Жаңылыктар

Бишкекте аялдарды гана тейлеген такси кызматы ачылды

Бишкекте аялдарды гана тейлеген такси кызматы ачылды. Ал “Ухти Такси” деп аталып, иштеп баштаганына бүгүн 5- күн толду.

Мындай такси кызматын ачууну Байбабаева Зарина Марисоль аттуу курбу кызы менен биргеликте демилгеледи.

“Бир жолу таксиге түшкөнүмдө таксист мага өтө орой сүйлөп салды. Бул мен үчүн өтө жагымсыз болгон. Ушул окуядан кийин аялдарга гана арналган такси ачуу тууралуу ойлоно баштадым. Биздин максатыбыз – кыз-келиндердин жана кичинекей балдардын эч нерседен кооптонбостон көздөгөн жерине жетип алуусу. Бир жагынан, шариатыбызга да туура келет. Бул ишибиз аркылуу кайрымдуулук кылууну пландап жатабыз. Ар бир буйрутмадан түшкөн каражаттын 10 %ы кайрымдуулукка жумшалат”, -дейт Зарина айым.

Азыркы тапта такси кызматында 9 машина иштеп жаткан кези. Аталган такси кызматы саат 7ден түнкү 11 ге чейин иш алып барат.

“1- күнү бизге 1 гана буйрутма түшсө, 2-күнү 3 буйрутма болду. Кечээ 30 буйрутманы кабыл алдык. Кардарларыбыз сүйүнүшүп, бизге жылуу сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтып жатышат. Бул биздин ишибизге чоң дем-күч берүүдө”,-деген сезимдери менен бөлүшүп өттү Зарина айым.

“Ухти Такси” кызматына төмөндөгү номерлер аркылуу буйрутма бере аласыздар:

0509 00 11 99
0776 00 11 99
0555 90 11 99 

Кошумчалай кетсек, аялдарга гана арналган мындай такси кызматтары Лондон, Прага, Москва, Дубай, Иран, Индия, Египетте активдүү иш алып барат.

null

Булак:
http://ummamag.kg
Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close