Жаңылыктар

Американын “Бейиши” өрттөндү

Калифорния штатындагы токойдогу өрт 40тан ашык кишинин өмүрүн алды, дагы 200дөн ашык адам дайынсыз болууда.

АКШнын Калифорния штатындагы өрт бир нече күндөн бери токтобой жалмагандан жалмап келатат. Дүйнөдөгү эң бай мамлекет болгон Америкада дагы бул кырсыктын алдында алсыз болуп, колунан келген аракетти коруп жатат. Бирок өрттүн азырынча токтой турган туру жок. Өрттөн каза болгондор 50дөн ашыптыр. Кызык жери өрт эн көп жалмаган, күлгө айланып бараткан шаардын аты Парадайс деп аталат экен, бул сөз Бейиш деген сөздүн англис тилиндеги котормосу. Арабча “Жаннат”, орусча “Рай”, бизче “Бейиш”, англисче “Парадайс”. Аталышы Парадайс (Paradise) болгону менен шаардын тургундары Кудайдын каарына калыштыбы?

Американын айрым сайттары “Өрттүн ичиндеги бейиш” деген темалар менен маалыматтарды беришип жатат. Тарыхта Помпей деген ат менен белгилуу болгон шаардын эли дагы атылган вулкандын чогуна куйуп жок болгон, айрымдарынын таш болуп катып калган сөөктөрү бүгүнкү күнгө чейин сакталууда. Ислам тарыхчыларынын айтымында Помпей эли аябай бузулуп кеткендиктен Алланын каарына калышкан. Аллах өзү боодо кырсыктардан сактасын! Голливуд киносундагы өрт менен чыныгы өрт таптакыр башка. Бул табалоо эмес, тооба кылуу.

Президент Дональд Трамп 8-ноябрдан бери уланып жаткан Калифорния штатындагы өрттү “ири табигат кырсыгы” деп атады.

 

Булак
Талант Канатбек уулу - Facebook
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close