РубрикасызСуроо-Жооп

Шиялар (шииттер) кимдер?

قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمْ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ
 وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
(Мухаммад) Айт: “Эгерде Аллахты сүйчү болсонор, анда мени ээрчигиле. (ошондо гана) Аллах силерди сүйөт жана күнөөӊөрдү кечирет. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү”  .            
Мээримдуу жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.
Бизди Ислам менен шарапаттуу, ыйман менен ызаттуу кылган, Куран менен туура жолго салган, инсандардын арасынан эң жакшы үммөт кылып тандаган Аллах Таалага чексиз хамд-шүгүрлөр жана ааламга мээрим кылып жөнөтүлгөн Аллахтын элчисине жана анын үй бүлөсүнө мактоолор болсун.
Сахабалардан, Таабиъиндерден жана аларды Кыяматка чейин жакшылыкта ээрчигендерден Аллах Таала ыраазы болсун.
Аллах Тааланын улуу хикматы менен, мусулмандар ар кыл жамааттарга, топторго, ар түрдүү жолдорго жана фиркаларга бөлүнүп, кээ бир маселелерде талашып бир-бирине кайчы пикирде болууну сыноо кылып ошол келишпестиктерде, талаш-тартыштарда Кураан жана Сүннөткө кайткыла деп буюруду.   
Аллах Таала Кураанда:
يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُوْلِي الْأَمْرِ مِنْكُمْ فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِنْ كُنتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ذَلِكَ  خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًا
“Оо, ыйман келтиргендер! Аллах Таалага, пайгамбарга жана өзүңөрдөн (мусулмандардан) болгон жетекчилериӊерге моюн сунгула. Кайсыл бир маселеде талашып калсаңар -эгерде Аллахка жана Акыретке ишенүүчү болсоңор- ал маселени Аллах Таалага жана Пайгамбарына кайтаргыла. Ушул (силерүчүн) жакшы жана эн абзел чечим”, деп айткан.  (Ниса 59.)
Ошон үчүн баардык динге кызмат кылам деген инсан үммөттүн, элибиздин биримдигин жана тынчтыгын кааласа, ушул аятты карманып, колунан келишинче биримдикке чакырып, талаштарды Кураан жана Сүннөт менен чечип, бөлүнгөндөрдү чогултуп, чогулгандарды бекемдөөгө аракет кылуу керек. Ошол үчүн биз Ахли Сунна ва Жамааъат деп аталабыз.
Аллах Таала Кураанда:
وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا
“Бардыгыңар Аллахтын жибин (динин) бекем кармагыла жана бөлүнүп жарылбагыла!”, деп айткан.
(Аали имраан 103.)
Пайгамбарыбыздан кийин бизге үлгү болгон сахабалардын айткан сөздөрүн жана төрт мазхаб имамдарынын китептерин да карап көрсөк биримдикке чакырып, ар бир айткан сөздөрүндө жана пикир келишпестиктерде Кураан жана Сүннөткө кайрылышканын көрөбүз.
Исламда кандай топ же жамаат болбосун баары өздөрүн Ахли сунна жамаатынанбыз – деп, эч кимиси Пайгамбарыбыздын жоро жолдоштору болгон, тирүү кездеринде Аллах Тааланын ыраазылыгына ээ болуп Бейиш убада кылынган улуу сахабаларга сөз тийгизишкен эмес.
Аларга Кураан жана Сүннөттөн далил келтиришкенде көптөрү кабыл кылышып Ахли Сунна Жамааты менен бир үммөт болушкан. Шиялар сымал өздөрүнүн кармангандарын өзүнчө дин дешкен эмес.
Аллах Тааланын жардамы менен убакыты аз адамдарга жеңил болсун үчүн кыска, негизги маселерди ашыкча сөздөрсүз, колумдан келишинче кыскартып шиялардын чыныгы жүзүн көрсөтүү үчүн бул макалада алынган далилдердин баарын, шияларда негиз болгон азырга чейин колдонгон китептерине таянып, алар жөнүндө жалпы маалыматты жазууга аракет кылдым.
                      Шиялар кимдер?
Шиялардын башталышы Абдулла бин Сабаъдан башталат. Ал Йемендик жөөттөрдөн болгон. Исламды кабыл алымыш болуп мусулмандардын арасында өз бузуку оюн таратканга аракет кылат.
Мусулмандардын арасында фитна чыгарып, аны колдогон эч кимди таппаган соӊ шаарларды кезип жүрүп акырында Халифат ордосуна келип өзүнүн бузуку оюн таратат, ошондо кээ бирөөлөр аны колдой башташат. Абдулла бин Сабаънын оюн жолдогондуктары үчүн алар башында Сабаъийя деп аталышчу.
Ал башында Ахли байтти (Пайгамбарыбыздын үй бүлөсүн) сүйүү, өзгөчө Алини сүйүү, аны ээрчүү, жолун жолдоо, ага Пайгамбарыбыз халифалыкты осуят кылган, ал биринчи Халифа болуусу керек болчу, -деп, улуктап отуруп, аны Кудайлык деӊгээлге чейин көтөргөн.
Шиялардын аалымдарынын бири Ал Кумай “Макаалаат вал фирак” аттуу эмгегинде Абдулла бин Сабаъдан Шия агымы башталганын мойнуна алып Алинин имамдыгынын парздыгы жөнүндө эӊ биринчи айткан Абдулла бин Сабаъ[1] –деп, айткан.
Шиялар өз ойлорун мусулмандардын, ахли суннанын арасында таратуу үчүн ар түрдүү борборлорду ачып, исламды жайылтып жатабыз деп, биз менен Ахли Суннанын айырмасы жок дешет. Ошол эле убакта Кураанды жана Сүннөт китептерин, Ижмаъты жана төрт мазхабтын бирин да кабыл кылышпай булар туура эмес дешет.
Өздөрүн Ахли Суннанын ичиндеги шия мазхабындабыз деп да айтышпайт, “Шия дини” деп аташат. Ибну Баабавайхи ал Иътикодаат деген китебинин Иътикодаат бөлүмүндө, Туусийдин ал- Фахраст китебинин 189 -бетинде. Агабарзактын аз-Зарииъа китебинин 2 -тому, 226 -бетинде “шийизимди” ачыктан ачык эле дин деп айтышкан.
Ошондой эле: “Ким биздин жолубузду жолдобосо, имамдарыбызга моюн сунбаса алар каапыр”, -деп да айтышат. (Ал Анваар ан Нуъмаания 2 -тому, 279 -бет.) ( ал Бихаар 8 -тому, 366 -бет.)
Ахли Сунна жамаатынын өкүм алууда негиз болгон Кураан, Сүннөт жана Ижмаъ жөнүндө шиялар эмне дегенинe кыскача токтолуп кетели.
1)      Кураани Карим
Алла Таала айтты:
إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ
“Чындыгында бул эскертмени [Куранды] Биз Өзүбүз түшүрдүк. Эми аны Биз өзүбүз сактайбыз. [Хижр 15:9.]
Алла Таала айтты:
أَفَلَا يَتَدَبَّرُونَ الْقُرْآنَ وَلَوْ كَانَ مِنْ عِنْدِ غَيْرِ اللَّهِ لَوَجَدُوا فِيهِ اخْتِلَافًا كَثِيرًا
Куранга ой жүгүртүшпөйбү. Эгерде [Куран] Аллахтан башкадан болгондо силер андан көп карама каршылыктарды тапмаксыңар…” (Ниса 4:82).
Ахли Сунна Жамааты Кураан толук, кемчиликсиз Аллах Таала ыраазы болуп жиберген китеп деп ишенишет.
Ошондой эле бир ооздон Кураандын кемчилиги бар, каталары бар деген эч күмөнсүз ыймандан чыгат дешет.
Шиялар Кураан жөнүндө эмне дешет?
Шиялардын чоң аалымы ал-Калиний “Усул ал Кафий” деген китебинде: “Кураан коййимсиз (Алинин сөзүсүз) далил боло албайт”, -деген. (1 -том. 188 -бет.)
Кураан Алинин сөзүсүз далил болбойт” -деп Кураанды четке каккан сөз жана башка шияларда негиз болгон көптөгөн китептеринде да бар: (Рижаал ал Каший  420 -бет) (Ъилал аш Шарооиъ  192 -бет.) (ал Ахаасин  268 -бет.). (Васаил аш Шийъа  18 -том. 141 -бет.). Жана башка коп китептерде келет.
Бул жерде Кураан Аллах Тааланын сөзүн камтыгандыгы үчүн эмес, Алинин сөзүн камтыганда гана далил болот, -деп жатышат. Кыскасы алардын бул айткан сөздөрү Кураан далил эмес, Алинин сөзү далил дегени.
Дагы бир риваяттарында Али айтты дешет: “Аллахтын китеби сүйлөбөйт, мен Аллахтын сүйлөй турган китебимин”. (Ал Хур ал Амилдин ал Фусуул ал Михна китебинде 235 -бет.)
Ушул эле мааниде (Усул ал Каафии 1 -том. 61 -бетте ) келген. Бул дегени алар өз имамдарынын сөздөрүн Кураандан, Аллахтын сөзүнөн өйдө коюп жатышат.
Андан да өтүп, дагы башка китептеринде ачык эле өздөрүнүн Маъсуум Имамдарын улуктап Аллах Тааланын улук Кураанына тенешип: “Имамдарыбыздын өздөрү Кураан,” -деп көп китептеринде жазышкан. (ал Кафи том. 194 -бет.) (тафсир ал Ъаяши 2 -том. 120 -бет.) (Тафсир нууру ас Cаколайн 2 -тому, 296 -бети). (Тафсир ал Комий 1 -том. 310 -бет.) (Бихаар ал Анваар 36 -том. 80 -бет.)
Бихаар ал Анваар деген китебинде: “Маъсуум[2] Имамдарыбыз Аллахтын аяттары жана китеби…..,” -деген бөлүмүндө Имамдар Аллахтын китеби жана аяты деген сөз жыйырмага жакын эскертилет. (Бихаар ал-Анваар 23 -том. 206, 211 -беттер.)
Бихаар ал Анваар деген китебинде: “Маъсуум Имамдарыбыз Аллахтын сөздөрү” деген бөлүм бар, анда ушул сөз жыйырма беш жолу айтылат. (Бихаар ал-Анваар –24 том. 183, 184 -беттер.)
Жогорудагы китептеринде Маъсуум имамдарын Аллахтын сөзүнө, китебине теңегендиги жөнүндө бир эки сүйлөм эмес бөлүмдөрдү жазышкан. Мындай адашуудан Аллах Таала өзү сактасын.
2)      Сүннөт.
Алла Таала айтты:
وَمَا آتَاكُمْ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ فَانْتَهُوا وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
Пайгамбарлар силерге эмне алып келген болсо, аны алгыла. Ал эмнеден тыйган болсо, тыйылгыла. (Хашр 59:7.)
Алла Таала айтты:
وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْرًا أَنْ يَكُونَ لَهُمْ                                  الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا مُبِينًا
Аллах жана Анын Пайгамбары бир ишти буйруган убакта муъмин эркек жана муъмина аял Аллахтын жана Пайгамбардын буйругун таштап, башка ишти тандаган эмес. Ким Аллахтын жана пайгамбардын айтканын кылбаса, ал анык адашуу менен адашыптыр. (Ахзаб 33:36.)
Алла Таала айтты:
وَإِنْ تُطِيعُوهُ تَهْتَدُوا
«Ал эми пайгамбарга  моюн сунсаңар анда туура жолду табасыңар.» ( (Нур 24:54.)
Биз Ахли Сунна жамааты Пайгамбарыбыздын айтканын, кылганын, макул болгонун жана тастыктаганын баарын Сүннөт дейбиз. Сүннөттү карманып, бөлүнбөстөн бир жамаат болгондугубуз үчүн биз Ахли Сунна жамааты деп аталабыз.
Ал эми шиялар болсо биздин сахих хадистерибизди кабыл кылышпай өздөрүнүн хадис китептерин жыйнап, Ахли Сунна жамаатынан бөлүнүп: “Биз он эки имамыбыздын айткан, кылганын, макул болгонун жана тастыктаганын шарапаттуу хадис, дейбиз” –дешет. Бул Мухаммад такиййу ал Хаким деген аалымынын Суннату ахлул байт деген китебинин 9 -чу бетинде келген.
Төмөндөгү шиялардын китептеринен алынган сөздөргө көңүл буруңуз.
Имамдары жөнүндө:
“Имамдарыбыз Пайгамбарлыкты улантуучулар”, -дешет. (Ъакооид ал Имаамия китеби 166 -бет.)
“Имамдардын сөздөрү Аллахтын сөзү. Алардын буюругу Аллахтын буюругу. Аларга баш ийүү, Аллахка баш ийүү. Аларга баш ийбөө Аллахка баш ийбөө. Алар Аллахтан вахий болгонду гана сүйлөшөт”, –дешет. (Ибну Баабавайхиал-Иътикодаат 106 -бет.)
Ушинтип алар имамдарын Пайгамбарларга тенеп, аларга баш ийүүгө чакырышат.
Андан да өтүп Ал Каафинин чечмелөөсүндө: “Көрүнүктүү Маъсум Имамдарыбыздын баарынын хадистери Аллахтын сөзү. Аллахтын сөзүндө талаш жок болгондой эле алардын сөздөрүндө да талаш жок”, –деп айтышкан. Ал Маазандий деген аалымынын “Шарх Жаамиъ ъала ал Каафи” китебинин 2-тому, 272-бетинде келген.
Бул эле эмес, алар инсандын сөзүн Аллахтын сөзү дегенге ачыктан ачык уруксат беришет. Ал Маазандий “Шарх Жаамиъ ъала ал Каафи” 2-том. 272-бетинде: Абу Абдулла (маъсуум имамдарынын бири) “Атам же чоңаталарымдын бироонон уктум -деп риваят кылса, аны Аллах айтты десе болот деген,” -деп айтышат.
Пендени Пайгамбарга теноодон жана анын айтканын Аллах айтты дегендей адашуудан Аллах Өзү сактасын.
3)      Ижмааъ.
Биз Ахли Сунна жамааты Ижмааъ -деп, бир замандын аалымдары бир маселени чечүүдө, ошол замандын аалымдарынын баары бир чечимге келгенин айтабыз.
Ижмааъ Ахли Суннада Кураан, Хадистен кийинки далил алына турган негиз экенинде Ахли Сунна Аалымдарынын арасында талаш жок.
Ошон үчүн аалымдарыбыздын бири: “Ким Кураан, Хадис жана Ижмаътан сүйлөсө, ал Ахли Сунна жамаатынан болду”, -деген.
Ахли Сунна баардык динге байланыштуу сөздөрдү жана амалдарды ушул үчөө менен таразалайт.
Ал эми Шиялар Ижмаъты далил деп эсептешпейт. Ал Иснавий шияларда негиз болгон китебинде: “Ижмаъ болгон маселе Ижмаъ болгондугу үчүн эмес, ал маъсум Имамдын сөзүн камтыгандыгы үчүн гана далил болот, маъсум имамдын жалгыз айткан сөзу да (ижмаъка каршы келседа)  далил болот,” –деп айтылган. (Нихаяту ас Суул 3-том. 247-бет.)
Жогорудагы мааниде айтылган сөздөр, Ахли Сунна Аалымдарында ижмаъ (бир ооздон макул болгон) болгон маселени четке кагып, өздөрунун Маъсум Имамдарынын сөздөрун гана кабыл алары жөнундө башка көп жазмаларында айтылган. 1308 жылы Тегеранда басылган Ибну ал Муттоххирдин “Тазхиибу ал Усуул илаа илму ал Усуул ” китебинин 70 -бетинде. Ал Муфиид аалымынын “Авааил ал макоолаат”  китебинин 100, 99-бетинде. “Ковамиъ ал Фузуул” деген китебинин 305-бетинде. “Ал Маржиъия ад Диния ал кубро” китебинин 16-бетинде, жана ошондой эле шиялардын башка көптөгөн усул китептеринде да бар.
Алар “Ижмаъ Маъсум Имамдарынын сөзүн камтыбаса далил болбойт, эгерде камтыса имамдын сөзү камтылгандыгы үчүн гана далил болот, имамдын сөзү Ижмаъка каршы келсе, имамдын сөзү ижмаъсыз деле далил,” -деп, ачык-айкын айтып жатышат.
4)       Сахабалар
Аллах Таала Кураанда сахабалардын пазилетин, ордун билдирип мындай дейт:
وَالسَّابِقُونَ الْأَوَّلُونَ مِنْ الْمُهَاجِرِينَ وَالْأَنصَارِ وَالَّذِينَ اتَّبَعُوهُمْ بِإِحْسَانٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْرَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ وَأَعَدَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي تَحْتَهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ                                                   
“Мухаажир (Меккеден Мединага көчкөн сахабалар) жана Ансарлардын (Мединада жашаган сахабалар)алдыңкылары жана аларды жакшы иштер менен ээрчигендер, алардан Аллах ыраазы болду жана алар да Аллахтан ыраазы болушту”. (Тооба 100 -аят.) Бул аятта Аллах сахабалардан ыраазы болду -деп айтылып жатат.
Пайгамбарыбыз (Аллахтын салават саламдары болсун) айтты; «Эң жакшы адамдар менин доорумдагылар, андан соң алардан кийин келгендер, андан кийин алардан кийинкилер.» (Бухари 3651-хадис.)
Пайгамбарыбыз (Аллахтын салават саламдары болсун) айтты: “Менин сахабаларымды сөкпөгүлө. Менин жаным колунда болгон Зат менен касам ичем, эгерде бирөөңөр Ухуд тоосундай алтын садака кылсаңар да алардын кылган ишине жетпейт, жарымына да жетпейт.” (Бухари 3679-хадис.) (Муслим 6651-хадис.)
Бардык мусулмандарга сахабаларды жакшы көрүү, дос тутуу, алардын пазилети-артыкчылыгы жөнүндө билүү милдеттүү. Алардын улугу Абу Бакр, кийин Умар, кийин Усман, кийин Али, бул төртөөнөн кийин Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахаба, кийин Бадр согушуна катышкандар, кийин “Байъату ридванга” (дарактын түбүндө ант бергендер) катышкандар.
Аллах Таала Кураанда:
لَقَدْ رَضِيَ اللَّهُ عَنْ الْمُؤْمِنِينَ إِذْ يُبَايِعُونَكَ تَحْتَ الشَّجَرَةِ فَعَلِمَ مَا فِي قُلُوبِهِمْ فَأَنْزَلَ السَّكِينَةَ عَلَيْهِمْ وَأَثَابَهُمْ فَتْحًا قَرِيبًا
“(Худайбиядагы) дарактын түбүндө сага ант берген момундардан Аллах ыраазы болду.”   Фатх :18.
Сахабалардын фазилети жана Исламдагы орду жөнүндө жана башка аят, хадистер көп.
Шиялар болсо баардык сахабалардын пазилеттери жөнүндө келген аят хадистерди четке кагып, сахабалар жөнүндө көптөгөн сөздөрдү айтышат.
Абу Бакр, Умар, Усман жана башка сахабаларга сөз тийгизишип аларды динден чыгарышкандыктары жөнүндө көптөгөн китептеринде окуй алабыз.
Жалпы сахабаларды динден чыгарышып: “Сахабалар Абу Бакрды Халифа кылып тандагандыктары үчүн алар динден чыгышты”, -деп, төмөндөгү китептеринде айтышкан. Ал Ижий (ал Мавакиф 419-бет). (Аннавбахтий Фирок аш Шия 23-бет). (Аннаашиъ ал акбар “масаил ал имаама” 22, 23-бет). (Ал исфароони “аттабсиир фиддиин”72-бет).
Аалымдарынын бири ал Калииний (ал Каафий) деген китебинде жазат: “Абу Жаъфар (он эки имамдарынын бири) айтты: Сага таң калыштуу нерсени айтайынбы? Мухажирлер(меккеден келген сахабалар) жана Ансорлор(мадиналык сахабалар) динден чыгышты (каапыр болушту), үчөөнөн (Салман, Абу Зар, Микдаад) башкалары, -деп колу менен үч манжасын көрсөттү”, –дейт. ( Усул ал Кафий ыйман жана куфр китеби. Килла ъадад ал муъминиин 2-том, 244-бет.) ушул эле сөз төмөндөгү китептерде да келген (Рижаал ал Каший 7-бет.) (Бихаар ал Анваар 22-том, 345-бет).
Алар өзгөчө абу Бакр, Усман жана Умар жөнундө катуу сөздөрду айтышат. Аалымдарынын бири ал Мажлисий ал Бихаар деген китебинде “Үчөөнүн (абу Бакр, Умар, Усман) каапырлыгы жана мунафыктыгы”, –деген бөлүм жазган. Бир эки сүйлөм менен чектелбестен толук бир бөлүмдү улук сахабаларды жамандоо жөнүндө жазган. (Бихаар ал Анваар 8-том 252, 208-бет.) (Mукоддимату ал Бихаар китебинин 19-бети.)
Пайгамбарыбыздын эн жакын досу, эн улук сахаба Абу Бакр жөнүндө Шиялардын айтканын караныз:
Аалымдарынын бири абу Али ал Асфахааний: “Каргыш тийген Абу Бакр ал, Каапыр жана мушрик”, –деп, 1422 хижрий жылы басылган Фархату аз Захроо китебинин 34 –бетинде жазган.
Ушул сөзгө кошумча кылып шиялардын улук имамы Хумейни: “Абу Бакр Куранга жана Аллахтын өкүмүнө каршы чыккан, Абу Бакр менен Умар экөө Аллахтын жана дин өкүмдөрүндө жахил (сабатсыз) болгон” –деп, (Кашфу ал Асроор деген китебинин 126-бетинде) жазган. Бул айткан сөздөрү менен шиялар төрт халифке жана жалпы сахабаларга болгон өздөрүнүн ачык жүзүн көрсөтүп жатышат.
Мындан да өтүп аалымдарынын дагы бири ал Бахрооний: “Умар Тозокто Иблистен да төмөн турат” –дейт, (Маъаалим аз Зулфаа деген китебинин 325 –бетинде).
Бул эле эмес, (Тафсиир ал Ъайааший 2-том, 240-бетинде) жана (тафсиир ал Бурхан 4-том, 317318-беттеринде:“Иблис тозокто Умардын азапталып жатканына тан калып, ким бул менден да катуу азапталып жаткан”, -деп жазылат.
Жогорудагыдай эле мааниде: “Умар тозокто Шайтандан да катуу азапталат деп,” –(Бихаар ал Анваар 30-том,381-бетинде), (Зийааъ ас Соолихиин 513-бетинде.) Мажлисий деген аалымынын (Ъакооид -деген, китебинин 58 –беттеринде) жазылган.
Эки нурдун ээси болгон, мусулмандардын үчүнчү халифасы болгон Усманды да динден чыгарышып: “Усман динден чыкты ага жаназа окубагыла, аны көмбөгүлө” –деп, жана башка көптөгөн сөздөрдү айтышат. (Хакку ал Якиин фи Маърифату Усул ад Диин 1-том, 247,
248-бет.) (Бихаар ал Анваар 31-том, 166-бет. Бахру ал Жаваахир 37-бет). (Нафахаат ал Лаахуут фи лаъни ал Жабти ва ат Тоогуут  китебинин 140 –бети.)
Ушундай сөздөрдү жазышып анан кантип биз мусулманбыз Ахли Суннаданбыз деп айтышат! Аллахым, булардан Өзүң сакта.
Эскере турган болсок алардын жалаасы көп. Ушул айткандары менен чектелели. Себеби алардын айткан сөздөрүн айтууга ыймандуулардын тили барбайт.
Ахли Суннанын төрт Имамдары жөнундө шиялар эмне дешет!
 “Ал Каафий” деген китебинде: “Эй Судайр, Аллахтын дининен тоскондорду көрсөтөйүнбү? -деп, анан Абу Ханифага жана Суфьян ас Саурийге карады. Алар мечитте сабак берип жаткан эле. Мына ушулар илимсиздиктен Аллахтын дининен тосушат…….деди.” ( Усул ал Каафий 1-том 392, 393-беттерде ) ( Тафсиир ан Нур ал Якиин4-том, 132-бет.)
Имадардын улугу болгон Абу Ханифаны жана чон аалым Суфьянды илимсиз деп, динди тараткандардан эмес кайра динди тоскондордон деп жатышат.
Шиялар жалпы Ахли Сунна Аалымдары жөнүндө: “Хааруун бин Хоорижа Абу Абдулладан (маъсум имамдарынын бири) сурадым: Биз алардын (ахли сунна аалымдарынын) айткандарын өздөрүнө каршы далил кылуу үчүн алардын сабактарына барабыз дегенимде, ал: “аларга барба, сөздөрүн да укпагын, аларга жана алардын ширк динине Аллахтын каргышы болсун!”, –деди. ( Бихаар ал Анваар 2-том. 216-бет.) (Тафсиир ан Нур ас Саколайн 4-том. 132-бет.)
Ъадий ибни Хатим (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: “Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салават саламдары болсун) бул аятты окуду:
اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَالْمَسِيحَ ابْنَ مَرْيَمَ وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا إِلَهًا وَاحِدًا لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ سُبْحَانَهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Алар Аллахты коюуп өздөрүнүн аалымдарын, манахтарын, попторун жана Мариамдын баласы Исаны Аллахтан башка Кудай катары кабылдашат….” (Тооба 9:31.)
Мен: Оо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салават саламдары болсун) биз аларга сыйынбайбыз” -деп айттым. Ал айтты: Алар Аллахтын адал дегенин арам дешет силер да аларга баш ийип арам дейсиңер, алар Аллахтын арам деген нерселерин адал деп уруксат беришет, силер да адал дейсиңер, ошондойбу?» «Ооба ошондой» –дедим. Анда ал айтты: «Ошол сыйынган болот-деди. (Ат Тирмизий 3095.) узун хадис кыскартылып жазылды.
Алла Таала айтты:
قُلْ أَرَأَيْتُمْ مَا تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُوا مِنْ الْأَرْضِ أَمْ لَهُمْ شِرْكٌ فِي السَّمَاوَاتِ اِئْتُونِي بِكِتَابٍ مِنْ قَبْلِ هَذَا أَوْ أَثَارَةٍ مِنْ عِلْمٍ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ(4)وَمَنْ أَضَلُّ مِمَّنْ يَدْعُو مِنْ دُونِ اللَّهِ مَنْ لَا يَسْتَجِيبُ لَهُ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ وَهُمْ عَنْ دُعَائِهِمْ غَافِلُونَ(5)
Аллахтан башкага дуба кылып сурангандардан да катуу адашкандар барбы? Алар алардын дубасына кыйаматка чейин да жооп бере алышпайт, алардын дуба кылып суранып жатканын билишпейт да. Кыямат күнү адамдар чогулган убакта, ошол сыйынган Заттары аларга душман болушат жана Алланы койуп, аларга сыйынганын танышат [бизге сыйынган эмес дешет]. (Ахкоф :5-6.)
Шиялардын имамдары
Шиялардын он эки имамдары бар. Алар имамдарын сахабаларга тенешет, кээде Пайгамбарга теңешет, кээде Пайгамбардан да өйдө коюп Аллах Таалага таандык болгон сыпаттар менен сыпатташат жана аларга сыйынышат.
Шиялар имамдары жөнүндө эмне дегенин жана аларды канчалык денгээлде көтөрмөлөгөнүн өз китептеринен окуйлу.
Шиялар кээ бир китептеринде имамдары жөнүндө мындай деп келет: “Алар каалаганын адал кылышат, каалаганын арам кылышат”. (Усуул ал Каафи 1 -том. 441 -бет). (Бихаар ал Анваар 25 -том. 340 -бет).
Дагы бир китептеринде: “Бардык иш имамдарга кайтат, адал дегендери адал, ал эми арам дегендери арам болот” –деп, жазышат. (ал Ихтисоос 330-бет.) (Бихаар ал Анваар 25-том 334-бет.) (Басооир ад Дарожаат 113-бет). Бул сөз башка көптөгөн китептеринде да бар.
Бул сөздөрү менен адал кылуу же арам кылуу өкүмдарлыгы Аллах Таалага гана таандык экендигин четке кагып жатышат.
Арамды арам деп таштоо, адалды адал деп аткаруу-бул Ибадат, сыйынуу болуп эсептелет. Сыйынуу жалгыз Аллах Таалага гана болот.
Арамдан тыйылган үчүн сооп жана адалды аткарган үчүн да сооп алынат. Пайгамбарлар да Аллах Тааланын арам адал дегендерин гана арам же адал деп кабар беришет. Өздөрүнөн эч кандай өкүм чыгарышпайт.
Шиялардын аалымдарынын бири ибну Мутоххир ал-Хулий“Имам маселеси-бул ыймандын негиздеринен, ал себептүү Бейиште түбөлүк калып Аллах Тааланын ачуусунан кутулат”, –деп (Манхааж ал Кароома фи исбаат ал имама  китебинин 1-бетинде айткан.) Бул жерде имамдарына ыйман келтирүүнү ыймандын негиздеринен деп, аларга ыйман келтиргендер Бейиште түбөлүк калат деп жатышат.
Аллахым, мындай адашуудан Өзүң сакта.
Шиялар имамдарын өкумдарлыкка ээ жана аларга ыйман келтирүү “ыймандын негиздеринен” -деген менен чектелбестен: “баардык адамдар имамдардын кулдары”, –да дешкен.
Аалымдарынын бири Ридо: Адамдар баш ийүүдө жана динде бизге кул. Бул сөзүмдү уккандар укпагандарга кабар берсин! ”, –деген.  (Ал Муфиид “ал Маваали” 48 -бет.) ( Бихаар ал Анваар 25 -том, 279 -бет.)
Эмне үчүн шиялар азыркы убакка чейин белгисиз болуп калууда? Эмне үчүн шиялар жөнундө ар түрдүү сөздөр эл арасында көп? Эмне үчүн досуңарбыз деп коюшуп душмандык кылышат?
Бул жана башка суроолордун жообу алардын такияны кармангандыктарында жатат.
                                    
                      Ат-Такия
Шиялардын чон аалымы Ал Муфиид такияны мындай дейт: “Такия чындыкты жашыруу, ишениминди жашыруу, ага каршылардан жашыруу, динине же дүнүйөсүнө зыян келе турган болсо ачыкка чыгууну таштоо”. (Шарх Акооид ас Содуук китеби 261-бет.)
Шиялар Такыяны колдонуп өздөрунун кылган иштеринин негизги максатын жана ишенимин жашырып жүрүшөт.
Ошон үчүн алар өздөрунун дининин чыныгы жүзү ачыкка чыкпоо үчүн такыяны кандай орунга койгонун жана аны карманууга канчалык денгээлде үндөгөнүнө көнүл бурунуздар.
Такияны намазга тенеп бир аалымы ибну Баабавайхи Такия жөнүндө мындай дейт: “Такия милдеттүү деп ишенебиз. Ким таштаса намазды таштаган менен барабар”. (Иътикоодат 114-бет.)
Ас Соодик деген аалымы: “Эгерде такияны таштоо, намазды таштаган менен барабар десем чындыкты айткан болом”, –деди. Ибну Идристин (ас Сарооир китеби 479-бет.)
Ушул эле маанидеги сөздөр төмөндөгү китептеринде да бар. Ибну Баабавайхинин (Ман ла ях дуруху ал факихкитебинин 2-тому, 80-бетинде). Ошондой эле ( Ал Жаамиъ ал Ахбаар 110-бет.) Ал Хур ал Ъаамилииндин (Васааил Шия деген китебинде 7-тому, 94-бет.) (Бихаар ал Анваа 2-тому, 414, 412-беттеринде.)
Жогорудагы сөздөрүнө ой-жугуртуп карасан Такияны (өзү карманган динди жашыруу) карманууну диндин негиздеринен деп намазга тенеп жатышат.
Жалган сүйлөөнү, бир адамды эле эмес жалпы коомчулукту алдоону улук намаз ибадатына теңегенден жана мындай денгээлдеги эки жүздүүлүктөн Аллах Өзү сактасын.
Мунусу аз келгенсип Пайгамбарыбыздан деп жалган риваят айтышып: “Ким такияны таштаса намазды таштагандай болот деген”, -дешет. (Жаамиъ ал Бихаар 110-бет). (Бихаар ал Анваар 75-тому, 412-бет).
Мындан да өтүп “Такия диндин ондон тогуз болүгү, кимде такиясы жок болсо анда дини да жок”, –деп, көптөгөн китептеринде жазылган. (Усуул ал Каафии 2-том 217-бет.)  Ал Баркий (ал Махаасин 259-бет.) Ал Хурру ал Ъаамилиин (Васааил аш Шия 11-том 460-бет). Ошентип кимде Такиясы жок болсо динден чыгат деп, элди алдабай туура чындыкты сүйлөгөндөрдү динден чыгарып жатышат.
“Алла Таала моомундардын баардык күнөөсүн кечирет бир гана такияны таштаганды кечирбейт”, –деп көп китептеринде келген. (Тафсиир ал Хасан ал Ъаскарий 130-бет.) (Васааил шия 11-тому, 474-бет.) (Бихаар ал Анваар 75-том. 415-бет.)
Ошодой эле “Кимдин такиясы жок болсо анда ыйманы жок. Аллахтын алдында урмааттууңар такияны амал кылганынар” дешип, бул эле эмес “ким такыяны таштаса ал бизден эмес” –деп, такыяны катуу карманууга үндөшөт. Ибну Баабавайхи (Икмаал ад Диин китеби 355-бет.) Тобросий (Аълаам ал Вароо китеби 408-бет.) Абу ал Коосий ар Роозий (Кифааяту ал Асар китебинин 323-бетинде.)  (Васааил ал Шия китеби 11-том. 466, 465-беттеринде.) окуй аласыз.
Ушул эле мааниде “Жаамиъ ал Ахбаар” китебинин 110-бетин жана “Бихаар ал Анваар” китебинин 75-том 412-бетин караныз.
Өздөрүнүн жалган, баатыл динин ачыкка алып чыкпоо үчүн ушундай жолдорду колдонушат.
Карманган жолдору чын болсо эмнеге жашырышат? Эгерде жалган, сынга чыдабай турган болсо анда эмнеге карманышат? -деген суроо туулбай койбойт экен.
Эки жүздүүлүктөн Аллах Таала өзү сактасын. Ихластуу чынчыл болгонду насип кылсын. Амин.
Такияларын Ахли Суннага кантип колдонгонун карап көрүңүз.
Ахли Сунна жашаган жерлерде Такия карманууга зарыл болгон жерлер деп билишет. “…. Такияны кармануу Ислам жерлеринде ваажип (кылууга зарыл болгон амал)”. (Жаамиъ ал Ахбаар китеби 110-бет.) (Бихаар ал Анвааркитеби 75-тому, 411-бет.) бул сөздөрү менен алар Ислам жерлеринде өз ишенимдерин сөзсүз жашыруу керек деп өздөрүнө милдет кылып жатышат.
“Ким такияны колдонуп Ахли Сунна менен биринчи сапта намаз окуса, ал Пайгамбар менен биринчи сапта намаз окугандын сообун алат”. (Бихаар ал Анваар китебинин такия бөлүмүндө, 75-тому, 412-бети.)
Өздөрүнүн кылгандарын эки жүздүүлүк катары көрбөстөн: “Ким такияны карманып мунафыктар (эки жүздүүлөр)менен биринчи сапта намаз окуса маъсум имамдардын (өздөрүнүн он эки имамдарын) артынан намаз окугандай сооп алат”, –деп, Ахли Сунна жамаатын эки жүздүүлүргө тенеп, өзгөчө мусулмандардын арасында такияны карманып өз ишенимдерин жашырууга катуу үндөп келишет. (Жаамиъ ал Ахбаар китебинин 110-бетинде) жана (Бихаар ал Анваар китебинин 75-тому, 412-бетинде келген).
Ушундай мамиленен кийин кантип бирбиз деп айта алабыз.
Кээ бир суроолор
Шиялар Жабриил периште түшкөндө адашты дешеби?
Ооба. Аалымдарынын бири ал Гурообиййа: “Мухаммад Алиге карга каргага, чымын-чымынга окшош болгондой окшош. Аллах Таала Жабриилди Алиге жиберди, Жабриил адашып Алиге келбей Мухаммадка пайгамбарлыкты алып келди”, –дешип улуу Жабрил периштеге каргыш айтышат. (1417 жылы басылып чыкканРожаъий тахкик кылган Нуур ал Бароохиин китебинде 2-тому, 310-бет.)
Суроо: Шиялар имамдарын пайгамбарлардан артык дешеби?
Ооба пайгамбарлардан артык, абзел дешет. Аалымдарынын бири ал Ъалбааъ бин Дарооъ ал Ъасадий Бихаар ал Анваар китебинин 25-том 305-бетинде“Али Пайгамбардан артык. Мухаммад Алинин пайгамбарлыгына чакырганы келген бирок өзүнө чакырды”, –деген. Мындай каапырлыктан Аллах өзү сактасын. Ушундай эле маанидеРижаал ал Кааши 3-том 271-бетинде да айтылган.
Суроо: Ахли Сунна менен Шиялар бир Кудайга, бир Пайгамбарга ишенишеби?
Ушундай суроого шиялардын имамы Ниъматулла ал Жазааирий мындай деп жооп берген: “Биз Ахли Сунна менен бир Кудайга жана бир Пайгамбарга ишенбейбиз,” –деп. Ан Нуъмания деген китебинин 2-томунун 278-бетинде айтат.
Ушул эле суроого чоң имамы ал Хумейни: “Биз Ахли Сунна менен бир Кудайга ибадат кылбайбыз” –деп, жооп берген. Хумейнинин Кашфу ал Асроор деген китеби 123, 124-беттерде.
Ушул сөздөрдөн кийин Мусулмандар менен Шиялар бир динде деп, ким айта алат.
Суроо: Шиялар имамдарынын кабырын жана мүрзөлөрүн зыярат кылуу жөнүндө эмне дешет, ошол жөнүндө айтсаныз?
Жооп: “Имамдарынын кабырларын зыярат кылуу парз амалдарына кирет. Зиярат кылбаган каапыр”, –дешет.Каамил аз Зияроот ва ал Мазаар китебини 183-бет. Ушул эле китептин 184-бетинде: Ким имамдардын мүрзөлөрүн зиярат кылууну себепсиз таштаса ал тозокко кирүүчүлөрдөн”, –деп жазылган.
Аллах Таала баарыбызды мындай сокур адашуудан сактасын.
Сахабалар жөнундө жалган жалаасына өз китептеринен жооп айтсаныз!
Шиялар Абу Бакр, Умар, Усманды жамандап, динден чыгарышып Алинин душманы деп эсептешет. Тарыхты жана сира китептеринде Алинин Халифаларга кылган мамилесин карап көрсөк такыр башка сүрөттү көрөбүз.
Мисал: Али (Аллах андан ыраазы болсун) өз кызы Умму Кулсумду Умарга (Аллах андан ыраазы болсун)  жубай кылып бергенин көрөбүз. Бул сөздү шиялардын китептери да тастыкташат. Туусий (Тазхииб ал Ахкаам китебининЪадад ан Ниса бабында 8-тому, 143-бетинде) жана (ал Ибтисоор 3-тому, 356-бет). Килааий (ал Каафи китебиин 6-тому, 115-бетинде.) Ал Маазандароний (Маакиб Аали абу Тоолиб 3-тому, 162-бети.) Ал Маъаали (Масаалик ал Афхаам китабу никах 1-бет.) ибну абу ал Хадид (нахжу ал Балааго деген китептин шархында 3-томунун, 124-бетинде.) жана башка китептерде.
Бул жерде суроо туулат, эгерде Умар (Аллах андан ыраазы болсун) шиялар айткандай каапыр болгондо Али өз кызын жубай кылып бермекпи? Албетте жок.
Аллахтан болбогон китептерде талаштар көп болгондой эле алардын да китептеринде жазылган сөздөрдө талаш-тартыш, сөздөрунө сөздөру карама-каршы келгендери өтө көп.
Ошондой эле Али эң биринчи болуп Меккелик сахабалардын арасында өз балдарына жана небелерине Абу Бакр, Умар жана Усман деп ат койгон. Бул сөздү Шиялардын китептеринде да көрө алабыз. (Кашфу ал Гумма фи Маърифату ал Аъимма 2-тому, 66-бет.) (ал Иршаад лилМуфиид 354-бет.) абу ал Фарож ал Асбахаанийдин (Мукоотил ат Тоолибиин 91-бет). (таариих ал Яъкубий аш Шииъий 2-тому, 213-бет.)
Акылдуу адам балдарынын, небелеринин аттарын душмандарынын жана эн жаман көргөн адамдарынын аттарынан койобу? Албетте жок.
Бул шиялардын гана жалган жалаасы. Төрт халифалар бири-бирине жакын болгон, жакшы көргөн жана сый урматта болушкан.
Шиялардын айткан сөздөрү төгүн жана ачык жалган.
Ахли Сунна аалымдарынын шиялар жөнүндө айткан сөздөрү.
Абу Ханифа айтты: “Ахли Сунна Жамааты абу Бакрды, Умарды, Усманды жана Алини, (Аллах алардан ыраазы болсун) ушул тартипте урматташат. Аллахтын элчисинин башка сахабаларын бирөөн да кемсинтишпейт”. (ал Интикоо 163-бет.)
Абу Юсуф“Жахмий, Рафидий (Шиялардын бир аты) жана Кадарийлердин артында намаз окубаймын”, –деген. (Шарх Усул Иътикоод Ахли Сунна 4-том. 733-бет.)
Имам Тохавий“Биз Пайгамбарыбыздын сахабаларынын баарын жакшы көрөбүз. Эч кимисин кемсинтпейбиз жана алардан алыстабайбыз. Аларды жаман көргөндөрдү жаман көрөбүз, аларды жакшылык менен гана эскеребиз. Аларды жакшы көрүү: Дин, ыйман жана ихсан. Аларды жаман көрүү: Куфр, Нифак жана чектен чыгуу”, –деген. (Ъакида ат Тахавия ибну абу Ъиздин шархында 689-бет.)  
Имам Ахмад бин Ханбал: “Шияларды Исламда деп ойлобоймун”, –деген. (Хилаал ас Сунна 1-тому, 493-бет.)
Имам Малик: “Аллах Таала Куранда: “Мухаммад Аллахтын элчиси! Аны менен бирге (сахаба) болгон кишилер каапырларга кату-өктөм, бири-бирине боорукер! Сен аларды рүкү сажда кылган абалында Аллахтан пазылет жана ыраазылык сурап жаткандарын көрөсүн. Алардын жүздөрүндө сажданын белгилери бар”.Фатх 29. “Ушул аятка таянып Пайгамбарыбыздын Сахабаларына жаман сөз айткандарда Исламда үлүшү жок”, -деди. (тафсир ибну Касир 4 -тому, 219 -бет.)
Имам Куртубий“Имам Малик аяттын тафсиринде айткан сөзүндө туура айткан. Ким Сахабаларга сөз тийгизсе же алар жөнүндө жаман сөз айтса Аллах Тааланын фатх 29 аятта айтканын жалганга чыгарган болот”, –деди. (16-том. 297-бет.)
Имам Бухарий“Жахмий (шиянын бир аты) менен Рафидийнин (шиянын бир аты) артында намаз окуганым Жөөттөр менен христиандардын артында намаз окуганым менен барабар”, –деди. ( холку афъаалул ибад 125 -бет.)
Мулла Али Кары (ханафий мазхабынын чон аалымы)“Ким сахабаларды сөксө-ал фасык (бузуку). Ким Сахабаларды жана Ахли Суннаны капыр десе ал ижмаъ (аалымдардын бири каршы чыкпаган окүм) менен каапыр”, –д[i]еди. ( Шамму ал Ъаваарид фи замми ар Роваафид 16-бет.)
Ал Азхар уламаларынын шиялар жөнүндө фатвалары
Ал Aзхар уламалар кенеши: “Ахли Сунна менен Шиялар азыр бир дин эмес экөө эки башка дин”. (Жабхату Ъуламааъу ал Азхар 2008/10/25.)
Мухаммад Тантоовий шейхул Азхар: “Ахли Сунна менен Шиялар азыр бир дин эмес, экөө эки башка дин”, –деп өзүнүн расмий оюн Иарданиянын мамлекеттик гезитинде (жарида ал Хакикия ал Урдуния) 2009/4/19 билдирген.
Сауд Араб мамлекетиндеги “лажна ад-даима” фатва чыгаруучу мекеме да шиялар жөнүндө: “Алини пайгамбар даражасында жана Жабриил Мухаммадка түшүп адашкан дегендерге кандай өкүм чыгарасынар? деген суроого.
“Ким Али пайгамбарлык” денгээлде дешсе жана Жабриил Мухаммадка түшүп адашты десе ал каапыр”, –деп 8564-сандагы фатвасында айткан.
Ушундай эле фатваларды Туркия, Пакистан жана башка Ислам мамлекеттеринин фатва бөлүмдөрүнөн көрө алабыз.
Алар жөнүндө мурдакы жана азыркы окуяларды карап ой жүгүртүп көрсөңүз Ахли Суннага кошулбаганы өзүнчө бир дин экенине жана кандай мамиле кылганына өзүңуз күбө боло аласыз.
Ооруну даарылагандан көрө алдын алган артык дегендей, Элимдин биримдиги, жеримдин бүтүндүгү үчүн ушул китепчени жазып мусулман болгон калкыма биримдик каалап, үй-бүлөмө жана жалпы мусулмандарга дуба кылууңуздарды тилеп кетем.

[1] Макаалат вал фирак,  (19-бет) Кумай.
[2] Шиялар имамдарыбыздын бирда күнөөсү жок деп периштелерге тенешип аларды Маъсум дешет.
Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close