АСПАПКА АЙЛАНГАН АДАМДАР

АСПАПКА АЙЛАНГАН АДАМДАР

0 649

 

🖊 Нью-Йорк шаарында эки жолу болдум. Аэропорттун залында айланамдагы элдин агымына баам салып отурдум. Ишке шашылган адам. Көр тирилик үчүн күрөшкөн адам. Түйшүктөн алаксытар намазы жок, зикири жок, Куран окуусу жок. Кемени кыймылдаткан, машинаны жүргүзгөн, самолётту учурган тетиктер сыяктуу, адамдар да жашоо деген чоң машинанын тетиктери сыяктуу көрүндү көзүмө. Аспапка айланып, көр дүйнө кулчулугуна байланып калгандай сезилди.

Жашоолору жансыз: бул дүйнөлүк да, акыреттик да максаттары жок, Жараткан менен жаратылгандардын ортосундагы байланыш жок. Коркуу менен аткарылган сажда жок; чын дилден чыккан тасбих жок; жүрөк эзилип аккан көз жаш жок. Материалдык жашоо… Доллар үчүн гана чуркаган, күйүккөн, чарчаган жандар.

Ооба, булардын көбү көк челген үйлөрдү туракташат, өздөрүн маданияттын символу катары баалашат, ичкен-жегени, кийгени жөнүндө сөз козгобой эле коёлу. Бирок, жашоолору кайгы-капа менен коштолгон, санаа баскан, жүрөгү кысылган, айлалары куруган.

Өзүмө собол таштайм, жашоонун максаты ушундай беле? Ушул үчүн гана жаралдык беле?

Жаратылуудагы максат кайда? Аллага алып баруучу жол кайда? Денени да, жанды да эс алдырган, дүйнөнү да, акыретти да бакытка бөлөгөн тынч жашоо кайда?

Ошондой көрүнүштөрдү көрүп туруп, диним үчүн, намазым үчүн, башка ибадаттарым үчүн Аллага чексиз мактоо айтып, шүгүр кылдым. Шүгүр кылалы урматтуу, мусулман боордошум, шүгүр кылалы!…

📘 “Бакыттын сырын ачтым” китебинен..

🧕Алина Абдрасул кызы.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿+996708924964..
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.