alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Жаңылыктар

Африканын 4 өлкөсүндө 20 миллион адам ачарчылык коркунучунда турат

БУУнун коопсуздук кеңешинде 15 өлкөнүн тең бекитүүсү менен кабыл алынган Катчылыктын билдирүүсү жарыяланды.

БУУнун коопсуздук кеңеши Йемен, Сомали, Нигериянын түндүгү жана Түштүк Суданда кагылышуулардын айынан 20 миллион кишинин ачарчылыкка туш болгонун белгиледи.

Кеңеште 15 өлкөнүн тең бекитүүсү менен кабыл алынган Катчылыктын билдирүүсүндө 4 өлкөдөгү салгылашуулардын жаран калкка таасирине санааркоолор бөлүшүлдү.

Бул өлкөлөрдө кагылышкан тараптардын үзгүлтүксүз гуманитардык жардам киришине уруксат бербегендерине көңүл бурган маалыматта, 20 миллион кишинин ушул себептен ачарчылык коркунучунда турганы баса белгиленди.

Билдирүүдө тараптарга жардамдарга тоскоолдук кылбоо жана жарандарды коргоо чакырыгы ташталды.

Билдирүүдө БУУнун баш катчысы Антонуо Гутеррештен ушул төрт өлкөгө жардамдардын жарандарга жеткирлишине бөгөт болгон тараптарды тыюу жана маселеге чечим жолдорун камтыган отчет даярдоолору талап кылынды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button