МакалаларПайдалуу кеңештер

Бактылуу үй-бүлө кургусу келгендер үчүн кенештер

• Үй-бүлө курууда руханий байлыгы жок адамдан алыс болуңуз. Анткени, руханий байлыгы жок адам өтө коркунучтуу. Кудайдан көрккөн гана адамды жандаңыз.
• Үй-бүлө курууга эч качан шашылбай, чыдамбуу болуп, нике кайып буюрган күндү күтө билиңиз.
• Дене кумарынын толкуну менен үйлөнүп албагыла! Бул каалоо өтө коркунучтуу. Сүйүү менен денелик кумарды эч качан алмаштырбагыла. Никедеги жакындык гана чыныгы сүйүү болуп саналат. Ал эми никеге чейинки жакынды бул сүйүү эмес, жөн гана денелик кумарларга жетеленүү.
• Көйгөйлөрдөн чарчадым, ушундан кутулу үчүн турмуш куруум керек десеңиз, анда сиз абдан жаңылышасыз. Турмуш курганда көйгөйлөр көбөйөт.
• Нике сизди бактылуу кылат деп күтпөңүз. Эгер сиз никеге чейин бактысыз болсоңуз, никеден кийин деле бактысыз болосуз. Никеге чейин бактылуу болгонду үйрөнсөңүз, андан соң турмуш курган адамыңызды дагы бактылуу кылып, ал бактылуу болсо сиз дагы бактыка чулганып өмүр сүрөсүз.
• “Жакшы жумушта иштейт экен, бай экен”-деп байлыкка карап турмуш курсаңыз, абдан чоң жаңыласыз. Байлык колдун кири, бүгүн бар, эртең жок.
• “Тойдон кийин өзгөрөм, ичкиликти таштайм, чылым чекпейм, бангизат колдонбойм”- деген адамга таптакыр ишенбеңиз! Тойго чейин кандай болсо, тойдон кийин деле өзгөрүүсүз кала берет. А түгүл терс адаттары көбөйүүсү ыктымал.
• Кызганчак адамга баш кошпоңуз. Кызганчаактык бул жакшы сезим эмес, жаман оору. Кызганчак адам менен бактылуу өмүр сүрүү мүмкүн эмес.
• Сизди идеалдуу деп эсептеген адамга эч качан жакын жолобоңуз. Себеби, ал адам сизди идеалдуу, эч кандай кемчилиги жок деп ойлоп алат да, турмуш кургандан кийин кемчиликтерди көрүп, сизден өтө катуу жана тез көңүлү калат.

Автор
Мунара Алимжанова
Ачкыч сөздөр
Көбүрөөк

Бул да кызыктуу

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close