alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:44
ЖаңылыктарРубрикасыз

Кыргызстан Ислам Университетинде мавлид кечеси өтүүдө.

Бүгүн Кыргызстан ислам университетинин жыйындар залында пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулган айынын урматына карата мавлид кечеси өтүүдө.
Кечеге КИУнун ректору, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, КИУнун проректорлору жана мугалимдер жамааты, аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басарлары Тажидин ажы Байтейитов, Марс ажы Ибраев, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы, аалымдар кеңешинин жоопту катчысы Жоробай ажы Шергазыев катышууда.
КИУнун 4-курстары тарабынан уюштурулган мавлид кечеси Куран окуу менен башталып, алгачкы сөз, ректор Абдишүкүр ажы Нарматовго берилди.
«Жападан жалгыз үммөтүн ойлогон пайгамбарыбызды (ﷺ) кантип сүйбөйлү. Ар бир эне пайгамбарыбыздын (ﷺ) хадистеринен балдарына окуп берсе, канчалаган инсандар анын өмүр жолунан кабардар болмок»,-деди ректор өз сөзүндө.
Ал эми КИУнун проректору Марс ажы Ибраев 4-курстун бүтүрүүчү студент кыздары тарабынан даярдалган мавлид кечесине келген конокторго ыраазычылыгын айтып, пайгамарыбызды (ﷺ) сүйүү менен жашайлы деген пикирин билдирди.
Мавлид кечесинин катышуучуларына бул күнү атайын даярдалган пайгамарыбыздын (ﷺ) өмүр жолунан, мусулман үммөтү үчүн жасаган баа жеткис эмгектеринен слайд көрсөтүшүп, катышуучулардын жүздөрүнө жыйлмаюу жаратты.
Майрамдык кеченин уюштуруучулары тарабынан атайын таттуулар жана пайгамарыбыздын (ﷺ) насааттары жазылган баракчалар даярдалган.

December 30, 2015 at 02:23PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button