alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
АудиоМедиа

Ат-Башынын Терек-Суу айылында арак саткан акыркы дүкөн жабылды

Кечээ Ат-Башынын Терек-Суу айылындагы дүкөндөрдө сатылып жаткан акыркы арактар жок кылынды. Буга чейин Кыргызстанда бир нече айылдарда ичимдик сатууга тыюу салынган.

[bs-embed url=»http://fileria1.video.ria.ru/Out/MP3/20170406/2017_04_06_esenbaevkg_h1k24ytl.e5s.mp3″]http://fileria1.video.ria.ru/Out/MP3/20170406/2017_04_06_esenbaevkg_h1k24ytl.e5s.mp3[/bs-embed]

Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында келиндердин даттануусунан улам кечээтен бери арак сатылбай, акыркы ичимдиктер жок кылынгандыгы тууралуу Sputnik Кыргызтан агенттигине айылдын «Чеч-Дөбө» жаштар уюмунун төрагасы Апсат Эсенбаев билдирди.

«Акыркы кездерде айыл өкмөтүнө, аксакалдар кеңешине, мечит жамаатына жана «Чеч-Дөбө» жаштар уюмуна айылдын келиндеринен арак сатып жаткан дүкөндөргө катара даттануулар түшө баштаган. Кечээ айыл тургундары кеңешип, ичимдик саткан эки дүкөндүн тең арактарын сатып алып жок кылдык. Алардын ээлери мындан ары ичимдик сатпоого убада кылып, түшүнүк кат жазып беришти», — деди активист.

Анын айтымында, аталган айылда эки жыл мурун башка дүкөндөр арак сатуудан баш тартышкан.

http://sputnik.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button