АРМАНЫМ БИРӨӨ ЭЛЕ..

АРМАНЫМ БИРӨӨ ЭЛЕ..

0 503

Мен бул окуяны көрүп, аябай таасирленип, азыркы күндө жашап жаткан, заман агымындагы бир туугандарга жазып жеткизүүнү туура көрдүм.
Анткени, заман жетишип, токчулук, барчылык, мүмкүнчүлүк болгон сайын адамдар жалкоо болуп, өзүндө бар нематтардын кадырын билбей, кайгыга батып баратышкан сыяктуу.
Жашоосуна шүгүр кылгандар азайып, нааразы болгондор көбөйдү. Атага бала акыл айтып,энеге кыз насаат берип, сый-урматтын учугу үзүлгөнсүйт. Ошолорго аз болсо да сабак болуп калса деп үмүт кылып калабыз.

Анда сөз башынан болсун.
Бир жолу интернет тармагынан Арабстан телеберүүсүндө илимдүүлөр тарабынан даярдалган: «Энени сыйлоо» тууралуу видеону көрүп калдым. Ал жерге бир колу жок, буту иштебеген, жашы отуздарда болгон жигитти алып чыгышты.
Ал жигитттин көрүнүшү чындыгында адам жүрөгүн эзе турган акыбалда болчу. “Бул жигит аалым бекен же илимдүү адис бекен, эне жөнүндө кандай окуя, хикаялардан айтып берет экен?!…”- деп аябай кызыгып кеттим.

Суроосун узаткан алып баруучу: “Эне жөнүндө бизге айтып бериңизчи? “-деди.

Жигит терең дем ала: “Сиз менден эне жөнүндө сурап жатасыз, эмне деп айтаар элем?! Өзүмдүн энем жөнүндө айтып берем да.
Төрөлгөнүмдө колдорум жок, бутум иштебеген абалда дүйнөгө келдим. Энем мени таштап кеткен жок. Отуз жылдан бери көтөрүп, багып, абайлап, кастарлап, жуунтуп, жаш баланы карагандай карап, мээримине бөлөп карап келет,” -деди да, залда олтурган көрүүчүлөргө суроо узатты:
“Эгерде сиз тамактанып болгонуңуздан кийин,-деп, суроом ыңгайсыз болсо да берейин. «Ажатканаага барууда чыгара турган орган жөндөмүңүз иштебей калса эмне кылат элеңиз? ”

Олтургандар: “Даары ичет элек!- деп жооп беришти.

Жигит: “Дары да жардам бербесечи?! ”

Көрүүчүлөр: -Доктурга барат элек!

Жигит: -Доктур да жардам бербесечи?!

Анда: “Ичибизде бузулуу процесси жүрүп, ууланып калмакпыз! “- деп жооп беришти.

Жигит: “Сиздерге дары, доктур жардам бериши мүмкүн. А мен…

Менин бутум иштебегенине байланыштуу ичегилерим чыгаруу жөндөмү да суз эле. Тамак жейт элем, ажатканаага баруума энежааным өз колдору менен жардам берип, тазалап келет.

Отуз жылдан бери ушул кызматты «кабагым -кашым» дебей аткарып, бир жолу кейигенин көрбөдүм. Кээде мага адамдар суроо берет: “Арманың жокпу?” -деп.

-Арманым жок. Алхамдулиллах!
Аллахка шүкүрлөр болсун. Аллах мага кармоого эки кол,басууга бут бербеди, бирок, мага дүйнөнүн нуру болгон, мээрими чексиз төгүлгөн энежанымды белек кылды. Менин бир эле арманым бар, эч качан жетүүгө мүмкүн болбосо да кыялдана берем жана Аллахтан кайра-кайра сурап, дуба кыла берем. Эгерде Аллах мага бутум болбосо да, мейли эки эмес бир эле колумду бергенде, энежанымдын, бир жолу болсо да колум менен жашоомо үмүт берген жылмаюсу түгөнбөгөн жүзүнөн сылап, бешенесинен бир сүйсөм кана! Бир жолу болсо да колум менен кучагыма кыса-кыса кучактап, бейиштик жытынан жыттап-жыттап алсам, аттиң! Бир жолу болсо да мен үчүн жашоосун арнаган кубаныч, кайгы күнүндө аккан, алтындай болгон көз жаштарын колум менен аарчып, ыраазылыгын алсам кана ?!” -деп жигит, залда олтурган көрүүчүлөргө кайрылып: “Эй, энеси бар, колдору кыймылдап турган туугандар! Менин го колум жок сиздердин колдоруңуздар бар! Качан акыркы жолу энеңиздин жүзүн сылап, ыраазылыгын алдыңыз?! Качан акыркы жолу кучактап, дубасын алдыңыз?! Качан акыркы жолу жүзүнө жүзүңүздү тийгизип, өмүрүн тиледиңиз ?!”-деп сөзүн аяктады.

Көрүп олтургандар көз жаштарын токто албай калды…

Эй, менин сүйүктүү окурманым ! Колу жок жигиттин сөздөрүн дагы бир жолу кайталаймын!

Эй, энеси барлар!
Эй, он эки мүчөсү соо, жүрөгү согуп тургандар!
Эй, күндө: “Балам тура кой,тамагыңды иче кой! “-деп, кайда кетсең дубасы менен жолуңду карап күткөн энеси барлар!
Качан энеңиздин акыркы жолу кучактадыңыз,
качан акыркы жолу жүзүн сылап, ыраазылыгын алып: “Жүзүңүзгө түшкөн бырыштарга менин кызматым татыктуу,чачыңызга түшкөн ак чачыңыздын себепчиси менмин, менден ыраазы болуңуз, апоу! “-деп сурадыңыз.
Балаңызды кандай карап, мээрим менен жүзүнөн сылап сүйүп, эркелетип кучактайсыз, а сизди дүйнөгө келтирген, сиз үчүн өмүрүн арнаган энеңизге да мээрим менен карап, жакшы, жылуу- жумшак сөздөрүңүз менен ооруган жүрөгүнө дары, чарчаган жан -дүйнөсүнө күч-кубат, жалдырап, муктаж болгон көздөрүнө нур болуп бериңиз. Көзү тирүүсүндө сый- урматын кылып, тоюп -тоюп кучактап, береке төгүлөгөн колдорунан дубасын алыңыз.
Бул мүмкүнчүлүк бир кеткенден кийин кайра келбейт. Ар бир энеси бар инсандарды Аллахым бейишке кирүүсүн насип кылсын.
Эне ыраазы, Аллах ыраазы.

👤Которгон: Насиба Абдуллаева.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿+996708924964..
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.