МакалаларӨрнөктүү өмүрлөр

БАЛА БЕЙИШ ЖЫТЫ..

🤱🏻БАЛА БЕЙИШ ЖЫТЫ..

✍🏻Чоң атам жаңы төрөлгөн небересин колуна алып кучактап бекем кыса жыттап -жыттап “бах, кандай гана жыттуу бейиштин жыты, бул жыт эч жакта жок,жыттасам кадимкидей эс алып,жан дүйнөмө бейпилдик тартуулайт “-деп калса ии кандай эле ошондой болсун деп калчуумун. Көрсө ар ким өз башына келсе билет экен. “Ата -эне кадырын балалуу болгондо билесиң “дегендей баланын кандай гана таттуулугун, жашообуздун маңызы,үйүбүзгө кубаныч тартуулап,көрүнгүс бакыты менен өмүрүбүздүн кандай өткөнүн билбей алпурушуп жашап келет экенбиз. Канча чарчатып,канча кейитсе да кучагыңга алганда жыттап -жыттап алсаң чарчаганыңды унутуп каласың. Балким бейиш жытынын сыры ушундан улам айтылып калгандыр. Бала деген ушундай таттуу жан турбайбы бул да Алланын биз үчүн белеги жана аманаты. Аны аздектеп багып, тарбиялап чоңойтуу ата-эненин милдети. Пайгамбарыбыз (салаллооху алейхи васаллам) айткандай: “ар бир бала дини менен төрөлөт таптаза ак барактай”.Ал баракты булгап алуу да кооздоп жазуу да өзүбүздөн. “Жакшы сый көргүң келсе жакшы болууну өзүңдөн башта “дегендей оболу тарбияны өзүбүздөн баштасак. Балаң сени укпай,жаман жолдо болсо күнөөнү,катаны өзүңдөн изде. Анткени биз балдар үчүн күзгүбүз, бала күзүгө өзүн карап оңдойт . Бул жашоо өтөөр, кетээр дүйнө убагы келсе кимдер төрөлөт,кимдер өмүр менен кош айтышат. Ата -эненин экинчи жашоосу элүүгө чыкканда башталат. Ал кезде өз баласынан берген жакшылыгын,мээримин,жылуу сөзүнө муктаж болуп жаш баладай болуп калат. Ошол себеп келечекте сый көрүнүү кааласак балдарыбыздын тарбиясына өтө маани берүүбүз керек. Биз үчүн үлгү боло турган ааламдардын асылы Сүйүктүү Пайгамабарыз Мухммед (салаллооху алейхи васаллам)дан үлгү алып жашасак эч өкүнбөгөндөрдөн болот элек. Балага кандай мамиле кылууну пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) тили менен да, амалы менен да белгилеп кеткен.
«Баланын жыты – бейиш жытындай»,
«Улууларга урмат – кичүүлөргө ызаат кылбаган адам бизден эмес»,
«Балдарга мээримдүү болгула, ким мээрим төкпөсө, ага да мээрим кылынбайт» деген сыяктуу осуяттарын калтырган пайгамбарыбыз жаш балдарга өтө мээримдүү болчу.
Бир ирет небереси Хасанды кучактап өөп жатканын көргөн бир адам:
– Ой, Алланын элчиси, менин он балам бар, бирок бирөөсүн да өөп, эркелетпейм, – дегенде, пайгамбарыбыз өкүнүп:
«Сенин жүрөгүңдөн мээрим нурун алып салса эмне кылайын.
Ким башкаларга мээримдүү болсо, ага Жаратуучу мээрим төгөт» – деп каңырыгы түтөгөн эле.
Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) намаз окуп жаткан учурда неберелери анын моюнуна минип алган учурлар болчу.
Ошондо ыйык чекесин саждадан көтөрбөстөн, качан алар өз каалоолору менен түшүп кетмейинче, эңкейип тура берчү.
Бир жолу Умар (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын үйүнө кирсе, ал неберелерин үстүнө мингизип алып жөрмөлөп жүргөн экен.
Умар (Алла андан ыраазы болсун) бул көрүнүшкө суктанып:
– Оо, Алланын элчиси, сиз кандай сонун улоосуз, – десе, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) анын сөзүнө жооп кылып:
– Жок, бул балдар кандай сонун чабандестер, – деп айткан эле.
Пайгамбарыбыз мейли намаз болсун, мейли кутба учуру болсун жанына жөрмөлөп келип алган неберелерине көңүл бурбай коё алчу эмес.
Минбарда кутба айтып жаткан учурунда кирип келген небересин колуна ала коюп: – бала деген ушундай таттуу болот, булардын таттуулугун көрүп туруп, көңүл бурбай коё албаймын, – деп, динде балага кандай мээрим төгүү керектигин үйрөтүп кеткен.
Көчөдө бара жатканда ойноп жаткан жаш балдардын жанына токтоп, аларга салам берип, чачтарынан сылап, анан жолун улачу. Сахабаларынын бири Пайгамбарыбыздын балага болгон мээрим сүрөттөп: «Мадинанын көчөсүндө ойноп жүргөн секелек кыздардын кимиси болбосун, Пайгамбарды колунан жетелеп, каалаган жагына алып кете алат болчу» – деп айткан.
Убактылуу дүйнөнүн эч бир көйгөйүнө кайгырбаган сабырдуу Пайгамбарыбыз бир жарым жашка толуп калган уулу Ибрахим чарчап калганда, көз жашын токтото албай жашып, жаштары сакалдарын жууп турганын көргөн Абдурахман:
– Оо, Алланын элчиси, сиз ыйлап жатасызбы? – деп таңданганда, сууланган сакалын сылап:
– Бул мээримдүүлүктүн көз жашы, көкүрөктөн муң, көздөн жаш чыгат, бирок Алла ыраазы болчудай сөздөрдү гана сүйлөйбүз, – деп өзүн баскан эле…

Аллах Таалам баарыбызды келечекте урпактан урпак улоочу асыл үрөндөрдү тарбиялап,жакшылыгын көпчүлүк көрө турган, элине,динине кызмат кыла турган,туураны көрсөтүп,туураны көрүп, туура жеткире турган ата -энелерден болууну насип кылган болсун!

👤Даярдаган: Насиба Абдуллаева.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996774130527,+996708924964..
✿ WWW.FORMULA.KG

Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close