Жаңылыктар

Баткендеги медреседе 100 орундуу кыздар бөлүмү ачылды

4-ноябрда Баткен шаарындагы “Муьаз ибн Жабал” медресесинин “Жоро кызы Шарапат” атындагы кыздар бөлүмү ишке берилди. Бул тууралуу Баткен казыятынын басма сөз кызматы билдирет.

null

Анда айтылгандай, кыздар бөлүмү 3 кабаттан туруп, ашкана, китепкана, окуу бөлмөлөрү, даараткана, намазкана жана жатаканага ылайыкташып, 100дөн ашуун кыздар окууга ылайыкташтырылып курулган. Окуу бөлүмдү курууга кеткен бардык чыгымдар Баткен шаарынын тургуну, жеке ишкер Замирбек Сеитказыев тарабынан каржыланган.

Салтанаттуу ачылыш аземге Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн Аппарат жетекчиси Мунарбек Насыров, өлкө аймагындагы облусттардын казылары, муфтийдин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана медресе кызматкерлери менен мечит имамдары, ошондой эле, коноктор катышышты. Иш- чаранын жүрүшүн Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов алып барып, азем ыйык Куран окуу менен башталды. Окуу жайдын ачылышынын алкагында Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы катышуучуларды медресенин кыздар бөлүмүнүн ачылышы менен куттуктап, окуу бөлүм улуу максатта курулуп, келечек муундарга Ислам баалуулуктарын, бийик маданиятты, адамдык асыл сыпаттарды үйрөтүү менен ата-энени урматтону негиз кылган чоң тарбиялык мектеп болоорун белгиледи. Муну менен катар кыздардын окуу бөлүмүн курулушуна жакындан жардам көрсөткөн демөөрчүлөргө муфтияттын жана казыяттын атынан ыраазычылык барактарды тапшырды. Андан соң жалпы коноктор медреседе түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты.

 

Булак
"Умма"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close