдыр. Намазды кайра башта. Калтырбай окуй берсең, ооруң калып кетмек. Даараттын ден-соолукка таптакыр зыяны жок. Сени менен мени жоктон жараткан Аллах Таала буйруган ибадат ал даарат. Даарат диндин жарымы. Тазалык диндин жарымы.
8) Эртең менен түшүркөп, гусул алууга туура келсе орозо бузулбайбы?
Жооп: Эртең менен түшүркөп калгандан орозо бузулбайт. Ооз-мурунга этиеттеп суу алып, дененин баарына суу жеткирсе жарай берет. Ал эле эмес, түн ичинде аялы менен шариаттык иште болуп, ооз бекитер убакта колу менен жүзүн жакшылап чайкап, андан кийин курсагын ныктап тойгузуп, оозун бекитип, андан соң гусул алып намазын окуса да боло берет. Динибиз адамдарды кыйноо үчүн эмес, сыйлоо үчүн келген.
7) Мурундан травма алганым үчүн 2 тамчыдан даары тамызып туруум керек. Оозум ачылбайбы?
Жооп: Мурунга тамчылаткан даары мурундан ары адамдын ичине кирип кете турган болсо орозону бузат. Мурундун ичинде калып кете турган болсо орозосу бузулбайт.
8) Таравих намазын кандайдыр бир себептерден улам 5 күн окубай калдым. Казасын окусам болобу? Эгер болсо кайсы убакта канча рекет окуу керек?
Жооп: Таравих намазынын казасы – биз билгенден — болбойт. Анткени таравих намазы милдеттүү болбогондон кийин анын казасы да жок. Ошол бойдон калып кетти.
9) Карызга акча алып апамды ажыга жөнөтсөм болобу? Менин карызга берген акчамды октябрда алмакмын.
Жооп: Орду бар карыз акча алсаңыз жарай берет. Маселе орду жок алынган карыз акчада.
10) Атам апамды жаман кордойт. Атамды дааватка жиберели десек же макул болбойт. Кантип жиберип салсак болот?
Жооп: Эптеп алдап-соолап жибергиле. Каалаганын алып бергиле, кандай болгондо да дааватка жиберүүнү ишке ашыргыла. Борбордук мечитте Мухтарбек ажы деген бар. Ошол кишиге жиберсеңиз, ошол эптеп алып чыгып кетээр эле даватка.
11) Дүйнө иштеринде аял менен сөзсүз кеңешүү керекпи?
Жооп: Аял менен ага керектүү иштерде, тиешеси бар иштерде кеңешсе болот. Аялдарга таандыгы жок иштерде назик заттардын башын оорутуунун кажети жок.
12) Үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүргөн келиндин жолдошу жол кырсыгынан каза болгон экен. Анын 1-никеси эмне болот? Үйлөнө берсем болобу?
Жооп: Жолдошу каза болгондон кийин, эгер боюнда жок болсо төрт ай он күндөн кийин башкага турмушка чыга берсе болот. А эгер боюнда бар болуп, төрт ай он күндөн көп мөөнөттө төрөй турган болсо, анда ошол курсагындагыны төрөгөңдөн кийин турмушка чыга берсе болот. Күйөөсүнүн өлүүсү менен талагы түшкөн болот.
13) Атасынын карызын баласы төлөөгө милдеттүү эмес дегениңизди кененирээк айтып берсеңиз, устаз?
Жооп: Атасынын артында байлыгы калса, ошол байлыктан атасынын карызын төлөө балага милдеттүү болот. А эгер атасынын байлыгы калбаса, шариат ал балага атасынын карызын төлөө милдеттүү кылбайт. А бирок перзенти атасына же энесине жакшылык кылгысы келсе, анда анын өз ыктыяры…
14) Москвадагы диний китептерди окуса болобу? Анан да ар масхапты кармангандар көп.
Жооп: Кыргыз муфтиятынын мөөрү басылган китептерди окусаңыз жарай берет. Ошондой эле Москва муфтиятынын мөөрү басылганы да жарай берет. Тагыраак айтканда, мөөрлөрү басылгандын баары жакшы. Мөөрлөрү басылбагандардын баары жаман эмес.
15) Балдарынан кечкен, балдары каза болсо кубанган атага эмне дээр элеңиз. Балдары ошондой атага кандай мамиле кылуу керек?
Жооп: Эмне дейт элек. Кудайым хидаят берсин деп дуба кылабыз.
16) Жубайым экөөбүздүн ортобузда 3 балабыз бар. Үйлөнгөндөн бери шаарда турчубуз. Агаларым үйлөнүп жайланып, үйдү бошоткон болчу. Айылга барып апамды карап бирге жашайбыз десем, такыр көнбөй койду. Жообун берип салгым келет. Айылга барып кошуна кызды алып, апамды карап жашагым келет. Бирок балдарымды жетим калтыргым да келбейт. Кандай кылсам туура болот?
Жооп: Кабыргаң менен кеңеш. Аялың сени менен жашоону кааласа, сени жакшы көрсө, география бүткөн жерге чейин деле кете бермек. Демек, аялыңдын катылган сүйүүсүн тап.
17) Эгер эркек адамда «гинекомастия» болсо, аны алдырып салууга шариат руксат береби? Эгер руксат жок болсо сабыр кылам.
Жооп: Бул оору менен адатта аялдар оорушат. Кээде эркектер да бул ооруга жолугат. Эгерде сизге бул абдан эле ынгайсыздык жарата турган болсо, аны алдырып салуу ден-соолугуңузга олуттуу зыян келтирбей турган болсо, алдырсаңыз болот. Ден-соолукка зыяндуу болсо, алдырууга болбойт. Ден-соолук аманат.
18) Алматыдан болом. Жаз келгенде эле «кудай жаз» деп өткөрөбүз. Жылына 3,4 кой соёбуз, быйыл 10 кой союлду. 100, 200 адам келет. Бул кылганыбыз туурабы?
Жооп: Жазга жеттик, “Кудайга шүгүр! Кудайымдын ырайымы болбосо кантип жетмек элек, Кудайга шүгүр!” деп аткарылган таат-ибаадат.
19) Орозодо жанын кыйгандар кандай болуп калат? Эмнеге өз жанын кыйгандарга жаназа окулбайт?
Жооп: Жан кыйган ар убакта арам. Орозодо күнөөсү көбүрөөк. Анткени, ыйык айда аманатка кыянат кылганы болот. Жан аманат. Аны сактоо да аманат. Аманатка ушул таризде кыянат кылгандарга жаназа окулбайт дейт көпчүлүк уламалар.
20) Намазымды баштадым. Жоолукка кайненем менен жолдошум каршы болуп туруп алды. Өзүңдү жакшы алып жүр дешет. Кантип макул кылдырсам болот?
Жооп: Жакасы бар көйнөк кийгенче, намаз окуганда жоолукчан намаз окуп тура тур. Анан, ал экөөнө дуба кылсаң, Кудайым тилектериңди кабыл кылат.
21) Жакшы көргөн кызыма 5 жылдан кийин үйлөнүшүм керек. Сөйкө салып койсом болобу? Экөөбүз тең 17 жаштабыз.
Жооп: Ага чейин ким бар, ким жок. Антип анын жолун байлаба. Ой өзгөрүлөт, пикир алмашат жыл жылбышкан сайын…
22) Жубайым менен ажырашып кеткем, бирок талагын берген эмесмин. Ал башкага тийип кетти. Мага күнөө болбойбу?
Жооп: Сага күнөө. Талагын бер. Иддасын чыгарып, никесин кыйдырсын.
23) Иштеген жердеги шефтериң орозо кармаба десе эмне кылуу керек?
Жооп: Кармай берүү керек. Кудайдын парзы. А бирок аскер кызматындагыларга оорчулук келбес үчүн аскербашчылары орозо кармабоого буйрук бергени кээде жөндүү да болот.
24) Уулумду шартка байланыштуу төркүнүмдө атам-апамдар карап жатат. Мен жумуштамын. Баарын караганга, каржылаганга аракет кылам. Жолдошум өз баласын тааныбай койду, жардам да бербейт. Кайсыл жолду кармансам туура болот? Баламды каратып апамдардын убактысын алдымбы деп кыжаалат боло берем.
Жооп: Намаз оку. Жакшы жүр. Баары өтөт.
25) «Башың бош, билгениңди кыл, жообуңду бердим» десе талак түшөбү?
Жооп: Эркектин ниетинде талак берүү болсо, бир талак боин түшөт. А эгер андай болбосо андай болбойт.
26) Уккан нерсени бирөөгө жеткирүүдө ката кетирип алуунун күнөөсү канчалык?
Жооп: Атайылап ката айтса күнөөкөр болот.
27) Бизде орозо 4-июлда бүтүп жатат, 29 күн гана кармаган болуп калат экенбиз. Ошондо 1 күн тутуп беребизби дагы?
Жооп: Орозо кээде 29 , кээде 30 күн да боло берет. Ага таӊдануунун кереги жок.
28) Орозодо эрте менен уктап калганда (ниет кылбай, тамак ичпей) ошол күнкү орозону чыдап кармаш керекпи? Эгер кыйналып ачып алса казасын бир күн эле кармап береби? Же каффаарат болуп калабы?
Жооп: Орозодо эртеӊ менен уктап калса, таӊ аткандан кийин турса, эч нерсе жебей эле түшкө чейин ниет кылууга жетишип калса, ошол күнкү орозого эсеп. Ошол күнү ниет кылбай калса, кийин бир күн каза кармап берет. Орозо кармабай койгону үчүн күнөөкөр болот.
А эгер орозону кармап туруп, андан кийин атайылап ачып жиберсе каффаарат болот. Ооруган себептен, же кыйналган себептен оозун ачса, анда ал бир эле күн каза кармап берет.
29) Парз намазда жалгыз адам болсо да коомат айтылабы?
Жооп: Сүннөт болот.
sarsep.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button