alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

БЕЙИШИҢДИН БИЛЕТИ- НАМАЗ БОЛОТ!

✍🏻 Намаздын өтө баалуу жана маанилүү экендигин, анын үстүнө шарттарынын да өтө жеңил жана аз гана убакытты сарптоо менен окулаарын, ал эми намаз окубаган адамдын жеткен акылсыз жана зыяндуу болоорун, эки жерде эки төрт болгону сыяктуу ачыкайкын түшүнгүң келсе, ушул мисалда айтылган окуяга кара жана салыштырып көр: Бир жолу улуу бир өкүмдар эки кызматкеринин ар бирине жыйырма төрт алтындан берип, эки ай алыстыктагы өзүнө гана таандык болгон сонун бир жерине туруктуу жашап калуулары үчүн жөнөтөт. Жөнөтүп жатып аларга мындай деп буйрук берет:
«Бул акчаны жолго жана жол акысына жумшагыла жана ал жердеги турак жайыңарга керектүү кээ бир нерселерди сатып алгыла.
Бир күндүк алыстыкта бир бекет бар. Ал жерде машина да, кеме да, поезд да, учак да бар.
Калган акчаңарга карап булардын бирине түшө аласыңар». Эки кызматкер өкүмдардын бул насаатын уккандан кийин жолго чыгышат.
Алардын бири бактылуу эле, айтылган бекетке чейин акчасынын бир бөлүгүн каржылайт. Бирок, ошол акчасын сарптоо менен кожоюнуна жага тургандай сонун бир соода кылат дейсиң, акчасы бирден миңге чейин көбөйөт. Экинчи кызматкер болсо, бактысыз жана акылсыз болгондугунан бекетке жеткенге чейин эле жыйырма үч алтынын сарптап жиберет. Кумар ойноп акчасын уткуруп жиберет. Ошентип, жалгыз гана бир алтыны калат. Жолдошу ага: «Эй досум, сен эми ушул алтыныңды билетке жумша.
Ошондо гана бул узак жолдо жөө жана ачка калбайсың. Анын үстүнө биздин кожоюнубуз өтө мээримдүү, балким, ырайым кылаар, кылган каталарыңды кечирип жиберээр. Сени да учакка миндирип коѐр. Ошентип, туруктуу жашап кала турган жерибизге бир эле күндө жетип бараарбыз.
Болбосо эки айлык узак бир чөлдө ачка, жөө жана жалгыз кетүүгө мажбур болосуң» – деп айтат.
Таң калыштуу, эгер бул адам өжөрлөнүп, ошол жалгыз алтынын олжолуу бир казынанын ачкычы сыяктуу болгон билетке бербестен, убактылуу ырахаттар үчүн бузуку жолго сарптай турган болсо, анын абдан акылсыз, зыяндуу жана бактысыз экендигин эң акылсыз адам дагы түшүнбөйбү?
Мына, эй, намаз окубаган адам жана эй, намаз окууну жактырбаган напсим!

Мисалда айтылган өкүмдар падыша болсо, Раббибиз Жаратуучубуз.
Ошол эки кызматкер жолоочулар болсо, биринчиси – динге моюн сунган, намазын жан-дили менен берилип окуган, ал эми экинчиси болсо, Кудайды унуткан, намаз окубаган адамдар.
Ал эми жыйырма төрт алтын болсо – жыйырма төрт саат, бир күндөгү өмүр. Ошол өзүнө гана таандык болгон сонун жер болсо – Бейиш. Ошол бекет болсо – мүрзө.
Ал саякат болсо – мүрзөгө, Хашрга жана түбөлүктүү жашоого алып баруучу адамзаттын сапары. Кылган амалдарына жана такыбаалыгына карап, ошол узак жолду ар түрдүү даражада басып өтүшөт.
Кээ бир такыбаа адамдар чагылган сыяктуу миң жылдык жолду бир күндө басып өтүшөт. Кээ бирлери болсо; кыял сыяктуу элүү миң жылдык аралыкты бир күндө кесип өтүшөт.
Бул акыйкатка Ыйык Куран эки аяты менен ишарат кылат. Ал эми билет болсо – Намаз. Беш убакыт намаз үчүн бир гана саат даараты менен бирге жеткиликтүү. Кызык, жыйырма үч саатын бул кыска дүнүйөлүк өмүрүнө жумшаган жана ошол узун, түбөлүктүү өмүрүнө бир саатын да жумшабаган адам өзүнө өтө чоң зыян кылат, напсисине да зулумдук кылган болот жана таптакыр акылга терс аракет кылган болот. Анткени, миң адам биргелешип ойногон лотерея кумарына акчасынын тең жарымын берүүнү акылы кабыл кылса, а бирок утуу ыктымалы миңде бирөө гана. Ал эми жыйырма төрт сааттын бир саатын токсон тогуз пайыз утуу кепилдиги бар болгон түбөлүктүү казынанын ачкычы болгон намазга бербей коюу – канчалык акылга жана даанышмандыкка терс аракет кылганын жана канчалык акылсыздык болоорун өзүн акылдуумун деп ойлогон адам түшүнбөйбү?
А бирок мындан сырткары:Намазда рухтун, жүрөктүн жана акылдын да өтө чоң ырахаты бар, ары денеге да анчалык оор бир иш эмес. Анын үстүнө намаз окуган адамдын мубах болгон башка дүнүйөлүк амалдары да жакшы бир ниет менен ибадат өкүмүн алат. Мына ушундайча бүткүл өмүр байлыгын Акыретине мүлк кыла алат. Убактылуу өмүрүн да бир жагынан түбөлүктөштүрүп алат…

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button