alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Макалалар

Бир жолу болсо да жаралууң тууралуу ойлонуп көрдүң бекен?!

✍🏻Чын эле ойлонуп көрдүң бекен өзүңдүн жаралууң тууралуу,ким жаратты,ким өмүр берди,кимге кайтасың, эмне үчүн жаралдым, жашоодогу максат эмне?! Ушул суроолор сизге балким кызык болуп жаткандыр анда төмөндөгү далилдерге көңүл буруңуз.

📌Ыйык Курандын чыныгы Аллах Тааланын сөзү экендигине далил боло алуучу илимий акыйкаттар бар экендигин жана аларды Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун), 14 кылым мурда эле бизге кабарлагандыгы жөнүндө айтып өтмөкчүбүз. Мисалы, Аллах Таала Ыйык Курандагы📘 «Нух» сүрөөсүнүн 13-14-аяттарында:
«Эмнеге силер Аллахты улуулоону каалабайсыңар?! Чындыгында силерди баскычма-баскыч жаратты го!»,- деп, адам баласынын энесинин жатынында баскычтуу түрдө акырындап жаратылгандыгы жөнүндө кабар бергенине көңүл буралы! Анткени, Аллах Таала Өзүнүн Ыйык Куран китебинде бул илимий акыйкат жөнүндө 14 кылым мурда эле кабар берип койгон болсо, ал эми азыркы өнүккөн медицина илими бул акыйкатты акыркы жылдарда гана изилдеп тапкан.

✔Ал эми Аллах Таала адам баласынын эненин жатынында тамчы суунун бир нече баскычта өзгөрүп барып, наристеге айланганга чейинки тогуз айлык убакытта үч кабат караңгылык ичинде акырындап, жаратылаары жөнүндө Ыйык Курандагы:
📘 «Зумар» сүрөөсүнүн 6-аятында:
«…(Аллах) силерди энеңердин жатынында үч (катмар) караңгылыкта бир жаратылыштан кийинки жаратылыштар менен жаратат…»,- деп, мындан 1400 жыл мурда эле кабар берип кеткендиги да тан калыштуу кабарлардын бири болуусу менен бирге ар бир акыл ээсин өзүнө каратпай койбойт. Эми адам баласынын эненин жатынында бир тамчы суудан наристеге айланганга чейинки мөөнөт ичинде бир нече көрүнүштө өзгөрүп баруучу негизги баскычтары жөнүндө Ыйык Курандагы «Му’минун» сүрөөсүнүн 13- 14-аяттарында кантип сүрөттөлгөнүнө көңүл буралы:
«Андан кийин аны бекем жайдагы нутфа (бел суусу) кылдык. Андан соң нутфадан коюу канды, коюу кандан бир кесим этти, бир кесим эттен сөөктөрдү жаратып, ал сөөктөргө эт каптадык, андан кийин (ага жан киргизип) аны башка бир жанзат абалында жараттык. Эң жакшы жаратуучу Аллах — Берекеттүү, Улуу»…📘

Медицина илимпоздору түйүлдүк эненин жатынында беш баскычтан өтүп чоңоёру жөнүндө жакынкы жылдарда гана так бир чечимге келишкен болсо, ал эми Ыйык Куран бул медициналык илимий акыйкат жөнүндө мындан 14 кылым мурда эле кабарлап кеткендигин жогорудагы аят ачык-айкын көрсөтүп турат…

✔Оо,менин алсыз болгон бир тууганым! Карачы сенин жаралганың канчалык акыл жетпеген, татаал сырлар менен жаратылган. Ойлонуп көрчү Аллахтан сенин жүз бургудай эмне тосуп турат?! Сага кандай дагы далил керек?! Асманды,жерди,айды,күндү ,бүт ааламдын башталышын, бүтүшүн сага далил катары Аллах Таалам ыйык Куранын жөнөтүп туура жолун көрсөтүп берди. Же башка китептерде окудуң беле асман, жер,ай,күн,ааламдын адамзаттын жаралышы тууралу,ушул күнгө чейин бир да окумуштуу,илимдүүлөр баш аягы эмнеден башталышын далилдеп чыга элек. Жашоонун тууралыгын,туура жашап,туура жүрүү адашып калбасын деп ,адамдардын асылы,бул ааламдын нуру болгон Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺдын үммөтү кылып, башкалардан айырмаланып,мусулман деген өзгөчө атың -затың берилип турса,сени жартты,өмүр берди,сага чексиз мээрими,ырайымы менен ырыскысын тынбай жөнөтүп турса,айта берсек бизге берилген нээматтын чеги жок,деги эле бул ааламдын сен үчүн жаратты го адамзат?! Сен дагы кандай жеңилдик,кандай сыйлык,кандай жакшылык керек?! Жаратканым; «Мага моюн сунуп,мага ишенип ,мени менен болсоң,эсепсиз,түбөлүк бакытын тартуулаймын,мейли канча күнөө кылсаң да, күнөөң жерден асманга жетсе да тооба кылсаң кечирем «-деп турса дагы эле сен кайдыгерсиң, намазга,Аллах жолуна чакыргандардан качасың,бакыттын эшиктери сага ачылган сайын аны кайра жаап коюп жатасың?! Эгер билсең Аллах сага муктаж эмес биз Аллахкка муктажбыз! Акылы бар инсан үчүн ушул далилдер жетээрлүү болот эмесби?!

📚Аллах Таала хадисул-кудусийде: «Эй адам баласы, мен жалгыздыгымдан сени жолдош болсун деп жараткан эмесмин. Мен аздыгымдан сени көп болсун деп жараткан эмесмин. Кайсы бир амалды аткара албай калсам жардам берет деп жараткан эмесмин. Кимдир бирөөгө мени менен бирге пайда же зыян берет деп да жараткан эмесмин. Мен сени күнү-түнү мага ибаадат кылууң үчүн жаратканмын» -деп эскертип келет. Кеч боло электе Алланын жолуна түш бир тууганым,Алланын Мээриминин,Ырайымынын,Кечириминин чеги жоктур,бирок Алланын азабы,жазасынын чеги бар өкүнгөндөрдөн болуп калбагын!

☝🏻Сага дагы кандай эскертүү,кандай чакыруу,кандай далил керек бир тууганым?! Кел биргеликте Алланын жолуна түшөлүү,түбөлүк бейиште бирге бололу! Аллага болгон ишенимиңди бекемдеп,жүрөгүңдү байлап,ниетиңди түздөп, мурда билбеген болсоң эми билип жатасың жаңы кадамдар менен бактылуулук сапарына багыт алгын! Анткени бизди Аллах жаратты, кайтышыбызда Аллага!

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button