🕌Берекелүү жума күнүңүздөр маарек болсун!

0 229

 

✍🏻Азабыңдан алыс кылчы Жараткан,
Адаштырбы түз жолумдан бараткан!
Алып келген ырыс -кутту ээрчитип,
Ар бир аткан таңга шүгүр кылам жаңы аткан!

🔗Алла Таала Курани Каримде: “Оо ыйман келтиргендер, жума күнү намаз үчүн азан айтылган убакта, Алланы эстөөгө шашылгыла, жана алып сатууну токтоткула. Эгер билсеңер мына ушул өзүңөр үчүн жакшы” (Жума сүрөсү, 9 аят)📘..

🔗”Шексиз жума күнү күндөрдүн улуусу, жана берекелүүсү. Ал Алланын алдында курбан айт жана орозо майрамынан да артыгыраак” (Ахмад Байхакий, Ибн Мажжа).📘

🔗”Күн эч качан жума күндөн дагы артыгыраак болуп чыкпайт жана батпайт.
Адам (алейхис салам) жума күнү жаралган. Ушул күнү бейишке кирген жана ушул күнү жер бетине түшкөн.
Тообосу дагы жума күнү кабыл кылынган жана жума күнү өлгөн. Кыямат күнү дагы жума күнү болот.
Алланын алдында бул күн “явмул мазид” күнү. Бул атты асмандагы периштелер койгон. Жума күн момундардын бейиште Алланы көрө турган күнү” (Муслим).📘

🔗”Жума күнү мечиттин эшиктеринин ар биринде периштелер туруп, жума намазына келгендерди жазып турушат.
Ким жума күнү мечитке биринчи болуп барса, бир төө курбандык кылгандын сообун алат.
Ал эми, экинчи болуп барган бир уйду, андан кийин барганга бир кочкорду, андан кийин барганга бир тоокту, акыркы барган адамга бир жумуртканы курбанчылык кылгандын сообун жазышат. Имам минбарга олтурганда жазууну токтотуп периштелер хутба угуу үчүн минбардын жогорку жагына топтолушат” (Бухарий Муслим).📘

🔗”Жума күн болгондо периштелер колдоруна күмүш баракчаларын жана алтын калемдерин алып мечиттин эшик алдына олтурушат. Мечитке эрте келгендердин даражаларына карап жазып турушат” (Ибни Мурдавайх).📘

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +79649904378
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.