alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

Өлүм жөнүндө ой-толгоо

Анас бин Малик (Алла андан ыраазы болсун):

«Жер адам баласына күн сайын мынабу он насаат менен кайрылат:

ЭЙ АДАМЗААДА!

1. Үстүмдө кезип жүргөнүң жүргөн. Бир күнү мага кайтып келээриңди эсиңе түйүп ал!
2. Бүгүн үстүмдө күнөөнүн түрүн жасап жүрөсүң. Бир күнү менин койнумда анын азабын тартаарсың
3. Бүгүн үстүмдө каалаганыңдай жүрөсүң. Бир күнү ыйлаарсың.
4. Үстүмдө күлүп-жыргап жүрөсүң. Бир күнү кайгы-мууңга батаарсың.
5. Үстүмдө (адал-арамды ылгабай) мал-мүлк топтогонуң топтогон. Бир күнү койнумда бушайман болоорсуң.
6. Бүгүн үстүмдө арам тамак жеп жүрөсүң. Бир күнү койнумда курттарга жем болоорсуң.
7. Үстүмдө бой көтөрүп манчыркайсың. Бир күнү койнумда кор болоорсуң.
8. Үстүмдө кубанып жүрөсүң. Бир күнү койнумда касырет тартаарсың.
9. Үстүмдө жарыкчылыкта жүрөсүң. Бир күнү астымда караңгыда жалгыз калаарсың.
10. Үстүмдө адамдар менен аралашып жүрөсүң. Бир күнү койнума жалгыз өзүң кирээрсиң!» дейт.
(Ибн Хажар ал-Аскаланий, Мунаббихат, 37)

? Тасаббуф китебинен.

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button