alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

Аллах менен байланыш. Анткени…

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИЙМ!

Ыймандын сөзү, эң улуу сөз! Ыйман башка, ыймандуулук башка. Ыймандын негизинде жашоонун аты «Ыймандуулук» — деп аталат .

Тоофик бул — Мусулман адамга, диндин негизинде жашоого берилген мүмкүнчүлүк.

Хидаят — Ошол адам динге кирүүсү үчүн берилүүчү чоң жакшылык!

Сахаабалар :

«Келгиле бири-бирибиз менен диндин сөзүн сүйлөшүп, ыймандын сөзүн сүйлөшүп, ыйманыбыз күчөсүн! »-деп айтышаар эле.

«Сооп ишиң кубандырса, күнөө ишиң кайгыртса анда сен — Ыймандуусуң! » (хадис).

Диндин сөзүнөн, ыймандын сөзүнөн сүйлөшөлү десең, кээ бирлери айтат:

«Менин силердей илимим жоок, бир эки эле сөз билем, бир эки эле маселе билем, өзүңүз эле сүйлөй бериңиз ?»-дейт).

Ыймандын сөзүн сүйлөш үчүн, сөзсүз түрдө эл билбеген, эл али уга элек, эч ким али түшүнө элек маселени айтуу шарт эмес! Аллах Таалага Муса пайгамбар кайрылып: «Эй, Аллах! ? Мага эч ким (билбеген,) эң жакшы сөз үйрөт! »-деди эле Аллах Таалам айтты: «Лааа илааха Иллаллоох! ». Муса Пайгамбар кайра сурады: ”Эй, Аллах ?! Мындан да жакшыраак сөз үйрөт! ”- деди эле, Аллах Таалам: «Эң жакшы сөз ушул сөз! »-деди.

Сиз ушул сөздү билсеңиз, ушуну эле башкаларга жеткире бериңиз! Лаа Илааха Иллаллоох, Мухаммадур Росуулуллоох! Башка бир адамга ушул келимени үйрөтө турган болсоңуз, ал адам өмүрүндө канча жолу айтса, андан кыпынча кемибей анын сообу сизге дагы келип жазылып турат! Даарат алууну көрсөтүп коюңуз. Канча намаз окуп, даарат алса сизге да сооп жазылып турат .  Куран укуганды үйрөтүп коюңуз. Канча көп сооп, Субхан Аллах! Сизге лотореядан же дагы башка бир жерден телефон чалып: «Сиз жаңы чыккан LEXUS 570 авто унаасын утуп алдыңыз! »- десе жүрөгүңүз жарылып кетейин дейби ? Сүйүнөсүз, тураарга жер таппай каласыз.  «Эрте менен багымдатка чейин келип алып кеткин! »-десе түнү менен уктабай чыгабыз да туурабы түура эмеспи ?)

Чөнтөктөн 500 сом түшүп калса каанча кыжалат болобуз.  500 сом түшүп калсынчы, бетибиз кошулуп түшүп калат капаланып))) 5000 түшүп калсынчы, тамактан оокат өтпөй калат .  Телефон түшүп калсынчы, түнү менен мечитке чейин Фонарик кармап издеп келебизго?) Балдарыбызга да бир фонарик карматып: “Балам, балким сен таап алаарсың жакшылап кара! ”-депчи))).  Маршруткага чыксаңыз, чөнтөктүн кычыгында калып кеткен, эски жыртылган акчаларды төлөп түшөбүзго,  жаңысын бергибиз келбей))).

Дүйнөнүн сүйүүсү жүрөгүбүзго кирип кеткен.  А бирок эрте менен 5 ммөнөттүк багымдат каза болсо, жүрөктө 100 сом жоготкончалык да кыжалатчылык жокко? 10-11 де турууп, жылмайыып: «Астагфируллах, күн чыгып кеткенби а?»- деп коюп, үйдүн төрүнө кирип женский намаз окуйбуз .  . А бирок Намаз окусаң, Ата-энеге жакшылык кылсак, бир тууганды сыйласаң, Куран окуп, зикир кылсаң, Паланча миң сооп берилет , Бейиш убада кылынган! — дегенди угуп жүрөгүбүз жарылбайтатко ?

Бейиш бакчалары, Түбөлүк бир ырахат экен десе, жүрөгүбүз сүйүнбөй жататко, неге? Анткени сиз менен биздин булнерселер тууралуу маалыматыбыз аз! Дүйнөнү пикир кыла берип, дүйнөнү ойлой, ойлой берип жүрөктөрүбүзгө дүйнөнүн сүйүүсү кирип калган! Аллах Таалага мал-мүлктүн, дүйнөнүн кыпындай кадыр-баркы жок! Фираун алайхи лаана 350-450 жыл Падыша болуп жашаган .  Казыналарынын ачкычтарынын көптүгүн төөлөргө жүктөсө кербен, кербен болуп кетээр эле.  Өмүрү бир эч жери ооруган эмес! Аллах Тааланын душманы эле, бирок ага деле байлыкты өлчөбөстөн берип салды,  анткени дүйнөнүн кадыры жок! Аллахтын астында эң кымбат нерсе бул — Ыйман!

Аллаах Таала силердин мал-мүлкүңөргө жана сулуулугуңарга карабайт! Силердин жүрөгүңөргө жана Жасаган амалдарыңарга назар салат! (хадис).

Интернетте, жолдо, иште мечитте, адамдардын көзүнчө Ыймандуу болуп көрүнүп,  сылык сүйлөп, жылмайып көрүшүп, өзүнчө Шейх көрүнө беребиз ).  Үйдө кандайсыз аны эч ким билбейт .  Бир гана аялыңыз билет ))).  Мечитте 3-4 жашар балдар ойноп жүрсө, барып көрүшүп, аларды сиз деп, Шейх көрүнө бересиз .  . Үйгө келип аялыңызды Сиз деңизчи, сиз менен тең элего ).  Мечитти тазалай коюп, даарат кананы жууй коюп, бут кийимдерди түздөй коюп, бирөөнүн бир жерин массаж кыла коюп, тура калып Куран окуй коюп, зикир кыла коюп Шейх көрүнө бересиз. Үйдө Шейхсизби же шейх эмесизби аны аялыңыз жакшы билет! Анткени эркекти,  аялынан да жакшыраак билген адам болбойт! Сүйүктүү Пайгамбарыбыз эмнедеди эле?

«Силердин эң жакшыңар Менмин! Анткени үй-бүлөөмө (аялыма) эң жакшы мамиле кылган Менмин! »- деп келет го хадисте .

Айша энебиз өзү айтып жатат:

«Ал Пайгамбар басып жүргөн тирүү Куран эле! »-деп мактайт.

Эми аялыңыздан сураңызчы эмне дээр экен ? Шейхсиң десе шейхсиз, жоок таксырсың десе таксырсыз ))) Менин айтайын дегеним, мечитте эле мусулман болуп калбайлы! Адамдын (эркектин) нафси көбүрөөк аялды каалайт .  Ошону билип туруп Аллах Таалам аятта: «Экиден, үчтөн, төрттөн никеленгиле! А эгер ортодо адилеттүүлүк кыла албасаңар Бирден эле алгыла! ”-дейт). Сиз менен биз аалымдардын ушул маселесин эле угабыз .  Дамыла 2 аял ал деди,  үчөө да болот деди деп өзүбүзгө сүннөт кылып алганбыз ))) Сизге бул сүннөт эмес! Сизге биринчи кезекте, Намазды толлук тургузуу, Мисуак колдонуу, сакал коюу ж. б толгон токой сүннөтөр турат, ошолорго биринчи амал кылыңыз! Аны да кылып, ушундай эле илимдүү болуп, шейх болуп кетип шарт болуп калса анда башка кеп.  . Аллах Таала сиз менен бизге кечке Намаз оку, орозо тут дебестен Жегиле-ичкиле деди, Уктагыла деп уйкуну берди . Көргүлө деп көздү берди .  Уктай албай кыйналгандар бар билесизби? 2-3 мөнөт уктап алсам деп зар болгондор бар .  . Сиз менен биз канча саат уктайбыз ?)))

Аллах Таалам сиз менен бизге дагы эмне кылып берсин! ? Бир күнү жаш жигит (өзү кыргыз экен) чет жакта жүрүп бир мечитке намаз окуп алайын деп кирсе, эки колу жок бир кишини көрөт.  Жанагы жигит кызыгып: «Эки колу жок болсо, кантип даарат алат экен?”- деп жанагынын артынан даарат канага кирет . Кирсе ал бечара крайникти оозу менен ачып, эптеп даарат алыптыр .  Ошентип намаз окуп бүтөөрү менен, сыртка чыгайын десе, элдин баары чогулуп олтуруп калышат .  Караса, миңдеген адамдардын астында, мимбарга чыгып жанагы эки колу жок киши Куран Тафсиринен сабак берип жатканын көрөт . Сабак аяктап суроо-жооп башталганда, элдин баары суроо бере башташат.  Аларды көрүп жанагы кыргызбай дагы шейхке суроо берет: «Шейх! ? Сиздин эки колуңуз жоктугунан  суунун крайнигин оозуңуз менен ачканыныңызды көрдүм , ажат канада кантесиз ?)))) (өзү кыргыздар ушундай суроолорду берет эмеспи ))).  . Анан да,  эгер Колуңузду кайтарып берүүсүн Жараткандан суранасызбы ?”-десе аалым айткан экен: «Колум жоктугуна мен сүйүнөмүн! Адамдар кыяматта,  күнөөлөрүнө жооп берип жатканда тилдери сбзгө кирип: «Мен кылган эмесмин! »-деп моюнга албай коёт, Ошондо тилдери мөөрлөнүп андан соң алардын колдору сүйлөп берет! »-дегер аятты окуп берген экен .  (Йа син сүрөөсүн караңыз).  . Сиз бизге эмне нерселер берилсе кадырлайлы, шүгүр кылайлы! Эмне берилбесе ага сабыр кылайлы, анткени эмне керек аны бизге караганда Аллах Таалам жакшы билүүчүрөөк! Эмне керек болсо Аллахтан гана сурайлы! Көп адамдар адашат: “Балдарга 12 жаштан, кыздарга 9 жаштан намаз окуш керек! ”-деп.

Пайгамбарыбыз алайхис салам хадисте:

«Балдарыңарды 7 жашка келгенде намазга буюргула! »-деп келет.

10 жашта намазды толук билип калуусу керек. Дагы бир маселе : «Эгерде, багымдатка турайын деп, түнү дааратка сууну даярдап, будильник коюп, Аллага дуба кылып, багымдатка ойготкула деп, туугандарга эскертип, кечинде эртерээк жатып да көзүңүздү ачсаңыз саат 10 болуп калса , күн чыгып кеткен болсо анда Эстегенде казасын окуй бересиз, күнөөкөр болбойсуз!

Баарыбызга жакты. ээ?) Күнөөкөр болбойт экенсиң деп багымдатка турбай койбоңуз анан))) Аялыңыз ойготсо дагы, кары ака айтты күнөө болбойт экен, секин сүйлө! -деп уктап калбаңыздар.  Сиз биринчиден түндөсү 1-2ге чейин интернетте олтурбай Куптанды окуп эле уктаңыз.  «Куптандан кийин уктаңыз! »-деген кеп ушул.  Анан багымдатка ойготуусун Аллахтан сураныңыз.  . Дааратка сууну даярдап коюңуз .

Туугандарга: «Мени багымдатка ойготкула! ”-деп эскертиңиз.  . Будильникти коюңуз .  . Анан ошондо да тура албай, атайылап угуп туруп уктай берсеңиз анда крупный күнөөгө батасыз.  . Андан сактанайлы! Аллах Таалам. баарыбызды эки дүйнө бактылуу кылсын, Шейхтер ) Эскертүү катары.  .

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button