ЖаңылыктарФото
Бишкекте жумуртканын кабыгынан “АЛЛАХ” деген жазууну окушту (ФОТО)
Бишкек шаарынын жашоочусу Асанбек 12-апрелде 12-кичирайондон 10 жумуртка сатып алып, алардын бирөөсүнүн сырты жылмакай эмес, бодуракай болгонун байкайт. Жакшылап караса жумуртканын сыртындагы көрүнүш араб тамгаларын элестетет.
“Жумуртканын сыртындагы изди “Аллах!” деп окудук”, — дейт Асанбек.
Бул тууралуу Акипресс сайты жазат.
“Аллах” — Кудай, Жараткан деген сөздөрдүн синоними. Эгер Кудайдын 99 аты болсо, Аллах — алардын эң улугу. Аллах калган бардык 99 атын, атрибуттарын, сын-сыпатын өзүнө камтыйт.