АалымдарМакалалар

ААЛАМДЫН ЭГЕСИ БИР ГАНА АЛЛАХ!

Чындыгында эле, адам баласы сырын билбегени себептүү көптөгөн каардуу болуп көрүнгөн нерселерге, адегенде, капаланат. Андагы жашыруун мээримди көрө албайт. Ал эми кээде кооз болуп көрүнгөн нерселерге алданып, ичиндеги катылуу каарды байкабаит.

Бул боюнча бир окуя айтылат:
Араб урууларынын биринде бир олуя адам бар эле. Бул уруу ал олуянын сөзyн угуп, пейилдерин ошого жараша оңдошчу. Бир күнү ал урууга таандык иттердин баары өлүп калат. Бул нерсеге таң калган эл дароо олуяга келип, окуянын жөн-жайын сурайт.
Олуя болсо бир аз өз жан-дүйнөсүнө чөмүлүп, терең ойлонгондон кийин:

– Иттердин өлүмү силердин кутулушуңар деп үмүт кыламын, – дейт.
Эртеси күнү короздордун баары өлүп калат. Буга да таң калган эл кайрадан олуяга келип, ошол эле жоопту алат:
– Короздордун өлүмү силердин кутулушуңар деп үмүт кылам.
Анда бир киши мындай деп сурайт:
– Таксыр, иттер кароолчуларыбыз, короздор болсо азаңчыларыбыз эле. Булардын өлүмүнүн бизге кандай пайдасы бар? Олуя төмөнкүчө жооп кайтарат:
– Бул сырдуу даанышмандыктарды Аллах Таала билет. Албетте, ал бул окуянын ичине акылыбыз жетпеген чоң сырды каткан. Андан кийинки түнү элдин баарынын оту күйбөй коет. Бардыгы: «Дагы кандай балээ келди болду экен?» – деп тынчсыздана баштайт. Бирок эртеси эртең менен бул окуялардын сыры чечилет. Көрсө, акыркы түнү ал жерге душман басып кирген экен. Бирок эч кандай иттин үргөнүн, короздун кыйкырганын укпай, оттун кyйгөнүн көрбөгөндөрү себептүү, баары айылды таштап кетишкен окшойт деп, кетип калышыптыр. Ушинтип калк чоң апааттан кутулган экен. Мына, адам баласынын илиминин алсыздыгы жана ырайымсыздык болуп көрүнгөн мээримдүүлүк.

А. Эйнштеийн мындай дейт:
«Ааламдын жаратуучусу тамаша кылбайт. Жараткан нерселеринин эч бири кокусунан, же эсепсиз эмес. Биз акылыбыздын жетишинче бул дyйнөнүн ырааттуулугуна жана теңсалмактуулугуна таң калабыз. Табиятты изилдеген ар бир адам динди урматтайт деп айта алам. Анткени ал Алла Тааланын кудуретин түшүнөт. Ушундан улам терең ыйманга ээ болбогон чыныгы окумуштуунун бар экенине ишенбеймин. Муну төмөнкүчө түшүндүрсөк болот: Кудайдын бар экенин билдирбеген илимдин болушу мүмкүн эмес. Илимсиз дин сокур, динсиз илим болсо аксак.»

Ушул сыяктуу, конкреттүү илимдер менен шугулданган канчалаган кайырдин окумуштуулар исламды кабыл алышты жана канчалары ыйман келтирбесе дагы, Алланын бар экенин моюнга алганга мажбур болушту. Бул – Курандын муужизасы.
Алла Таала мындаи дейт:

«(Чыныгы) илим ээлери Раббиңден сага түшүрүлгөн нерсенин (вахйидин) чындык экенин жана Хамид (даңктуу), Азиз (кудуреттyy) Алланын жолуна баштоо экенине көздөрү жетишет.» (Сабаъ: 6)

«Мунун чындык экени ачык болушу үчүн, аларга (адамдарга) мейкиндиктеги жана өздөрүндөгү белгилерибизди көрсөтөбyз. Раббиңдин бардык нерсеге күбө болгону жетиштүү эмеспи?!» (Фуссилат: 53)…

Ааламга ибарат алуу максатта караган ар бир көз андан бул белгилердин санак жеткис мисалдарын көрө алат: Бул дyйнөдө жалгыз гана адамдар жана жаныбарлар болгондо, табияттагы бүткүл кычкылтекти колдонуп, көмyр кычкыл газына айлантып, белгилүү убакыттан кийин көмүр кычкыл газына ууланып калышмак. Бирок бул ааламды жараткан Кудурет өсүмдүктөрдү да жаратып, аларга көмүр кычкыл газын кычкылтекке айлантуу жөндөмүн берүү аркылуу бул дyйнөнүн теңсалмактуулугун сактоодо. Ошондой эле Жаратуучу жер шарынын төрттөн үч бөлүгүн суу менен толтурган. Төрттөн биринин чоң бөлүгүн өсyмдyк өспөгөн тооташ, же чөл катары жараткан. Калган аз гана бөлүгү топурак. Бирок Алланын кудуретинин улуктугун карабайсыңарбы, бул топуракты өзгөрмөлүүлүгү жана бир абалдан экинчи абалга өтүүчүлүгү менен бүткүл жан-жаныбарларды азыктандыра турган азык-түлүк булагы кылган…

Албетте, көкүрөгү ачык адамдар үчүн ааламдардын Раббиси болгон Аллах Тааланын бул дyйнөдө көптөгөн апачык далилдери бар. Алланын достору бул чындыкты жүрөктөрүндөгү бардык сезим-туюмдар аркылуу кабыл алып жашашат. Анткени алардын жүрөктөрү жалган дyйнөдөн баш тартканы үчүн чындыкка жана Аллах Тааланын сырларына ээ болушкан. «Өлөрдөн мурун өлгүлө!» – деп, хадисте айтылгандай, напсинин тузактарынан кутулгандардын жүрөктөрү дайыма ойгоо болот жана көздү кызыктырган дyйyнөлүк кызыкчылыктардан айрылып, Аллах элчисинин руханиятында жашоого ээ болушат. Аларда Аллах Таала тууралуу кымындай да шек-күмөн туулбайт. Төмөнкү мисал – бул чындыктын апачык көрүнүшү:

Бир жолу чоң олуялардын бири Жунайди Багдади элдин баары бир тарапты көздөй шашылып баратканын көрүп, минтип сурайт:

– Каякка шашып баратасыңар?
– Баланча жерге бир аалым келиптир! Аллах Тааланын бар жана бир экендигин миңдеген далилдер менен далилдеп берет экен. Анын бул далилдеринен жана түшүндүрмөлөрүнөн пайда алганы баратабыз. Кааласаң, биз менен жүр! Анда Багдади аларга аргасыз жылмайып, минтип жооп кайтарган экен:
– Көргөн көздөр, уккан кулактар жана сезген жүрөктөр үчүн ааламда Аллах Тааланын сан жеткис далилдери бар. Эй, калайык-калк!
Буларга карабастан дагыле шек-күмөнү болгонуңар бар болсо, бара бергиле!
Биздин жүрөгүбyздө күмөндүн кыпыны дагы жок.
Бул маанини Алланы тааныган улуу инсандар мындай дешет:
«Негизинен, Аллах Таала көздөн кайып эмес. Бирок биздин чектелген мүмкүнчүлүк жана сезим-туюмубузду эске алуу менен «Көрүнүшүнүн күчтүүлгүнөн аны көзү көрө албайт»десе болот.»

Мисалы, бөлмөдө 5000 вольттук жарык жанса, адам бул жарыктын астында эч нерсени көрө албай калат. Аллах Тааланын көрүнүшү дагы так эле ушул сыяктуу. Тагыраак айтканда, адамдын дарамети Аллах Тааланы көрүүгө жетпегендиктен, ал кайып сыяктуу көзгө көрyнбөйт. Аллах Тааланын Муса Алейхиссаламга: ЛАН ТАРААНИИ «Мени көрө албайсың!» (Аьраф: 143) – деп айтышы ушул себептен улам….

Убаадат бин Саамит (Алла андан ыраазы болсун) деген сахабадан жазылып алынган хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай деген:

«Кимде-ким түн ичинде ойгонсо, мындай деп айтсын: Алладан башка кудай жок. Ал жалгыз – шериги жок. Бардык мал-мүлк аныкы, мактоолор ага таандык. Анын бардык нерсеге кудурети жетет. Аллах бардык кем сыпаттардан аруу, Аллах улук. Бардык ибадаттар үчүн керектүү болгон күч-кубат Алладан.»…

Андан соң пайгамбарыбыз мындай деди:

«Раббим! Мени кечир» – деп, дуба кылса, дубасына жооп берилет. Эгер даарат алып, намаз окуса, намазы кабыл болот.» (Бухарии, Тахажжуд, 21)

Дагы бир жолу мындай деген:

«Кимде-ким Алладан, же бир кишиден жардам сурагысы келсе, алгач жакшылап даарат алсын, анан эки ирекет намаз окусун. Андан кийин Аллах Таалага мактоолорду жана Расулаллага (саллаллоху алейхи васаллам) салават айтсын. Анан мындай деп дуба кылсын:
«Халим (жумшак) жана Керим (айкөл) болгон Алладан башка теңир жок.

«Аршы азамдын» Эгеси кемчиликтүү сыпаттардан аруу. Мактоолор ааламдардын Эгесине таандык. Йа, Рабби! Мээримиңе ортомчу болор амалдарды, кечиримиңе татыктуу кылган себептерди жана ар түркүн жакшылыктардан байлыктарды сурап, түрдүү кyнөөлөрдөн сак-саламат кутулууну каалаймын.
Йа, Рабби! Бардык күнөөлөрүмдү кечир, бардык муктаждыктарымды жойгун! Сен кайсы иштен ыраазы болсоң, ошону бер, Эй, өтө боорукер, өтө ырайымдуу Раббим!»…

Омииийн!!!

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Насиба Абдуллаева

Көптөгөн курч макалалардын автору.

Тектеш темалар

1 пикир

  1. Саламатсыздарбы!сиздерден Аллах ыраазы болсун,аябай жакшы маалыматтарды бересиздер.Мен дагыдин жаатында игтесемби жумуш тапсамбы дегенэлем,жаштарды жумушка аласыздарбы?

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close
Close