alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
МакалаларТаасирдүү окуялар

АЛЛАХТАН УЯЛАМЫН

Өзүнүн кол ачык, берешендиги менен эл оозуна алынган, айтылуу Умар бин Убайдулла бак аралап бара жатып, дарактын көлөкөсүндө нан жеп отурган балага көзү түштү. Жамачыланбаган жери калбаган эски кийим-чен жаш бала, колундагы бир сындырым кара нандан бир өзү тиштеп, бир итине үзүп берип отурган экен. Баланын көптөн бери жарытылуу тойбогону кумсарган жүзүнөн көрүнүп турат. Умар балага жакындап келип, салам берди да, суроо узатты:

— Эмне кылып олтурасың, жигит?- Тамактанып олтурам, — бала кыска жооп берди.

— Нандан бөлөк тамагың жокпу?

— Аллахка шүгүр, мындан башканын кереги жок.

— Бул ит сеникиби?

— Жок.

— Эмне үчүн ага өз наныңды берип жатасың?

— Кимдир бирөөнүн көзүнчө жалгыз тамактануудан уялам.Умар баланын ыйманына, зиректигине таңдана анын жанына олтура кетти:

— Сен азатсыңбы, же бирөөнүн кулусуңбу?

— Мен ушул бактын кожоюнунун кулумун, — деди бала сумасайып. Умар ордунан акырын туруп, баланын далысынан таптады:

— Сен мени күтө тур, мен сенин кожоюнуң менен сүйлөшүп келейин.
Умар бактын кожоюнуна барып, андан бакты да, баланы да сатып алды. Анан балага келип, сүйүнчү айтты:

— Аллах сени азат кылды жана бул бакты сага белек кылды, эми анын түшүмүн сен пай-даланасың.
Бала сүйүнүп, ыраазылыгын билдирди да:

— Аллахтын алдында сен күбөсүң, бул бактын түшүмүн шаардагы кембагалдарга беремин, — деп кошумчалады.
Умар эми чындап таң калды:

— Өзүң кедейсиң, эмне үчүн түшүмүңдү башкаларга бересиң?

— Аллах мага берешендик кылган нерсеге сараңдык кылуудан уялам, — деп жооп берди бала камырабай.

Балким бул окуядан сабак алып бизда Аллах алдында уялаарбыз , «жок «,»жок » «кыйналдым «дей бербестен өзүбүздөгү сан жеткис нематтардын кадырына жетип ,колубузду көтөрүп сураганды билгенден кийин,колубузду сунуп бергенди билип,көбүрөөк шүкүр кылып жашаганды үйрөнсөк. «Аккан суунун кадыры жок, кыйынчылыксыз жашоонун баркы жок «дегендей биринчиден Аллахтын сага берген өмрүн,баасы бааланбаган ден соолунуңа эле карап көрчү, сенде бар нематтар башкаларда жок. Үй -жайыңа,машинең,бала -чакаңа кара дегеле жеп жаткан наныңа,сууңа карачы каанча жандар бар чет жакада бир тамчы сууга, нанга зар а биздин жашоо алардын жашоосунун алдын билген адамга бейиштир.
— Мусулманчылык ниматтарынын колдон кетүүсүнө себеп — булардын баркын билбөө. Колубуздан алган — Аллаху таала. Аллаху тааланын илахи адаты мындай: жакшы иштерди сүйгөн пенделерине, ал эми жаман иштерди душмандарына кылдырат. Аллаху таала Курани керимде: «Ниматтарымдын баркын билип, шүгүр кылсаңар аларды көбөйтөмүн. Баркын билбей, нанкөрдүк (жакшылыкты билбегендик) кылсаңар, колуңардан алып, катуу азап кыламын”, — деген мааниде билдирүүдө. Ар нимат үчүн да ушундай. Шүгүр кылуу ал ниматты уруксат берилген жана буйрук кылынган жерде колдонуу болуп саналат. Тили менен «алхамдуллиллах» же «көп шүкүр деп айтуу» менен шүгүр кылынган болбойт. Бул «хамд” деп аталат. Хамд тил менен, шүгүр дене аркылуу кылынат. Көз ниматына шүгүр кылуу үчүн Аллаху таала тарабынан кара делген жерге карап, караба делген жерге карабаш керек. Ыйман ниматына шүгүр кылуу үчүн да аны Аллаху тааланын башка пенделерине жеткизүү керек.

— Дүнүйөдөн сактангыла деген – харамдардан, тыюу салынган нерселерден сактангыла дегенди билдирет.

— Мусулмандар Аллаху таалага тобокел кылышат. Тобокел жумуш кылбай жатып алып күтүү дегендик эмес. Тобокел – иштеп, себептерине жармашып, ал себептин таасирин Аллаху тааладан күтүү дегендик. Эч нерсе кылбастан «эй Кудайым мага бер» деген болбойт. Бул намаз окубай эле, Кудайым күнөөлөрүмдү кечире көр деген менен бирдей. Намаз окубаган адамдын дубасы кабыл болбойт.

— Жакшы себепке жармашкан жакшы натыйжа алат. Аракет кылып, натыйжа ала албасаңар кемчиликти өзүңөрдөн издегиле.
— Көралбастык кылган адам бактылуу боло албайт.

— Ибадат үчүн даарат шарт, соодада чынчылдык шарт.

— Динибизде бир нерсе суроо зиллат (кордук), бир нерсе берүү болсо иззат (аброй).

— Халал акча менен тамактанган адамга ибадат кылуу оңой болот.

— Челегинен чыкпаган аары бал топтой албайт.

— Акча бир нерсеге жароо үчүн жаратылган, сүйүү жана чогултуу үчүн эмес.

— Акча сүйүүсү жылан сүйүүсү сыяктуу.

— Дүнүйө байлыгын жүрөгүнөн чыгарып салган адам Аллахтын сүйүктүү кулу болот.

— Динди куткаруу үчүн дүнүйөнү бергиле.

— Жумуш кылып, табыш табуунун кыйынчылыгын тартпаган адамдан пайда жок.

— Аллахтын берген ырызкысына ыраазы болгон адамды, башкалардын колунда болгон ниматтар капа кылбайт.

— Жумуш кылбай ар кимге муктаж болуп калгандардын дини жана акылы кемчиликтүү болот.

— Байлык табуу менен абийир табылбайт.

— Соодада үч шарт бар: Сапат, баа, таттуу тил жана жылуу жүз.

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button