АМАЛДАРДЫН ЖЕҢИЛИ, СООПТУСУ -ЗИКИР.

0 341

📿 *АМАЛДЫН ЖЕҢИЛИ, СООПТУСУ – ЗИКИР*

✍ Жалгыз болобу, эл менен болобу, үйдө болобу, сапарда болобу, айтор кайда болбосун, оңой, бирок сооп-сыйлыгы көп амалдарды издеп отуруп, зикир кылуудан өткөн пайдалуу амалды таппадым. Ал желип өткөн желдей жагымдуу, мөлтүр суудай тунук да, пайдалуу да. Андан эч чарчабайсың, көңүлүң да калбайт. Ошого карабастан, Алланын алдандагы өтө сооптуу, өтө маанилүү иш. Ал сенин убактыңды да албайт, колуңду байлабайт. Тескерисинче, күч-кубат берип иштөө жөндөмүңдү арттырат.

Маселен, кийимиңди үтүктөп жатып да, тилиңди бош койбой зикир кыл, бул колуңду байлабайт; Күрүгүү же күбүң-шыбыңга кулак төшөбөй, андан көрө зикир кыл; Тамак ичип отурганда да зикир кыл; Той-ашта болосуңбу, чогулушта болосуңбу, тилиңди бош койбой зикир кыл; Бардык убакта, бардык жерди Ырайымдуу, Мээримдүү Алланын зикирине толтур, Анын эң бактылуу пендеси болосуң. Сени иштен алагды кылбай, бирок сооп-сыйыңды толтура турган зикирден башка амал жок.

Анткени намаздын өзүнө тиешелүү убактысы, кыймылы жана сөздөрү бар, орозону айтпаса да түшүнүктүү, кээ бирөөнө абдан оор. Садага да – ошондой. Ал эми тасбих, мактоо, кечирим сурап зикир кылууга атайын убакыт да, орун да керек эмес. Алла сүйүктүү пенделерине бул дүйнөдө ыроологон бейиш ушул; кааласаң кирип ал. Ким зикир кылбаса, бул бейиштен куру калыптыр. Алла кимге зикир кылууну жеңил кылса, ага бийик Фирдаус бейишинин эшигин ачыптыр.

Аллахым, Сени зикир кылууга, Сага шүгүр кылууга жана сага жакшы ибадат кылууга мүмкүнчүлүк бере көр!

📘 “Бакыттын сырын ачтым. китебинен алынды.

Автор: Аид ал Карни.

📱👉✿+996708924964

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.