alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
ВидеоЖаңылыктарМедиаФото

Айжан Акылбекова «Элечегим-сыймыгым» аттуу флешмоб өткөрдү

21-июлда элечек кийген келиндер Бишкектин соода түйүндөрүн, базарларды кыдырып, Панфилов паркында, Ала-Тоо аянтында, коомдук транспорттордо жүрүштү. Улуттук баш кийимге кызыккандар көп болуп, элечекчен айымдарды көргөндө патриоттуулук сезимдери ойгонуп, кыргыз экенине сыймыктанып, толкундангандар элечекчен айымдар менен сүрөткө түшүп, апалар батасын берип жатышты. Көчөдөгү туристтердин оозун ачырган, суктандырган “Элечегим — сыймыгым” аттуу флешмобун белгилүү айым Айжан Акылбекова уюштурду. Белгилей кетсек, “Ак элечек апалар” долбоорунун демилгечиси Айжан Акылбекова буга чейин улуттук баш кийимди, дегеле, улуттук кийимдерди даӊазалап жүрөт. Албетте, ар бир улуттун өзүнүн улуттук кийими, тили, маданияты менен башка улуттардан айырмаланып келет эмеспи. Кыргыздын улуттук кийимдеринин унутулбай, уланып бара жатканына Айжан Акылбекованын салымы чоӊ. Айжан эжедей айымдарыбыз көп болсо, кыргыздын улуттук баш кийимин гана эмес кыргыздын баалуулуктарын сактап, келээрки муунга татыктуу өткөрүп беребиз деген үмүт бар.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button