alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Макалалар

АЛЛАХТАН КОРКУУ ЖҮРӨККӨ БАКЫТ ТАРТУУЛАЙТ

Адамзаттын адам болуп жашашы тыюу,мыйзамдарга көз каранды. Адам мыйзамдарга баш ийип жашабаса айбандан айырмасы калмак эмес. Мамлекетте мыйзам болбосо башы бириккен эл,бир коом,аты,маданияты дайынсыз чачыранды баш аламан болуп кетмек,мыкачы,ууру,бузукулар толуп дегиеле жашоого туура келбеген иштер болмок. Үй-бүлөдө мыйзам болбосо атасын,апасын укпаган, ата -энесин сыйлабаган инсандар дегиеле очогу жанган үй-бүлө болмок эмес. Бул мыйзамдар жашообуздагы сыртыкы мыйзамдар ,ал эми адамдын адамдык сыпатын жогору деңгелге көтөргөн, жашоодо жолунан адашпаган түбөлүк бакытка жетелей турган мыйзам бул Жараткандын буйрук,мыйзамдары. Бирок Жараткандын буйуруктары менен жашоо ар бир эле инсандын колунан келе бербейт,ал үчүн күчтүү ишеним,бекем ыйман,толук моюн сунуу, менен жүрөгүбүздү Жараткандан азабынан коркуу ,жакшылыгынан үзүлбөгөн, күмөнсүз ишеним менен үмүт кылып жашообуз керек. Мына ошондо Аллахтын эң сүйүктүү инсандары болуп жашамакбыз..

Аллахтан коркуу жана Аллахты сүйүү адамды бакыт менен жан ырахатына жеткизе турган кош канат сыяктуу. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам: «Кимде ким Аллахтан корксо, бардык нерсе ал адамдан коркот. Кимдеким Аллахтан коркпосо, ал адам баарынан корко турган болот», -деп билдирген.

Дагы бир хадиси шарифте: «Акылдын толук экендиги – Аллахтан канчалык корко тургандыгынан белгилүү болот», — деп айтылган. Аллахтан корккон адам Анын буйруктарын орундоого, тыюуларынан сактанууга аракет кылат. Эч кимге жамандык кылбайт. Башкалардан келген жамандыктарга сабыр кылат. Кылган күнөөлөрүнө өкүнүп, тообо кылат. Сөзүндө турат. Бардык жакшылыкты Аллах үчүн кылат. Эч кимдин мал-мүлкүнө, ар-намысына, жанына кол салбайт. Жумушта, соода-сатыкта эч кимдин акысын жебейт. Күмөндүү нерселерден оолак турат. Жогору мартабалуу кишилердин жанында артыкча карапайымдыкка берилип, жагынууга аракет кылбайт. Билимдүү жана адеп-ахлактуу адамдарды жана досторун сыйлап урматтайт. Начар кулк-мүнөздүү адамдарга насаат кылат, аларды эрчип кетпейт. Кичүүлөргө ызат кылат. Коногун сыйлайт. Зыяндуу жана пайдасыз сөздөрдү сүйлөбөйт. Эч ким менен корс мамиледе болбойт, жоомарт болот. Мал-мүлк жана мартабаны элге пайдалуу болуу үчүн талап кылат. Эки жүздүүлүк кылбайт. Аллаху тааланын ар дайым көрүп турганын билип, эч кандай жаман иштерге барбайт.
Эгерде инсан шефинен коркуп жоопкерчиликти сезип иштесе, ал иштин майын чыгарып, көп ийгиликтерге жетишип шефинин эң жакын ишенимдүү,жакшы көргөн досуга айланмак.
Эгерде үй -бүлөдө аялы күйөөсүн айтканынан чыкпай,сыйлап,бардык иштерин кылып,колдоп турса,а күйөөсү аялынын иштерине жардам берип, балдарына каралашып турса бактылуу үй -бүлөлөр көп болмок. Бирок биз инсандар мындай адамдарга сутканбай кайра төмөн карайбыз,»а десе шефинен коркот,күйөсүнөн өллө коркот,аялынан корккону үчүн үй иштерин кылат «-деп ушундай терс көрүнүштөр менен баалашат. Анткени биз инсандардын табияты ушундай жакшы жолдун ташын көрөмөйүн жөн олтуралбайбыз. Бул текеберилигибизден бакыттын кайда жашынган билбей жашап келебиз…

Эгерде биз Жараткандын алдындагы жоопкерчиликти туя билип,Анын азабынан коркуп ,жакшылыгынан үмүт кылып жашасак,жүрөгүбүз Аллах Таалага болгон сүйүүгө толуп,намаз,орозо,баардык койгон кадамдарыбыз өз ордунда болуп адашуудан алыс болуп,көөп жакшылыктардын алдынан чыкмакпыз. Анткени бул коркуу сезими,улуу Пайгамбарлардын,аалымдардын бекем карманган жолу. .. Мухаммед алейхиссалам: «Араңарда Аллаху тааладан эң көп корко турган киши — менмин», — деген. Аллахтан коркуу бир заалымдан коркуу сыяктуу эмес. Бул коркуу – урмат жана сүйүүгө толгон коркуу. Ашык адамдардын өз сүйүктүүсүнө арнап жазган ырларында ушундай коркуу сезимин кездештирүүгө болот. Бул коркуу — сүйүктүүсүн таарынтып албайын деген коркуу.
Курани каримдин «Фатыр” сүрөсүнүн 28-аятында : «Илими көптүн Аллахтан коркуусу да көп” ,

«Рахман” сүрөсүнүн 46-аятында: «Раббисинин улуулугунан корккон адамга эки Бейиш берилет», — деп кабар берилген.

«Анфал” сүрөсүнүн 2чи жана «Хаж” сүрөсүнүн 35-аяттарында:
«Момундар — Аллахтын ысымы айтылган кезде жүрөктөрүндө коркуу сезими пайда болгон адамдар», — деп айтылган.

«Нур” сүрөсүнүн 52-аятында: «Аллаху таала жана Анын Расулуна моюн сунгандар жана Аллахтан корккондор кыяматта азаптан кутулушат» — деп айтылган.

Бул аяттар адамдарды Аллахтан коркууга чакырат. «Хужурат” сүрөсүнүн 13-аятында: «Аллахтын алдында эң кадырлуу адамдар — Андан корккондор деп айтылган», — деп билдирилген.

Ушул жерде бир маселени айтып кетпесек туура эмес болоор..
Намаз окуйун десем ишим бар,иштен бошой албайм,баамдатка туралбай жатам,куптанда уктап калып жатам эмне кылсам деген туугандарга сабак боло турган алыскы чет жакада иштеп жүргөн бир Аллахтын сүйүктүү пендеси тууралуу сөз кылсак..

Аллах кимди кааласа туура жолго салып кимди кааласа адаштыруучу,бул инсанда Жараткандын каалоосу менен жүрөгү ойгонуп, бир сүрөөнү билбеген,Кудай,пайгамбарды сырттан эле тааныган жан болчу. Адам чөйрөсүнө карап өзгөрүлөт дегендей,бирге жашаган бөлмөдө илими бар таксырлар менен жашап калып, даават артынан Жараткандын жолуна кадам таштайт. Акырындан жаттап,окуп беш маал намазды да бир жылда өздөштүрүп алат. Окуудан анча жок болгондуктан устаздардын видеолорун Абдишүкүр устаздыкын көргөндө кадимкидей көз жаш менен ыйлап,Чубак устаздыкын болот,болбойт дегенин ар кадамын пайдаланып, кызыгуусу күндөн -күнгө артып жүрөгү жарып,Жараткандын жолуна умтула баштайт. Мындай берилүү,чын ыклсатык ар кимге эле бериле бербейт бул да Аллахтын тандаган пенделеринендир. Ал инсандын Аллахка болгон сүйүүсү,андан корккону анын кылган амалдарынан көрүнүп турду. Иши канчалык оор болбосун бир күндө 15 саат тынбай иштесе да намазын калтырбай,үйгө келгенде эшиктен кирээри менен чарчадым да дебей намазын окуп анан тамака олтуруп дем алат. Канча кыйналып,чарчасаңда намазды ырахат менен окуу адамды дем алдырып,жан дүйнөсүнө бейпилдик тартуулайт деген ушудур. Бул инсан илимдүү,сабаттуу эместир бирок Жараткандын эң сүйүктүү инсаныдыр,анткени Аллах ар кимди күчүнө жараша умтулган пендесин жолун жеңилдетип, мүмкүнчүлүгүн түзүп,Өз колдосу менен жакшылыктарынан эч качан кур калтырбайт. Демек намаз окуймун деген инсан үчүн эч кандай шылтоо болбос экен,ал адамдын өзүнөн,ыкласынан,Аллах алдынданы жоопкерчиликти сезе билгендиге байланыштуу болот экен. Бул инсандын азыркы күндө жашоосу жакшы үй -бүлөсү менен жакшы күндөрүн кечирип жүргөн убагы. Балким Жараткан илим жагынан да насип кылып чоң аалымдардын катарына кошоор…..

«Оо,Аллахым ар бирибиздин жүрөгүбүзөгө Умар (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтан корккондой коркуу сезимин берген болсун,ар бир койгон кадамбызда Аны эстеп жүрөлү! ! Жашообузда адилеттүү,акты ак деп,караны кара деп,акыйкаттын артынан чуркаган,чындыкты дос кылгандардан болуп жашагандардан бололу!
Бакытты Жараткандан деп бил! Анкени Аллахка моюн сунуп,Ага умтулган пендесин бакыт өзү издеп барат! ….

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button