alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
ЖаңылыктарФото

Астанада ІІ Республикалык имамдардын форуму өттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы  «Тынчтык жана келишим» сарайында өткөн «Ислам жана цивилизация» аталышындагы ІІ Республикалык имамдардын форумуна катышты. Форумга  Казакстан Респуликасынын ар кайсыл дубанынан  жыйналган 500 имам жана КР Дин иштери жана азаматтык қоом министри Нурлан Ермекбаев, Баш мүфтий Ержан ажы Малгажы уулу, Қазакстан калқы Ассамблеясының төрагасынын орун басары Дархан Камзабек уулу баштаган мемлекет жана қоомдук кеңештирдин, Ошондой эле Өзбекстан, Кыргызстан, Моңголия мамлекеттеринин муфтийлери, Орусиянын Омск, Алтай аймагынын муфтийлери, интеллектуалдар, аалымдар, даанышмандар катышып, өздөрүнүн жакшы пикирлерин билдиришип, баяндама жасашты. Форум алкагында республикалык коомдо тектүү диндин өнүгүүсүнө салым кошуу, дин тармагындагы ишти оптималдаштыруу жаатына көңүл бурулуп, бул жаатта бирдиктүү иш алып баруу жагын талкуулашты.

Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев форумдун ишине ийгилик каалап, учурда имамдар дин жаатында гана билимдүү болбостон ар бир тармакты түшүнө билүүсү учурдун талабы экендигине токтолду. Ошондой эле учурда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы имамдардын ишмердүүлүктөрүнө өзгөчө көңүл буруп, алардын ишин оптималдаштырууда заманбап техникалар менен камсыздап, отчет алуу системасын жүргүзүп, «Ыйман» фонду менен биргеликте имамдарын билимин жогорулатуу максатында 6 күндүк жана 12 күндүк окууларды уюштуруп, 2017-жыл ичинде 2400дөн ашуун имамдар өздөрүнүн билимдерин жогорулатышкандыгын айтып өттү.

http://muftiyat.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button