alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Жаңылыктар

«БДМЖА» Кыргызстанда дагы 10 мектеп курууну пландоодо

"Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы" тарабынан Чүйдө жана Ошто жаңы эки мектеп курулду. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат катчысы Рахматулла Мухаммед билдирди.

Чүйдүн Чолпон жана Оштун Күңгөй айылдарындагы эки мектеп тең мамлекеттин балансына өткөрүлүп, алардын расмий ачылышы дем алыш күндөрү КРнын президентинин аппаратынын, Билим жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Чолпондогу 150 орундуу жана Күңгөйдөгү 170 орунга ылайыкталган мектептер тиешелүү эмерек, класстык жасалга, видеокөзөмөл апараттары менен жабдылып, короо-жайы тосмолонду.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынан билдиришкендей, 2 жыл аралыгында аталган уюм Кыргызстанга дагы 10 мектеп куруп берүүнү пландоодо.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган ассамблея тарабынан Кыргызстанда 30 мектеп курулган.

Булак
"Умма"

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button