8 жаштагы Агилашка тез арада жардам керек!

Бул дүйнөдө баланын жылмаюусун көрүү кандай гана бакыт! Ар бирибиз балдарыбыз саламаттыкта, бейпилчиликте өсүүсүн жана билимдүү, сабаттуу, тарбиясы мыкты инсандардан болуп, мекенибиздин өнүгүүсүнө себепчи болуусун тилейбиз🙌.

1 660

✨Бирок, бул дүйнөдө бизди сыноолор куурчап турат…
Тилекке каршы, бир кичинекей ханыша кызыбыз мектепке барып, окуй албай калды😔.

📌Агилаш Рахматиллаева 2011-ж туулган. Төрөлгөндөн баштап “Туберозный склероз” ( Бурневил Прингл оорусу) менен ооруп жатат.

Бул оорунун себебинен мээде шишиктер пайда болуп, бул кыз чоңойгон сайын шишиктери көбөйүп, мээнин өрчүшүн токтотуп, башы катуу ооруп, талмасы көбөйүп, жакшы сүйлөй албай, окуй албай да калды.

📌Тез арада мээге текшерүү жүргүзүп, операция кылбаса, ооруу күчөп, талманын эң оор түрүнө өтүп кыздын сүйлөө речинен баштап, толук түрдө акыл эстин өрчүшү токтоп калуусу ыктымал.

📌Бул оорууну айыктырууну Самсун шаарындагы (Түркия) “Медикал Парк” балдар неврологиялык клиникасы макул болду. Операцияынын баасы: 150 миң АКШ доллары.

Байланышуу жолдору:

📞Агилаштын апасы: Жумабаева Жылдыз (+996774 692735)
📞Агилаштын атасы: Рахматилла уулу Нурланбек (+996508 321919)

💰Төлөмдү төмөнкү эсепке жөнөтсө болот: ОАО “Оптима банк”
Кыргызстандан акчаны сом валютасында которуу эсеп номери: 1092022000200047;

АКШ доллар валютасында акчаны которуу эсеп номери: 2008402099950001;
Россиядан рубль аркылуу которуу үчүн сбер картанын номери: 5469380082190132
(Карта Санжар Жумабаевдин атында)

Элсом номер:
0508321919

Үй-бүлөө учурда Ош шаарында, Черемушка районунда жашайт.
📝Мындай жарыялар көбөйүп кетти, деп көпчүлүк адамдар маани да бербей коюшу мүмкүн.
☝Бирок, бүгүн колдон келишибизче мусулман бир тууганыбызга жардам көрсөтсөк, Аллах Таала эртең бизге жардам көрсөтөөрү шексиз.

20 сом болобу, 100 с, 500 с , колдон келишинче, бул кыздын тагдырына кайдыгер карабаган инсандар акча которушса, буюрса тез арада чогулуп калат.

Бул жарыя 31 январь, 2019-ж. жазылды.
❗Бул маалыматты баардык тааныштарыңыздарга таратып коюуну өтүнөбүз❗

 

  1. Аноним жазды

    Эх Кудуретуу Аллахым озун жараттын бул дуйного шыпаанды бээр.

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.