Жаңылыктар

Азирети Муфтий дин аалымы Абдысатар ажы Маджитовдун кабырын зыярат кылып, улуу инсанга багыштап Куран окуду

Кыргызстан  Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусундагы иш сапары алкагында дин аалымы, экс-Муфтий Абдысатар ажы Маджитовдун кабырын зыярат кылып, улуу инсанга багыштап Куран окуду.

Дин аалымынын кабырын зыярат кылууга КМДБнын аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, молдо Абдисатар ажы Маджитовдун уулу Зиёвиддин ажы Маджитов, Аxун ажы   Курбанов катышып, улуу инсандын Ислам дининин баалуулуктарын жайылтууда жана динге кошкон эбегейсиз салымын эскеришип, дуа кылышты.

«Бүгүн түнү Бараат кечеси деп айтылат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) мына ушул Бараат кечесинде  Жаннатул Баки көрүстөнүнө чыгып, ал жерде жаткан туугандарын, сахабаларын зыярат кылып аларга салам айткан. Аалымдарыбыз  ушул күндөрү улуу-улуу аалымдардын деги эле кабырстанды зыярат кылып, жүрөгүн тазалоосу саабит амалдардан болот деп айтышат. Бул амалды аалымдарыбыз мустахаб амалдардан деп айтышат. Ал эми Азирети Муфтийдин Баткенге болгон иш сапары дал ушул Бараат кечесине туш келгендиктен улуу аалымыбызды зыярат кылуудан баштады»,-деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close