МакалаларЭне жөнүндө

Ата -эненин дубасы шек-күмөнсүз кабыл болот.

Ата -эненин дубасы шек-күмөнсүз кабыл болот.

✍🏻Ата -эненин бизге кылган жакшылыктарынын бири бул алардын эч качан соолубаган,эч качан өчпөгөн берекелүү,жумшак алакандарында катылган дубалары болот. Эч ким ата -энедей сага дуба кылбайт,жакшы көргөн жубайың,уулуң -кызың,досторуң,бир туугандарың, жакындарың болсун алар башыңа бир түйшүк,кайгы-кыйынчылык келгенде гана амандык тилеп, кылганда да эстегенде кылбаса. А “ата -эне “-деген кандай гана жүрөгү аруу,таптаза, сүйүүсү түбөлүк,биз төрөлгөндөн баштап, тээ чоңойгонго чейин”жок, жок! “өмүрүнүн аягына чейин биздин жакшылыгыбызга кубанып шүгүрлүк келтирип,кыйынычылыкка кабылсак кошо кайгырып, амандык тилеп ,өзүнө каалабаган жакшылыкты бизге шек -күмөнсүз,милдетсиз:” болсо балама болсун,балам бактылуу эч кимден кем ,ден соолугу чын эч качан оорубасын,ал ооруганча мен ооруйун, өмүрлү узун болсун балам, балам “-деп олтурса да турса да, намазында да,дастаркон үстүндө да үзбөй дуба кылып келген улуу асыл инсандар болот. Алардын дубасысыз биз эч ким эмесбиз ата -эне ыраазы Алла ыраазы. Алардын мээримге толгон жүрөтөрүндө,нур төгүлгөн жүздөрүндө,ойлорунда дайым жакшылык каалаган жылуу сөздөрдүндө,берекеси эч түгөнбөгөн жумшак алакандарында канчалаган сырлуу дубанын түбүндө бейиш эшиктерине ача турган ачкыч бар экенин билегибизде эле?! Баликим биздин жаныбыздын амандыгы,ден -соолугубуздун чыңдыгы,иштерибиздин ийгилиги алардын ыраазылыгы менен же тескерсинче алардын наразылыгында болуп жаткандыр.

Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн эне-атасы андан ыраазы болмоюнча бир адам Аллаху тааланын сүйүктүү кулу боло албайт. Жакшылыкка жетүүсүнүн себеби – эне-атасынын дубасы. Дин улуктары: “Энесинин көңүлүн ооруткан адамга кылына турчу дуба кабыл болбойт. Эне-атанын дубасын албаган адам бизден дуба сурабасын”, – деп айтышкан.

Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн, Ахли сүннөт ишеними менен өстүргөн эне-атасын таарынткан, ыраазылыгын, дубаларын ала албаган адам өлгөнгө чейин башын саждадан көтөрбөсө да Тозоктон кутулуусу өтө кыйын.

Олуя заттан бири шакирттери менен бирге отурганда сырттан бир шакирти кирет, бир нерселерди айткандан кийин мындай дейт:

– Устаз, баланча киши дагы сизден дуба сурап жатат.

Ал зат мындайча жооп берет:

– Мен дуба кылсам Аллаху таала дубамды кабыл кылбайт.

Бардык шакирттери таң калышат, себеби, дуба сураган адам өтө көп жакшылык кылган достору эле. Анда мубарек зат сөзүн улантып мындай дейт:

– Эне-атасынын дубасын албайт. Алардын дубасын албаса Аллах андан ыраазы болбойт. Аллаху таала ыраазы болбогон адамга мен дуба кылсам эмне пайда! Менин ага кыла турган дубам кабыл болбойт. Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам”: “Эне-атасынын дубасын албаган адам Аллахтын ыраазылыгына жете албайт”, – деп айткан, бирок, мына бул бир тууганыңарга дуба кылсам кабыл болот, себеби, ага энесинин көп дуба кылгандыгын уктум. Ушунчалык ыраазы болгондуктан: “Уулум, сага күндүз кылган дубам мени канааттандырбай жатат, сага дуба кылуу үчүн атайын түнү турам. Йа, Рабби, мен бул уулуман ыраазымын, Сен да андан ыраазы бол! Анын кармаган ташын алтын кыл деп дуба кылуудамын”, – деп жаткан экен. Ошондуктан, ага дуба кылсам кабыл болот деген экен.

🙌🏻ЭНЕНИН ДУБАСЫ.

Бул чакан риваятты окуган адам акыр заманга жакындашкан сайын кадыры төмөндөп бара жаткан энелердин дубасы не даражада кереметтү экенин билип алат жана эгер энесинин кадырына жетпей жргөн болсо, мамилесин ошол замат өзгөртөт деп үмүт кылабыз.

Муса алейхи салам күндөрдн биринде Аллах таалага жалбарды:
– Эй, Аллахым! Бейиште мага ким дос болушун билдире көр!
Аллах таала анын дубасын кабыл алды жана:
– Ушул жерден биринчи өткөн адам сенин Бейиштеги досуң болот – деди.

Бир киши өтөт. Муса алейхи салам “менин бейиштеги досум кандай адам болду экен” деп ойлоду жана кишинин караанын көздөн качырбай артынан ээрчиди. Киши бир үйгө кирди дагы бир бөлүк этти абдан кууруп, көздөр сокур, кара аялга жедирди. Ишин бүткөргөн соң кайра чыгып келди. Эшиктин алдында турган Муса аны токтотуп сурады:
– Эй бурадар, бул аял сага ким болот?
– Апам.
– Апаң сенин акыңа дуба кылабы?
– Ооба.
– Эмне деп дуба кылат?
– Ар дайым жедирип-ичирип, камкордук көргөзгөнүмдөн кийин “Эй, Аллахым! Уулумду Муса ибн Имран менен бейиште бирге кыл!” деп дуба кылат. Анда Муса айтты:
– Сага кушкабар, эй, Аллахтын пендеси! Аллах таала апаңдын дубасын кабыл кылды! Мен Муса ибн Имран боломун.

Ата -эне кадырын бул сезимдерди туюп билүү ар бир инсан ата -эне болгондо сөзсүз кадырына жетээр.Аллах Таалам баарыбыздын ата -энелерибиздин ден -соолугун чын,ыймандарын бекем, өмүрлөрүн берекелүү бактыбызга аман кылсын!

👤Даярдаган: Насиба Абдуллаева.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +79099502601..
✿ WWW.FORMULA.KG

Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close