🙌🏻АЛЛАХТАН ЭЧ КАЧАН ҮМҮТ ҮЗБӨ….

🙌🏻АЛЛАХТАН ЭЧ КАЧАН ҮМҮТ ҮЗБӨ....

0 697

*🙌🏻АЛЛАХТАН ЭЧ КАЧАН ҮМҮТ ҮЗБӨ….*

✍🏻Ар бир инсан эненин курсагына түшкөндөн анын тагдырына жазылганын көрө баштайт.Ал жарыктыка көз жарып, жашоо эшигинен кирип,өмүр жолуна кадам таштайт. Анын жашоо эшиги качан өлүм эшигинен чыгып кеткенде жабылат. Өмүр жолунда ар бир пендени Жараткандын ар кандай сыноолору күтүп турат. Анткени жашоо мыйзамы ушундай куралган,ак -кара,караңгы- жарык, кубаныч -кайгы, жамандык -жакшылыктар биринин артынан бир келип жашоо учугу улана берет. Ар кимдин тагдырына ар кандай бирине-бири окшобогон сыноолор, кырсык,оору,байлык,кедейлик, кайгы,бактысыздык жазылат. Ошолордон мен сиздерге
“Оору” тууралуу аз болсо да жашоого үмүт бере турган ойлордон,
Жараткандын сыйлыктары тууралуу айтып берүүнү туура таптым.
“Оорукчан жандын кадырын ооруган жан билет” дегендей качан ооруп ден-соолугубузду жоготкондо билебиз. Ден-соолук биз үчүн эч нерсеге алмаштыргыс башыбыздагы алтын таажы. Баарын жоготсоң да ден-соолугуң чың болсо сен дүйнөдөгү эң бактылуу инсансың. Анткени ден-соолук болсо жашоодо кандай кырдаал болбосун жеңсе болот. Кедей болсоң да ден-соолугуң чын болсо,анда ал эң бай адам деген сөздөрда бекеринен айтылбагандыр. Эгерде адам өзүндөгү бар нематтарды колу менен эсептесе эсебине жетпейт.Анткени адамзаттын дене-мүчөсүндөгү нематтар Аллахтын Улууктугу менен өтө кооз жаратылган. Пенде шүгүр кылып жашоо керек ден-соолугунун чыңдыгына.

Эгерде мен сизге ооруган инсан эң бактылуу инсан десем, жок! Албетте кандай эле ошондой болсун деп айтаар элеңиз э… Бул жашоого бир келип башкалар сыяктуу жашоо даамын татпаса,өз каалагынын өзү кыла албаса,жете албаса жан өйүгөн оору менен эч нерсенин ырахатын татпаса ушулда бакытбы?! -дешиңиз ачык кеп….

Анда көңүл буруңуз!
Аллах Таалам пенделерин кааласа туура жолго салып, ыйманын, жүрөгүн ойготуп коёт. Аллах жакшы көргөн инсанына ыйман берет ,андан да эң жакшы көргөнүнө оору берет . Ибрахим (алейхи саламдан) сиздин эң бактылуу күнүңүз кайсы күндөр болгон деп сураганда:
-Күйүп турган оттун ичиндеги учурум эң бактылуу күнүм деп айткан .

Айуб(алейхи салам)дан сурашканда:

Денемди курт басып ооруган учурум деп айтка

Демек Аллах Таалам оорукчан пендесин күнөөлөрдөн тазалануу үчүн,Өзүнө жакын болуусу үчүн,бейишине ыраа көрүп, киргизүү үчүн,сүйгөндүгү үчүн берет экен.

Ибн Мас’уудун (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:
«(Бир жолу) мен безгектен кыйналып жаткан Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) кирип,мындай дедим:
“О Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) ,сизди безгек кандай катуу кармады? “. Ал айтты: “Ооба,безгек мага (силердин ар бириңерге келгенден) эки эсеге катуу кыйноо алып келет “. Мен сурадым: “Ал анткени, сизге (Бейиште) эки эсе сыйлык камдалып коюлгандыгынанбы

Ал айтты: “Ооба, ошондой “. Анан ал минтти: “Мусулмандын (бир жерине) тикен кирип кетсин,же ага андан да жаманыраак нерсе келсин,ошол (нерсе) үчүн да Аллах анын ар бир жаман амалын сөзсүз кечирет жана дарак жалбырактарынан ажыргандай ал да өз күнөөлөрүнөн ажырайт». (Бухарий,Муслим)

Эми сиз менен биздин оорубузду Айуб пайгамбардын(а.с) оорусуна салыштырып көрөлүүчү. Айуб пайгамбардын(а.с) денесин көзүнчө курт жеген,ал жагын өзүңүз ойлоп койуңуз. Элестетсеңиз эгер биздин бир эле жерибизде курттун тиштеп эмес кыймылдаганын көрсөк жаныбыз чыгат.

Эми түшүнүктүү болгондур, биздин оорулар Айуб(а.с) пайгамбардын оорусунун алдында эч нерсе эмес экени. Туура пайгамбарларга сыноонун эң кыйыны берилет ,бирок андан кийин эле сыноонун зору ыймандууларга берилишин эч унутпаңыз!

Аллахтын сүйкүмдүү пендеси болуудан өткөн башка чоң бакыт бар бекен!? Пайгамбарыздын доорунда Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васллам) өзүнүн куттуу сахабаларына оорунун даражасы канчалык жогору экенин айтканда, сахабалар оорубай калышса кайгырышчу экен. Мени Аллах унутуп койду деп. Эх! Сахабалардын Аллахка болгон сүйүүсүндөй сүйүү,толук берилегендик,
кыйшайбай,күмөн санабай моюн сунгандык бизде да бир эле тамчы болгондо кайгырып эмес шүгүр ,сабыр кылып кубанып жашамакпыз…

Муну менен олтуруп алып эле оорусаңда шүгүр кылып, олтура бер дегендик эмес. Өлүмдөн башкасынын баарында шыпаа бар,ошондуктан оорунун учугунун түйүнүн чечүү үчүн изденип, аракет кылып биринчи Аллахтан сурап, андан кийин доктор, чѳп менен даарылаган элдик табыптарга(КѲЗҮ АЧЫК, БАКШЫЛАРГА БАРБАҢЫЗДАР!!! ) бара берүү керек. Аллах баарын Ѳзү жаратты. Сага өмүрдү да,сыноону да өзү берди, кааласа ошолорду себеп кылып шыпаасында заматта берип коёт…

«Биз силерди араңардагы аракетчилер менен сабырдууларды билебиз жана силердин амалыңарды айкындоо үчүн,чындыгында,
силерди сыноодон өткөрөбүз». (Мухаммед: 31).

“Оору келбестен мурда ден- соолугуң жөнүндө ойлон” (хадис).

Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам. ) айтып өткөндөй:

“Мусулман пендеси эки нерсенин кадырына жетпейт. Биринчиси-Убакыт.
Экинчиси – Ден- соолук”.

Ден-соолуктун кадырына жетүү, аны сактоо да өзүбүздөн.

“Сактанганды Кудайым сактаптыр“ деген макал бекеринен айтылган эмес.Өзүңө кароо, таза жүрүү, сууктардан этият болуу, убагында тамактануу, убагында уктоо булар биздин ден-соолука кам көрүүбүз, өзүбүздү ар кандай оорулардан , алдын алганга жардам берет.

“Бар байлыктын баркы жок“ болуп, ден-соолук барында жаныбызды аябай, кандай иш болсо суугуна, ыссыгына карбай кыла беребиз, бир күнү ооруп жатып калсак анан оюубузга келип эх,аттиң! ѳзүмдү этият кылбапмын дейбиз. Анда баары кеч болуп калат. Ошондуктан адамзат бир аз болсо да өзүн жакшы көрүп, өзүнө карап, убагында даарыгерлерге кайрылып турсак,
аз да болсо жашоодо өксүбөй бактылуу жашамакпыз.

Сөзүбүздүн аягында Аллах Таалам ооругандар шыпаа берсин,
жеңилдигинен,
жакшылыгынан насип кылсын. Аллахтан эч качан үмүтүбүздү үзбөйлү. Бул кыйынчылык көз ирмемдер акырет алдында эч нерсе эмес. Бир аз сабыр кылып койсок түбөлүк бактылуулуктун ырахытына бөлөнүп жашайбыз ин ша Аллах! Анткени Аллах сабырдуулар менен!

🧕Насиба Абдуллаева.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿+996708924964..
✿ WWW.FORMULA.KG

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.