Ак-Талаада аракка каршы күрөш уланууда!
Айылдардын саны 5ке жетти, дагы 6 айылда жакында токтотулуусу күтүлүүдө
Ак-Талаа районунун арактан баш тарткан айылдардын саны 5ке жетти, бирок, акыркы жыйынтык эмес!
Бул ирээт арактын сатылуусуна бөгөт коюуу эстафетасы Терек айылы менен Жаңы-Талап (Куртка) айылында ишке ашырылылды. Бир ай мурун башталган бул акция районубузда өтө тездик менен тароодо. Аз гана убакыттын ичинде эле 5 айылда ишке ашырууга мүмкүн болду. Демек, аракеттенсек 17 айылда дагы ишке ашырсак болот.
Эсиңиздерге салсак буга чейин Кара-Бүргөн, Кош-Дөбөжана Жерге-Тал айылдарында жаштар тарабынан демилгеленип спирт ичимдиктерин сатуу токтотулганэле.
Жакынкы убакта дагы спирт ичимдиктердин сатылуусу Жаңы-Тилек, Ак-Чий , Ак-Кыя, Чолок-Кайың жана Коңорчок айылдарында токтотулаары күтүлүүдө. Коңорчок жана Чолок-Кайың айылдарында жалпы эл менен жолугушуу өткөрүлүп, арак сатууга бөгөт коюуу чечими кабыл алынган. Соодагерлерге 15-февралга чейин убакыт берилип, андан соң толугу менен токтотулмакчы.
Элдин ичкиликтен тажаганы көрүнүп эле турат. Ананчы, бул ичкиликтин кесепетинен канчалаган көйгөйлөргө кабылып, канчалаган жакын адамдарыбызды, кээ бир учурларда толугу менен бир муунду ажалдын колуна карматып кала бердик. Дагы канчасын карматабыз, дагы канча көйгөйдү баштан өткөрөбүз али бул табышмак. Бирок биз бир нерсени даана билишибиз керек. Эгерде ушул бойдон бул демилге улана бере турган болсо, өсүп келе жаткан муунду, али аракка көз каранды боло элек туугандарыбызды жана алардын жакындарын арактын себебинен келе турчу көйгөйлөрдөн арачалап калаарыбыз бышык. Эң болбоду дегенде ушул үчүн күрөшүү керек! Орустар айтмакчы, ради этого стоит бороться!
Четте карап турбай баардыгыбыз жапа тырмак күрөшөлү.
Кийинки эстафетаны кайсы ким, кайсыл айыл улайт…?