АалымдарПайдалуу кеңештер

БАКЫТТЫН СЫРЫН АЧТЫМ

🤗 БАКЫТТЫН СЫРЫН АЧТЫМ

✍ Бул жигиттин айылдан кетип калуусуна ата-энеси менен чатакташуусу себеп болуптур. Эр-Риядга келип университетке тапшырат, бирок жарытып окуй албайт. Тескери жолдо жүргөндөр менен достошуп, тамеки тартып, таңды-кечке оюн зоокто, клубдарда чардап жүрсө, таштын окуусубу? Бара-бара баягы “достору” акырындап четтеп, акыры өзүнө окшогон бирин-экин бекерпоз менен калат. Жарытылуу иши жок, ар кимден карыз алып, анысын да убагында кайтарбаган эмеге ким жан тартып дос болмок эле?!

Жалгыздык, жалкоолук, кыжаалаттык кемирип жеп, жашоодон көңүлү калып, аргасы кете баштаган күндөрүнүн биринде теледен Шейх аш-Шаьравинин тафсир сабагы берилип калат. Аягына дейре кунт коюп уккан жигит сабактан өзгөчө таасир алат. Ошондон тарта мечитке барып намазга жыгылат. Алгач бир-эки жолу, анан беш убак, кийин ар бир намазды мечитте өз убагында окуй турган болот. Кайра университетке тапшырат. Айылына барып ата-энесинен кечирим сурайт. Кайсы ата-эне баласын кечирбей койсун, кубанып ак батасын беришет. Анан окуусун бүтүрүп, магистрге окуду. Анысын да бүтүп, бир чоң фирмага ишке орношту. Үйлөндү, бала-чакалуу болду. Эми дүйнөдө андан өткөн бактылуу киши жок.

“Аллага ант берип айтам, бакыттын ачкычы намаз окуу менен ата-энени сыйлоодо экен. Ушул экөөнү таразага койсо, бүтүндөй дүйнөнү басып кетет . Жамандар менен достошуу, оюн зоокко, тескери жолго убакыт коротуу,бекерпоздук акыры жоголууга, сынууга, өзүн-өзү өлтүрүүгө алып келерин, ал эми мечит жана намаз сынган адамды жашоого кайтарарын жон терим менен сездим”, – дейт жигит тапкан бактысынын баасын далилдеп.

Эй, мусулман жаштары, күн сайын кайталанган Алланын чакырыгына жооп бергиле, азанды угар замат, баарын таштап, даарат алып Алланын үйүнө шашылгыла, бакыттын ачкычын табасыңа

Автор: Аид ал Карни

👤Абдрасул кызы Алина

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996774130527,+996708924964..
✿ WWW.FORMULA.KG

Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Насиба Абдуллаева

Көптөгөн курч макалалардын автору.

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close